Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

9:30 «Ак жол» фракциясы Казакстан ээлик кылууга аракеттенген Ысыккөлдөгү пансионаттарга байланыштуу маселени бүгүн карайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. Фракция ошондой эле Коргоо министрлигине байланыштуу мыйзамды жана Кумтөр келишимин карашы күтүлүүдө, деп белгиледи Исабеков. Ысыккөлдөгү төрт пансинатты 2003-жылдагы өкмөттөр аралык келишимге ылайык Казакстанга өткөрүп берүү каралган. Бирок парламент көп жылдан бери ал келишимди ратификациялоодон баш тартып келет. Март айынын аягына кыргыз президентинин Казакстанга сапары белгиленген. Парламент ал сапарга чейин пансионаттар маселесин чечүүгө тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG