Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

13:40 Орусияда өлгөндөрдүн саны тууралуу так маалыматтар жок


Орусияда ар түрдүү себептерден ажал тапкан Кыргызстандыктардан саны расмий маалыматтарда айтылганга караганда көп болушу ыктымал. Мындай пикирди Жалалабаттагы "Чоң кишилерди окутуу" деген уюмдун өкүлү Замира Муратова "Азаттыктын" кабарчысы менен баарлашуусунда билдирди. Анын айтымында, бир эле Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүндө январь айында ошол жерде жашап, бирок Орусияда иштеп жүргөн эки, февраль айында төрт адамдын сөөгү алынып келинген. Бир аял тажикстандык аял шеригинин заказы менен муунтуп өлтүрүлгөн, экинчиси оорунун айынан каза тапкан. Экөөнө тең иштеген жерлери компенсация төлөп берген. Замира Муратова Орусияда каза тапкан айрым кыргызстандыктардын өлүмү расмий катталбай кала берүүсү мүмкүн, деп эсептейт. (YA)

XS
SM
MD
LG