Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

11-мартта Бишкектеги “Ак кеме” мейманканасында миграция --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/02/70445A1A-8BA5-4025-B28F-25CD9DC92863.asp маселесине байланыштуу эл аралык жыйын башталды. Эки күнгө созула турган жыйынга Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкмөтү, парламентинин өкүлдөрү катышууда. Жыйын Миграция боюнча Эл аралык уюм тарабынан уюштурулуп, негизги максат катары эмгек миграциясына байланыштуу мыйзамдарды бир калыпка салууну көздөөдө.

Жыйынга катышып жаткан Россия жана Казакстан мигранттарды кабыл алуучу өлкөлөр болсо, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан атуулдарын эмгек миграциясына чыгарууга аргасыз болгон мамлекеттер.

Кыргызстандын миграция жана эмгек менен камсыздоо комитетинин төраймы Айгүл Рыскулованын айтымында, КМШ мамлекеттери миграция маселесин чечүүгө 10-15-жыл кечигип киришүүдө. Кыргызстандын өкмөтү да мурда бул маселеге көңүл бурбай келген. Кыргыз эмгек мигранттарынын негизги агымы болсо Россия жана Казакстанга багытталууда:

-Россиянын аймагында балдарын эсептебегенде 250 миң кыргыз мигранты эмгектенүүдө. Ал эми Казакстанда 30-40 миң адам иштеп жатат. Албетте азыркы кезде миграция болуп жатат жана боло бермекчи.

Рыскулованын айтымында, мигранттардын маселесин биргелешип чечүү үчүн жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү, иш менен камсыздоочу менчик агенттиктердин ишин жакшыртуу, керек болсо алардын биримдигин түзүү зарыл. Рыскулова ошондой эле эл аралык уюмдарга кайрылып, КМШ аймагындагы миграцияга байланыштуу мыйзамдарды текшерип, аларды бир кылкага алып келүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылдын тогуз айында кыргыз эмгек мигранттары мекенине 710 миллион доллар которушкан. Ал эми колмо-кол келген акчаларды кошуп эсептегенде миллиард доллардан ашып кетет.

Жыйында сөз сүйлөгөн Россия жана Казакстандын өкүлдөрүнүн айтымында, алардын өлкөлөрү үчүн эмгек күчү керек. Бирок алар үчүн адистиги бар мигранттар келсе максатка ылайыктуу. Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын төрагасынын орун басары Сергей Болдырев Россия эмгек мигранттарын кабыл алууда уруксат берүү системасынан маалымдама берүү системасына өткөнүн билдирип, келечекте эмгек миграциясы кандай уюштурулуш керектигине токтолду:

-Биз эмгек мигранттарын уюшкан түрдө алууга жана аларды жайгаштырууга өтүшүбүз керек. Бул деген жумуш берүүчү тараптын буйрутмасы менен кайсы бир өлчөмдө эмгекчилерди тийиштүү жерге алып баруу. Бул ишти мамлекеттик органдар да, менчик агенттиктер да жасаса болот.

Орус тараптын маалыматы боюнча, Россияда 133 өлкөдөн келген эмгек мигранттары иштөөдө. Алардын ичинен эң көп Өзбекстан, Кытай, Тажикстан, Украина, Кыргызстандан барышкандар. Маселен, Россияда катталган өзбек эмгек мигранттарынын саны өткөн жылы 344 миңден ашкан. Тажикстандан келген 250 миңден ашуун, ал эми Кыргызстандан 109 миңден көп эмгек мигранты расмий каттоодон өткөн.

Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо комитетинин төрагасы Жазбек Абдиевдин айтымында, Казакстанга 114 мамлекеттен эмгек мигранттары келет. Өлкөгө болсо жогорку квалификациялуу мигранттар керек. Андай адистерди Түркия, Кытай жана башка алыскы өлкөлөрдөн чакырууга аргасыз болууда. Анткени КМШдан келген эмгек мигранттардын көпчүлүгү эч кандай адистиги жок. «Биз үчүн коңшу мамлекеттерден жогорку квалификациялуу эмгек мигранттары келгени жакшы», - деген каалоосун айтты Абдиев.

Кыргызстандын миграция жана эмгек менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулованын сөзүнө караганда, Кыргызстанда да жогорку квалификациялуу адистердин таңсыктыгы байкалууда. Андан сырткары сырттан келген мигранттардын саны да арбып, аларды жөнгөрүү үчүн тийиштүү чаралар көрүү зарылдыгы келип чыгууда.

Жыйын шаршемби күнү улантылып, анда мигранттардын коопсуздугу, аларды социалдык жактан камсыздоо жана коргоо маселелери талкууланат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG