Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

11:40 Ош облгубернатордун мурдагы орунбасары Кушбак Тезекбаевдин соту 17-мартка которулду


Соттун дүйшөмбү күнгө жылдырылышына күбөлөрдүн сотко келбей жатканы себеп болду. Мындай маалымат 11-мартта шаардык соттон алынды. Ош облгубернатордун мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев менен облустун каржы-чарба башкармасынын башчысы Сеиткасым Жээнбековго жана Ош шаардык балдар спорт мектебинин деректири Тимур Камчыбековго байланыштуу сот иши өткөн айда Жалалабатта башталган. Тезекбаеав менен Жээнбеков Орусиядан келген гумжардамды мыйзамсыз таркаткан жана иш-кагаздарын жасаган деп айыпталууда. Тезекбаев менен Камчыбековго бийлик өкүлү болгон коомдук тартип сакчысына зордум-зомбулук көрсөткөн деген күнөө коюлган. Алар мындай айыптар менен макул эместигин билдиришүүдө. Камчыбеков болсо, аларга козголгон иште саясий боек көбүрөөк деп эсептейт. (YA)

XS
SM
MD
LG