Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

БУУ: АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТТАШЫ ТАЛАПТЫ ДАГЫ КҮЧӨТТҮ


Амирбек Усманов, Прага Азык-түлүктүн кымбаттоосу Улуттар Уюмунун дүйнөнүн тамак-аштан тартыш элдерине чукул жардам көрсөтчү агенттигин көйгөйгө салды. Мисалы, ундун наркы өткөн жылга салыштырмалуу 80 проценттен көпкө өстү. Анын кесепетинен, БУУнун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/78DE7987-CCF0-4C41-8B5B-6F591A97762C.asp Азык-түлүк агенттигине кошумча дагы жарым миллиард доллар керек болууда. Баанын өсүүсү агенттиктин азыркы талапты аткаруусуна кедерги болгону аз келгенсип, буга дейре тапканы курсагына жеткен адамдарды да муктаждыкка түртүүдө.

БУУнун Азык-түлүк агенттигинин билдиришинче, акыркы тогуз айда ун, май сыяктуу негизги тамак-аш азыгынын наркы 40 процентке өскөн. Мунун кесепетинен жарды-жакыр элдерге былтыр пландалган азык түлүк жардамын көрсөтүү үчүн агенттик 500 миллион доллар көп сарптоого тийиш, дейт агенттиктин өкүлү Рубин Лодж:

- Күтүлбөгөн жагдайды же келечектеги баанын кымбаттоосун эсепке албаганда, мурда эсептелген план боюнча 78 өлкөдөгү 73 миллион адамдын азык түлүк муктаждыгын камсыздашыбыз керек. Ал үчүн былтыркы эсептегенибизден жарым миллиард доллар көп керек. Өткөн жылы быйылкы бюджетибиз 2, 9 миллиард доллар болот деп эсептегенбиз. Бирок азык-түлүк менен унаанын кымбатоосунан улам азыр эми 3, 4 миллиард доллар керек.

Агенттик жетпеген акчаны Улуттар Уюмун каржылаган өлкөлөр соопкерчилик үчүн берет го деген үмүттө.

Азык-түлүккө болгон баанын 40 процентке жогорулашы буга чейин маянасы тамак-аш каржысын жапкан үй-бүлөлөрдүн абалын оорлотту. Абал, айрыкча, алиге согуш оту басылбаган Ооганстанда чатак:

-Ооганстанды алсак, январдын аягында президент Карзай 2, 5 миллион адамды азык-түлүк менен камсыздоо үчүн кошумча дагы 77 миллион доллар сураган. Бул адамдар күйүүчү майдын кымбаттоосунан улам ачка калышууда. Негизинен шаар жеринде жашаган бул адамдардын тапканы мурда өздөрүнө жетчү. Азык-түлүк кымбаттагандан кийин алар өздөрүн бага албай калышты.

Рубин Лодждын айтышынча, демейде дүйнөнүн кайсы бир өлкөлөрүндө кургакчылык же табигый кырсык болсо, андай аймактын калкына жеткидей азык-түлүк табылчу да, дүйнөлүк базарда эч кандай тартыштык сезилчү эмес. Азыркы тартыштык негизинен дан азыктарын күйүүчү майга пайдаланууга, миллиард калктуу Индия жана Кытайда элдин керектөсүнүн өсүшүнө байланыштуу:

- Азык түлүктүн кору олуттуу азайды. Ага баанын өскөнү өзгөчө таасир этти. Андан да азык-түлүк жана күйүүчү майды керектөө, дандан күйүүчү май өндүрүү өсүүдө. Мисалы, Индия жана Кытайда этке талап көбөйдү. Анын натыйжасында, данды жемге пайдалануу өстү. Бул дан адамдарга азык катары колдонулушу мүмкүн эле.

Ал эми АКШда жүгөрүнү өндүрүштүк максатта пайдалануу соңку бир жылда 18 процентке өскөн. Дүйнөлүк базарда сатылган жүгөрүнүн үчтөн экисин америкалык фермерлер өндүрөт.

Сүрөт www.epochtimes.ru интернет баракчасынан алынды

XS
SM
MD
LG