Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

9:59 Аксы окуясы кыргыздын жүрөгүнөн тамчылаган кан-ал адилет баасын алган жок


Мындай пикирин «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Адилет министри Марат Кайыпов 17-мартта Аксыда боло турган Элдик сотту айыптап, аны уюштуруучулар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгүн эскертүүдө. «Бул азыркы бийликтин Аскар Акаевди колдоосу жана анын саясатын улануусу. Биз коркутууларга көнүп калганбыз жана андай аракеттер менен бизди чочутуу мүмкүн эмес»,-деп белгиледи Топчубек Тургуналиев. «Аксы окуясы адилет баа берилбегендиктен, эл өзү баасын берип, күнөөлүүлөрдү атоого аракеттенүүдө»,-деп кошумчалады партия лидери. Аксы окуясы боюнча Элдик сот 17-мартта Аксы районундагы Каражыгач айылында болору белгиленүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG