Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

16:30 Укук коргоочулар Бишкектеги кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайынын жабылышын талап кылышууда


Кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайда адам укугунун жана ар-намысынын мыйзамсыз тебеленүүсүнө жол берилет, ошондуктан, мындай жайларды токтоосуз жабуу керек, деген талап жазылган кайрылуу менен бүгүн бир нече бейөкмөт уюмдар мамлекет башчыга, өкмөткө жана акыйкатчыга кайрылуу жолдошту. Бишкек Ички иштер башкармалыгынын алдындагы кабыл алып, бөлүштүрүүчү жай адамды эркинен ажыратуучу жай болуп эсептелет, ал эми адамды эркинен бир гана сот ажырата алат, деп белгилешет укук коргоочулар. Алардын эсеби боюнча өткөн жылы Бишкектеги кабыл алып, бөлүштүрүүчү жай аркылуу сегиз миңден ашуун киши өткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG