Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

ЖУРНАЛИСТ САИПОВДУН ЫСМЫ ЭСКЕРҮҮ ТАКТАСЫНА ЖАЗЫЛДЫ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек 26 жашында буйрутма өлүмгө дуушар болгон көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2007/10/46D5F488-DF92-455F-AEAC-50CF3FD6CDED.asp аты Вашингтондогу “Журналистика музейиндеги” эскерүү тактасына жазылды. Музейдин эскерүү тактасында кызмат үстүндө ар кандай жагдайда курман болгон 1800 журналист, сүрөт-кабарчылардын аттары жазылган. Маркум Алишер Саиповдун аты бул эскерүү тактасына Борбор азиялык журналисттердин ичинен алгачкысы болуп жазылды. Анткен менен Кыргызстанда журналист Саиповдун өлүмүн иликтөө белгисиз себептер менен кечеңдеп жатканына коомчулукта кабатырлануу күч алды.

Анна Политковская, Пол Хлебников, Георгий Гонгадзе сыяктуу киши колдуу болуп өлгөн журналисттердин аттары Newseumдун эскерүү тактасында. Тилекке каршы эми бул тактанын тизмесине белгилүү көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун аты дагы кошулду.



“Свобода не знает границ. Власти Узбекистана как-то пытаются контролировать границу с помощью своих кыргызских коллег, с помощью своих таджикских коллег…”
(Алишер Саипов, “Америка добушу” үналгысы, 2007-жыл)

Алишер Саипов өткөн жылдын октябрь айында Ош шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ал “Америка добушу”, “Эркин Европа/Азаттык” үналгыларынын кабарчысы, “Сиёсат” деген жумалык гезиттин редактору жана бир катар эл аралык басма сөз булактарына такай жарыяланып турган Борбор Азиадагы белдүү, көз карандысыз журналисттердин бири эле.

Саипов өз макаларында Өзбекстандагы саясий бийлик, сөз эркиндиги, адам укуктарына өзгөчө токтолуп, натыйжада расмий Ташкенттин “каарына” калган. Андыктан Саиповдун өлүмү анын журналисттик кесиби менен байланышта экенин бир катар жергиликтүү жана эл аралык адистер айтып чыкканы да күтүүсүз билдирүү эмес.

Анткен менен расмий тараптар бул окуя тууралүү жеткиликтүү маалымат бербей жатышат. А түгүл бул боюнча иликтөө токтотулганын Кыргызстандын ички иштер министри Конгантиев буга чейин билдирген. Министр Саиповдун өлүмүндө саясат, баңги зат, диний уюмдар менен байланышкан негиздер каралып жаткандыгын айткан. Бирок бул негиздердин арасында журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү аталган эмес. Учурда иликтөө кайрадан жанданса да кылмышкерлер аныкталып, кылмыштын бети качан ачылаары белгисиз.



ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитовдун айтуусунда, Молдомуса Конгантиев бул иликтөө ишин министрдин түштүк аймагы боюнча орун басары Жакыпов Жеңишке тапшыргандыгын жана кайрадан тергөө иши жандангандыгын билдирди:

-Алишер Саиповдун иши боюнча - адам өлтүрүү фактысы тууралуу эч кандай тергөө иши жүргүзүлбөй токтоп калган экен. Ошону министр лично министрдин орун басарынын көзөмөлүнө коюп, министр өзү дагы контролго алып жатат. Министр кылмыштын бетин сөзсүз ачышыбыз керек деп тапшырма койду. Азыр оперативно-следственная группа кошумча балдар менен иштеп жатат.

Ал эми Алишердин атасы Аваз Саипов уулунун өлүмүн иликтөө иши кайра колго алынгандыгын жана иш натыйжа берерине ишенип тургандыгын айтты:

-Мен азырынча ишенип турам эми. Азырынча - мен ошону тактап айтып коеюн. Эмнеге дегенде, бул жаңы болгон министр СМИден, телевидениден расмий айтты, азырынча ишенип турам. Себеби менин жеке пикиримде биз Орто Азияда аз да болсо укуктук мамлекетте жашап жатабыз деп ойлойм. Эгерде жыйынтык чыкпаса, анда дагы бир башка ойлорум бар менин.

Ошондой эле Аваз Саипов милиция органдары Саипов өлтүрүлгөндөн кийин ыкчамдуу түрдө кылмышкерди кармоо аракетин көрсө, кылмыштын бети эбак эле ачылмак дейт:

-Алар чоң аракет кылганда өлтүрүү болгондо кылмышкерлерди кармап калуу мүмкүн эле, а булар анткен жок. Муну мен расмий айтайын, муну мен милиция кызматкерлерине да айттым. Милиция башка жол менен кетишти, - деген Саиповдун атасы уулунун эч кандай бир саясий, ишкердик же диний топтор менен байланышы жок болгондугун белгилеп, Алишер Саипов көз карандысыз, таланттуу журрналист катары таанылгандыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG