Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

17:30 «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын энбелгиси кабыл алынды


Бүгүн «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын координациялык кеңешинин жыйыны болду. Анда 19–мартта болуучу коомдук парламенттин кезектеги отурумун өткөрүү жана жакында өтүүчү элдик курултайга карата болгон даярдыктар жөнүндө сөз болду. 29–мартта болуучу курултайга жер–жерлерден 2000 адам делегат болуп шайланат, ага чейин бардык аймактарда курултай өткөрүлмөкчү. Жыйындын соңунда «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын энбелгиси кабыл алынды. Энбелги «Ак ийилет - сынбайт» деген маани берет. Координациялык кеңештин бүгүнү жыйынына А. Жекшенкулов, А. Эркебаев, Т. Сариев, Ө. Текебаев, М. Ниязов, А. Сасыкбаева жана Ч. Жакупова катышты. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG