Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

18-март күнү “Азаттыктын” кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 55 жыл толот. Радио ал убакта кандай шарттарда иштеген, алгачкы берүүлөрү кандай болгон? “Азаттыкка карай узак жол” түрмөгүнүн бүгүнкү чыгарылышында кабарчыбыз Венера Сагындык кызы радионун тарыхын көп жылдардан бери изилдеп келаткан публицист, орус кызматынын кабарчысы Иван Толстой менен маектешет.

- Ошентип, 1953-жылы Батышта жашаган советтик диссиденттердин уюмдары Америкалык антибольшевиктик кыймыл менен акылдашып-кеңешип отуруп, “Азаттык” радиосун ачуу тууралуу чечим кабыл алышат. Радиону уюштуруу, обого чыга баштаган алгачкы күндөрү кандай болгон?

- Радиодо иштеген адамдардын көбү бул ишке жаңыдан келген адамдар эле, профессионалдуу радиожурналисттер, дегеле ага чейин журналистикада иштегендер аз болчу. 1953-жылы 1-март күнү “Азаттыктын” орус тилиндеги эң алгачкы берүүсү обого чыккан. Ага албетте, жаңылыктар, дүйнөдөгү маанилүү окуялар, Советтер Союзундагы жашоо-турмуш тууралуу маалыматтар кирген. Эң алгачкы программалар балким, сапаты жагынан өтө жогору болбосо да, алардын максаты – агартуучулук экени айкын болгон. Советтер Союзунда катаал цензурадан, коммунисттик партиянын элегинен өтпөгөн бир да маалымат таратылчу эмес. Ошондуктан “Азаттык” радиосу чагылдыра турган темалар чексиз эле – керек болсо, ошол эле Россиянын тарыхында советтик цензурадан өтпөй калган окуя-фактылар, эмиграциялап кеткен, репрессияга кабылгандар, Советтер Союзунда жашырылып айтылбаган маалыматтар – ушулардын баары көп учурда тирүү күбөлөрдүн аңгемелери аркылуу баяндалган. “Азаттык” радиосу ошентип, дүйнө тууралуу либералдуу көз караштарды, эркин ой-пикирди чагылдыра баштаган жана 55 жылдан бери чагылдырып келатат.



55 жыл мурун “Азаттык” үналгысынын биринчи уктуруусу обого чыккан. Сүрөттө: композитор Вернон Дюк (Владимир Дукельский) Виктория Семенова менен Михаил Коряковго интервью берип жатат.

- Техникалык жактан кыйынчылыктар көп эле болсо керек.

- Албетте, эң 1-күнкү программаны алсак, ал күнү жана кийин бир канча айга чейин далай техникалык проблемалар болгон. Азыр экөөбүз студияда отуруп алып микрофон алдында аңгемелешкендей баары жөнөкөй болгон эмес. Анда экөөбүздүн маегибиз магниттик лентага жаздырылып, ал лентаны мотоциклчен бир адамга тапшырмакпыз. Ал мотоциклин шуулдатып айдап алып, Мюнхендеги башкы вокзалга бармак. Вокзалда ал лентаны поезддеги проводникке берет. Проводник 2 сутка поезд менен жүрүп отуруп, Германиядагы бир чакан шаардагы вокзалда күтүп турган дагы бир мотоциклчен кишиге тапшырат. Ал киши лентаны алып алып, калың токой арасындагы биздин передатчик жайгашкан жерге барып лентаны ойнотушу керек эле. “Азаттыктын” уктурууларын дүйнөгө таратуу иши бара-бара өнүгүп, кийин передатчиктер Греция, Тайвань, Испанияда орнотулган. 1953-жылдын аягынан тарта “Азаттыктын” үнү мурдагы Советтер Союзунун бардык аймагына жете баштаган.

- Сиз көп жылдардан бери чогулткан материалдарыңыздын негизинде даярдалган “Азаттыктын” тарыхы тууралуу программага кызыккандар көп болду. Бул кызыгуунун башкы себептери эмнеде деп ойлойсуз?

- Негизи бул жерде бир нече фактор бар. Ошол доорго кызыгуу азыркы тапта модага айланды, ретро деп коюшат эмеспи. 1950-жылдар азыр модада. Азыркы кийим, бут кийимдердин формасын карасаңыз, машинелер – Ауди, Фольксваген жана башка компаниялар ошол 1950-жылдардагы машинелердин формасын кайталай баштады. Анан албетте, ошол кезде дүйнөнү кайнаса каны кошулгус эки бөлүккө бөлүп салган “кансыз согуштан” адамзат аман калса, ал үчүн кандай аракет жасаган деп артка кылчаябыз. Анын сабактарын өздөштүрүп, керек болсо анда колдонулган ыкмаларды өрнөк катары пайдаланабыз.

- Ошентип, кансыз согуш жылдарындагы маалымат согушуна катышкан “Азаттык” радиосу тарап жеңди десек болобу?

- Радио, албетте, жеңди. Бирок анда иштеген канчалаган адамдардын ден-соолугуна, өмүрүнө келтирилген зыянды өлчөп болбойт. Инфаркт, депрессияларды санап отурбайлы. Коммунисттик КГБ жөн жаткан жок, Советтер Союзунда биздин радиодо иштеген адамдарды каралап-көөлөгөн материалдар байма-бай жарыяланып, алардын ал жакта калган тууган-жакындарына кандай гана кысым көрсөтүлбөдү. Германияда иштеп жүргөн журналисттерге коркутуп-үркүткөн каттар жөнөтүлүп, телефон чалып, кысым көрсөтүүлөр болгон. Ага чыдабай, иштен кетип калгандар да болду. Биздин радионун тарыхын изилдегендер Советтер Союзунда айтылбаган, жашырылган далай фактыларды табышат, ошондуктан бул биздин өзүбүздүн тарыхыбыз, XX кылымдын тарыхы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG