Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

ТЕРРОРЧУЛУК: АЛ ЖЫЛАНГА ТЕТЕБИ?


Түркиянын борбор калаасы Анкарада терроризмге каршы күрөш боюнча эки күндүк Эл аралык симпозиум шейшембиде өз ишин аяктады. Симпозиум учурунда армиянын штабынын төрагасы генерал Яшар Бүйүканыт, батыштык өлкөлөрдү террорчулука каршы күрөшкө эгоисттик-кууш көз караштан мамиле жасап келүүдө деп сынга алып, ыктымал өзөктүк террор коркунучтарына каршы эскертти.

“Глобалдык терроризм жана эл аралык кызматташтык-2” деп аталган эки күндүк симпозиумга, БУУ, ЕККУ, НАТО, Тынчтык үчүн Өнөктөштүк жана Жер Ортолук Диалогу аталган уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар эл аралык адистер катышып, анда эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн маселелери талкууга алынды.

Симпозиумдун ачылышында чыгып сүйлөгөн Түркиянын аскер штабынын төрагасы Генерал Яшар Бүйүканыт, ПКК жикчил уюмун жөлөмөлөп келген өлкөлөрдү сынга алды:

-БУУнун терроризмге каршы күрөшүү тууралуу кабыл алган токтомдоруно карабастан, жасаган террактыларын каржылоодо маң зат бизнеси жана мыйзамсыз адам аткезчилигин бүт Европа боюнча чоң секторго айлантып алган ПКК террор уюмуна каршы биздин батыштык досторубуздун акыл-эске сыйбаган толеранттуулугу, биз болтурууга тырышып жаткан өз ара кызматташтыкка зыян тийгизүүдө.

Генерал Бүйүканыт мындай өлкөлөргө каршы БУУнун эмбарго механизмдери ишке тартылуусу зарыл экенин билдирди. Кансыз согуш мезгилинде өлкөлөр бирин-бири туруксуздашдырыш максатында, толук кандуу согуштардын ордуна төмөн ургаалдыктагы кагылышуулардан жана терроризмден тымызын же ашкере түрдө пайдаланышканын эске салган генерал Бүйүканыт:

-Терроризмди бул же тигил түрдө жөлөмөлөш - заардуу жыланды бакканга тете жорук. Багылган жыландын баккан кишини чакпай турганына эч ким кепилдик бере албайт. Терроризмдин бумеранг таасири эртеби, же кечпи баары бир, террорду колдогондорго кайтып келет, - деди.

Террор уюмдары түркүн маалымат каражаттары аркылуу бурмаланган маалыматтарын жайылтып, эл-аралык коомдук пикирди такай эксплуатациялап келатканына көңүл бурган генерал Бүйүканыт өзгөчө маалыматташуу технологияларындагы зор жетишкендиктер, согуш майданына сибер мейкиндикти да кошконуна басым жасады.

Пакистандагы кийинки өнүгүүлөргө да токтолгон Бүйүканыт, эгерде Пакистанда талибдер өңдүү топтор тизгинди колго ала турган болсо, дүйнө алгачкы жолу, өзөктүк куралга ээ бир террор уюму менен беттешип кала турганын билдирди.

Таанымал америкалык тарыхчы, терроризм тууралуу көп сатылган китептин автору Андреев Манго дагы симпозиумда билдирүү жасады. Терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташтык жана маалымат алмашуу парз экенин айткан Манго, бүгүнкү күндүн илдети терроризмге каршы эл аралык кызматташтык кийинки аралыкта кыйла күчтөнгөн менен, террорчулукту алдын-алыш үчүн алдыда али көптөгөн жумуш турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG