Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

13:54 “Кыргызөнөржайкурулуш" банкы сатылды


Социалдык фонд “Эркин Тоо” гезитинин бүгүнкү санына маалымдаганы боюнча, “Кыргызкредитбанк” ушул жылдын 18-февралында Соцфондго кат жолдогон. Анда аталган банк “Кыргызөнөржайкурулуш" банкынын көзөмөлдөөчү акцияларын сатып алганы, буга
байланыштуу Соцфонддон банкты банкрот деп таануу боюнча доо арызын кайтарып алууну өтүнгөн. Анда ошондой эле “Кыргызкредитбанк” “Кыргызөнөржайкурулуш" банкынын болгон карызын төлөп берүүгө милдеттеме алганы маалымдалган. Соцфонд буга макул болуп, 25-февралда район аралык соттон доо арызын артка кайтарып алган. Аталган банк Улуттук банктын чечими менен социалдык фондго болгон 500 млн. сом карызын төлөп бере албаганы үчүн банкрот деп табылып, консервацияга алынган . (AiJu)

XS
SM
MD
LG