Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Жазгүл Жамангулова, Чүй Ушул айдын башында Ысыката курортунун жанындагы «Мээрим-булагы» бассейинине 11- класстын окуучусу Азат Эрнис уулу чөгүп каза болгон. Бассейинде атайын куткаруучулардын жоктугунан жана ишке жоопкерчиликсиз мамиле жасагандын кесепетинен буга чейин да бир нече балдар чөгүп өлгөн, деп билдиришти жергиликтүү тургундар. Алардын айтымында, бассейиндин кожоюндары акча берсе кечкисин деле сууга түшүрө берет. Бирок бассейиндин бүгүнкү күндөгү ээси Элнура Дегенбаева мындай дооматка макул эмес, «тескерисинче жергиликтүү тургундар эч уруксатсыз, түнкүсүн деле сууга түшө беришет», - деп белгилейт. Мына ушундай жоопкерчиликсиз мамиледен улам он жети жаштагы Азат Эрнис уулу бассейинге чөгүп каза тапкан.

- Менин атым Нооруз, биз балдар менен чогуу сууга түшкөнү барган элек. Мурун деле түшүп жүрчүбүз. Ысыката курортуна барып жумуртка суудан ичтик. Анан бассейинге түшкүбүз келип бардык, эшиги ачык экен. Ичинде башкаларда түшүп жатыптыр.

- Акча бердиңерби?

- Жок, биз жергиликтүү тургундар ушинтип эле түшүп жүрчүбүз. Беш бала элек. Анан биз чайканып чыгалы десек эле Азат жок. Биринчи аны кийинип жатса керек дедик. Бирок аны он мүнөттөн кийин суунун түбүнөн көрдүк. Суу терең экен, чыгара албай калдык. Эшикти да сыртынан бекитип коюптур. Бир топко буйдалып куткаруучу издегенче баарына кеч болуп калды.Көрсө эчак эле Азат сууга тумчугуп каза болуп калыптыр.

Беш окуучу бала ошол күнү Ысыката курортунун жанындагы «Мээрим-Булагы» бассейинине кечки 8:00 чамасында келишкен. Бассейиндин ошол күндөгү кароолчусу Аман Асанкожоев болсо сууга түшүп жаткан балдарды көргөнүн, алар мас болгондуктан эч кандай каршылык көрсөтө албай эшикти сыртынан бекитип кете бергенин белгилеп жатат. Ал эми бассейиндин бүгүнкү күндөгү жетекчиси Элнура Дегенбаева:

- Түндөп эч уруксатсыз эле тордон ашып түшкөн жериликтүү адамдардан биз тажап бүткөнбүз. Ушул окуядан кийин кечинде уурданып киргендер адатын токтотот деп ойлойм. Биз канча ирээт түнкүсүн өзү каалагандай сууга түшө бергендерге эскерткенбиз. Жада калса жакында биздин бассейинди кайтарган итибизди да атып кетишти.

- Эмне себептен түндө ал жерде кароолчу турбайт?

- Кароолчулар бизде саат 8:00-18:00 чейин гана иштейт. Алар дагы темир эмес да. Кечкиге эч ким жооп бере албайт. Эгер түндө коноктор келип сууга түшөбүз десе, биз макул болбойбуз кетип калат. Ал эми жергиликтүү тургундарга баары бир.

Бассейиндин бүгүнкү күндөгү ээси Элнура Дегенбаеванын айтымында, азыр бассейинден түшкөн акча жетим бардар үйүнө жумшалат. Ошондуктан атайын куткаруучуларды, кароолчуларды ишке алууга акчабыз деле жок, дейт ал. Ал эми жергиликтүү тургундар «Мээрим–Булагы» бассейини негизинен акча табыш үчүн гана курулган, шарты такыр талапка жооп бербейт деп белгилешет:

- Мен Малик Сулайманов. Мен каза болгон баланын жакыны болом. Бул бассейин биздин эле жамандыктан бөлөк эч нерсе алып келген жок. Буга чейин бир топ жаш балдар сууга чөгүп каза болгон, бул акыркы деп эч ким айта албайт. Ошонун баары бассейинди иштеткендердин шалаакылыгы, атайын куткаруучулардын, кароолчулардын жоктугу. Бул жерде атайын догдурлар да жок. Сууга каалаганы түшө берет. Жылуу суу токтоосуз агып турат. Алар өздөрү акча үчүн кечкисин да адамдарды бассейинге түшүрөт.

Мына ушул маанайдагы пикирлерди биз жергиликтүү тургундардын көбүнөн эшиттик. Алардын белгилөөсү боюнча талапка жооп бербеген бассейинди курортко өткөрүп берип же жабыш керек. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар былтыр жазында жолду да тозушуп, бийликтен маселени оң жагына чечип берүүнү талап кылган эле. Бирок бул күнгө чейин «Мээрим-Булагы» бассейинине байланышкан иш сотто жатат. Жергиликтүү бийлик болсо азырынча эч кандай аракетин көрсөтө элек, деп нааразыланат тургундар.

Ал эми учурда Азат Эрнис уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бирок келген тергөөчүнүн окуяны толук иликтөөгө албай бир жактуу мамиле кылганына наарызы болгон айыл тургундары кечээ жергиликтүү бийликке кайрылуу кылышты.

Бассейиндин ээлери болсо, бул жетим балдар үйүнө белекке берилген, бассейинге ээлик кылууга эч кимдин акысы жок деп эскертүүдө. Бирок бир катар каргашалуу окуяларга тушуккан эл чогулуп, "бассейинди толук талкалап салабыз, бизге мындай бассейиндин кереги жок" деп талап коюп жатышат.
XS
SM
MD
LG