Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Кыргызстандын айыл чарбасына колдоо көрсөтүү, жайыт, ветеринардык кызмат, дыйкандарга кеп-кеңеш, маалымат берүү системасын жолго коюуга Дүйнөлүк банк 24,1 миллион доллар грант акча бөлүүдө. Жаңы долбоор жайдан тарта ишке киришмекчи. Ал эми үрөнчүлүктү өстүрүү, бул жаатта генетикалык ресурстар топтомун түзүү сунушун Швециялык эларалык өнүгүү агенттиги – SIDA билдирди.

Өткөн жылы айыл чарбасындагы өсүш болгону 1,4% араң жетти. Антип ташбака жылыш менен келаткан тармактагы абал жыл соңуна чеийн ашып барса 4% өйдөлөшү мүмкүн экендигин өкмөт күнмурунтан болжолдогон эле, ал да ишке ашпай калды. Академик Жамин Акималиев айыл чарбасы тууралуу арбын сөз болгону менен мамлекет тарабынан ага чындап көңүл бурулбай келатат деген пикирде:

- Каражаттын жоктугу, техниканын начардыгы, күйүүчү майдын кымбаттап кетиши, кыскасы, жалпы жонунан биздин мамлекет, өкмөт тараптан айыл чарбасына, анын ичинде дыйканчылыктын түшүмүн жогорулатууга көңүл бурбай келатат. Бул биздеги айыл чарба саясатынын жоктугунан болуп жатат.

Кыргызстандын Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлиги жакында ветеринардык кызматты өнүктүрүүнүн жолдорун белгилеген стратегиялык программа кабыл алды:

- Көп жылдар бул тармакка, айрыкча дары жагынан, бодо малдардын тукумун жакшыртуу, жалпы эле айыл чарбасына жакшылыктуу көңүл бурулбай келген . Мына бизде малдоктурлар жетишсиз, 29% гана адистер иштейт. Кийинки 17 жыл ичинде бир да жаш малдоктур келген жок. Малдоктурлардын орточо жашы 45 – 47. Жаштардын малдоктурлукка келбей атышынын бир себеби айлык акынын аздыгына байланыштуу, - дейт Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Мамытова.

Ушу тапта министрлик “Жаш малдоктур депозити” программасын ишке киргизүүнү көздөөдө. Буга чейин элетке барып иштеген жаш мугалим менен дарыгердин эсебине ай сайын акча салып туруу жөрөлгөсү жасалып келсе, эми ал катарга жаш малдоктурлар да кошулганы туру.

Ж.Мамытованын ырасташынча, ушу тапта Ветеринария департаменти жер-жерлерде иштеп жаткан адистерин тийиштүү жабдыктар менен камсыздоого киришти. Малдоктурлар үчүн миңден ашуун дары сактоочу атайын баштыктар сатылып алынды. Дарыларды белгилүү температурада сактоого ылайыкталган ал баштыктар жакын арада жер-жерлерде иштеп жүрүшкөн малдоктурларга таратылмакчы.

Мурунку колхоз-совхоздор майда дыйкан чарбаларга бөлүнгөнү которуштуруп айдоо ыкмасы унутта калтырылып, анын айынан дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү кескин азайып кеткенин акдемик Жуман Акималиев белгиледи:

- Кийинки жылдарда мынабул которуштуруп айдоо дегенди эчким пайдаланбай калды да. Которуштуруп айдоо жыл сайын бир эле өсүмдүктү сеппестен, бир нече өсүмдүктү кайра-кайра сээп, анан ошонун арасына сөзсүз бедени себиш керек. Ошондо жер өзүнөн өзү семирип, өзүн-өзү тамак-аш менен камсыз кылып, отоо чөп аз болот. Зыянкеч чөптөр да аз чыгат. Ошонун баарын таштап койду.

Үрөндөрдүн генетикалык банкын түзүү Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунда буга чейин эле колго алынган:

- Эми генетикалык банк боюнча биз иштеп жатабыз,- дейт Ж.Акималиев. – Ал банк эмес, башка бир уюм IKAR боюнча биз куруп аяктап жатабыз.

Дүйнөлүк банктын 24,1 миллион долларлык грант акчасы мал чарбасын, асыресе ветеринария кызматын колдоо, жайыттарды башкарууну жакшыртууга багытталган. Беш жылга эсептелген долбоордун кайрымжысы кандай болорун убакыт көрсөтөт. Анын үстүнө кыргызстандыктар 1995-жылкы кой чарбасын өнүктүрүүгө деп бөлүнгөн 16,8 миллион доллар кредиттин эмдигиче эсебин табыша элек. Карыз акчаны ошол эле Дүйнөлүк банк бөлгөн.
XS
SM
MD
LG