Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

БРИТАН ӨКМӨТҮНӨ МУСУЛМАНЧА КАРЖЫЛОО ЖАКТЫ


Амирбек Усманов, Прага Мусулманчылык карыз берип, сүткорлук кылууга тыюу салат. Сүткорлук ислам жолоюн тутунбаган банктардын негизги иш принциби. Британия шарият жобосуна ылайык, өнүмү жок баалуу кагаз чыгарууну мерчемдөөдө. Бул план бекитилсе, британ мусулмандары финансылык жактан шарият жобосуна жараша тейлене баштайт. Ошондой эле дүйнөнүн финансылык ордосу саналган Лондондун эларалык ислам финансы борборунун бирине айлануусуна өбөлгө түзүлөт.

Британия өкмөтү банктардын карыз берип пайда көрүү ыкмасына катар эле каржылоонун шарият жобосун же сүкүктү киргизүүнү караштырууда. Бул план ишке ашса, британ банктары да карызды түздөн түз пайда алып келбеген долбоорлор үчүн да берчү болот:

-Бул жер же кыймылсыз мүлк болушу, же аэрокеме, же деңиз кемеси, же жабдууларды долбоорлоо болушу мүмкүн, - дейт Лондондогу Norton Rose банкынын исламча каржылоо боюнча улук юристи Дэвид Барзилийе.

Акча кыймылсыз мүлккө салынса, сүкүк аманатчыга кандай киреше берет?

--Биз, инвестор катары сиз банкка аманатка берген акчага кыймылсыз мүлк сатып алып, экономика үчүн пайдаланабыз: бизнес ачабыз. Инвестор кирешени мүлккө салынган үлүшүнө жараша алат, деп түшүндүрөт Барзилийе.

Банктарда сүкүктү киргизүү маселесин британ парламенти шаршемби күнү карайт. Эгер парламент планды жактырса, Британия келерки жылдын башынан тартып, сүкүк баалуу кагазын мамлекеттик деңгээлде чыгарган биринчи бейисламий өлкө болот.

Британиянын финансы министри Китти Ушер айым сүкүккө өтүү «Лондонду дүйнөдөгү ири ислам каржы борборуна айлантат» деп ишенет. Бирок британ парламентинин оппозициячыл мүчөсү Эдвард Лэй сүкүк өлкөдө чоң проблеманы жаратат деп кооптонот.

Сүкүктү Германиянын Саксония-Анхальт жери 2004-жылы колдонууга киргизген.

Сүрөт islamnews.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG