Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

07:15 А. Жекшенкулов: «Де Факто» жана «Алиби» гезиттерине карата сот териштерүүсү- саясий тапшырма


Мындай пикирин «Акыйкат үчүн» кыймылынын координациялык кенешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, коомдо болуп жаткан саясий абалды бийлик жакшы түшүнбөй жатат. Сот Акүйдүн көрсөтмөсү менен чечим чыгарып келаткандыктан, бул эки гезитке карата чечим акыйкат болоору күмөндүү, дейт А.Жекшенкулов. Президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “кадыр баркыма шек келтирди” деп, макаланын авторлору 500 миң сомдон жана редакция 1 млн. сомдон төлөп берүүсүн талап кылып сотко кайрылган. «Де факто» гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова муну саясий кысым катары балоодо.(MSu)

XS
SM
MD
LG