Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46
Бүгүн жарык көргөн “Московский Комсомолец Кыргызстан” гезити кабарчысы Елена Агееванын президент К.Бакиевге макала-катын басты. Кат: “Великий ШОКОВЫЙ путь” деп аталат. Автор минтип жазат. "Жолдош президент, Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы деген ардактуу ордун спикерликке алмашып кетип, сиз идеолгия жаатын кимге тапшырарыңызды билбей турган кезде мен бир катар идеаларымды алдыңызга жайгым келип туру. Мисалы депутаттар кызыл кылгысы келип аткан 24-марттын урматына Кыргызстандын бардык окуу жайлары менен мектептеринде: “Мародер бүгүнкү адамдын жандүйнөсүнүн күзгүсү”, “Нурлан Мотуев биздин замандын каарманы”,”Турсунбек Акун караңгы падышачылыктагы жарыктын шооласы”, “Парламент-биздин доордун акылы, абийри жана ар-намысы”, “Баатыр шаар Жалал-Абад мандалак революциясынын бешиги” деген темадагы агартуу лекцияларын өткөрүүнү сунуштайм. Ошондой эле алдыда майрамдай турган 24-март күнү шаардыктарды, өзгөчө чет элдик меймандарды “Күжүрмөн мародердук даңктын” ээлери болгон-Бета Сторес, Гоин жана башка соода борборлоруна бекер экскурсияга алып чыгуу зарыл деп ойлойм. Анан бул даңктуу майрамдын ардактуу меймандары катары Эшимкановду, Атамбаевди, Карабековду, Суваналиевди жана башка революционерлерди чакырып, баарына “Эмгек сиңирген ардагер мандалак” деген ардак наам ыйгаруу керек. Баса сизден мурдагы президенттин куурчак-сөлөкөтүн жасатып туруп аянтка коюп койсо болот, жек көргөндөр каалаганда келип, 10 сомдон төлөп туруп диктатор, узурпатор, терминатор Акаевдин бетине түкүрүп кетип турсун",- деп какшык аралаш катын аяктайт.

Ушул эле гезит 17-марттан тартып Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндөгү муниципиалдык 143 лифт ишин эскилиги жеткендигине жана адамдардын өмүрүнө коркунуч апкелиши мүмкүндүгүнө байланыштуу токтотуларын, экологдордун божомолу боюнча 2100-жылга чейин Кыргызстандын майда мөңгүлөрүнүн баары ээрип жок болорун, Кыргызстандын мектеп окуучулары мындан ары паспортту окуу жайларынын өзүнөн ала баштарын, шаардын кургак учукка каршы ооруканасы жакында Бишкектин чет жакасына көчүрүлөрүн, оорукананы оңдоо үчүн Немис банкы 800 миң евро бергенин маалымдады.

“Дело №...” гезити 1-бетине “Киллер Мамбеталиевдин соту төртүнчү күнгө калды”, “Эларалык Валюта Фонду бул жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болот деп айтууда”, ”Жаңы архитектор Бишкекти чыныгы борбор шаарга айланта алабы?”, “Баарына эле такырбаштар күнөөлүүбү?” деген темаларды алып чыкты. Эми алардын айрымдарынын мазмуну менен окурмандарыбызды тааныштыра кетели. Гезит Эларалык Валюта Фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Жеймс Макхью менен аңгемелешип, бар катар суроолорго жооп алган. Фонд өкүлүнүн айтымында 2008-жыл Кыргызстан үчүн кыйла оор жыл болот. Ушу тапта азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баа ылдам көтөрүлүүдө. Ошон менен катар эле нефти жана электр энергиясын керектөө өсүүдө. Кыргызстандагы инфляцияын жогорулашы көбүнчө мына ушул тышкы факторлогро байланыштуу болот деп айтты.

Кабарчынын, “Кыргызстандын Эларалык Валюта Фонду менен иштешип жатканына бир топ эле мезгил болду. Бирок кыргызстандыктардын жашоо-турмушу эмне үчүн оңолбой жатат? Эмне үчүн өлкөнүн экономикасы эмгиче боорун жерден көтөралбай келатат?” деген суроосуна Жеймс Макхью мырза буга макул эместигин билдирген. "17 жыл ичинде Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болду. Акыркы мезгилде оң көрүнүштөр байкалууда. Көчөдөгү жеңил иашиналардын көптүгүн караңызчы, мындан он жыл мурдан качан ушундай эле? Биз турмуштун жанданганын да көрүп жатабыз. Баштагыга салыштырганда ресторандан менен кафелер көбөйүүдө. Демек экономика өсүп жатат. Бирок кедейчилик бар экенин, андан башка да толуп жаткан проблемаларды чечүү зарылдыгын биз жакшы билебиз. Бул эми адамзаттын табияты менен кошо бүткөн нерсе экен. Ошон үчүн иштеп, ошон үчүн алга жылуу керек",- деп жооп кайтарган ал.

Ушул эле гезит кечээ Бишкектин 1-Май райсотунда мурдагы спецназдын өкүлү, Кыргызстандын эң чоң мыкчыгерлеринин биринин жансакчысы болуп келип, кийин кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү аталыгы Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөлөрүнүн бири, киллер катары күнөөлөнүп жаткан Эркин Мамбеталиевдин соту төртүнчү күнгө жылдырылганын кабарлап, 12 киши өлүмүнүн сегизи, мунун ичинен милийсанын полковниги Чыныбек Алиевди, таркатылган парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди жана Ысык-Көлдөгү ”Рахат” пансионатынын деректири Бахрул Бурхановду атып өлтүргөн деп айыпталып жатканын, мурда Р.Акматбаев башында турган бул кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн баары (ичинде Э.Мамбеталиев да бар) күнөөсү жок деп акталып чыкканын, кийин Р.Акматбаевдин өзү баш болуп баары (Э.Мамбеталиевден башкасы) атып өлтүрүлгөнүн, ошондон кийин ИИМ бул ишти кайрадан терөөгө алып, кайрадан аларды күнөөлүү деп тапканын, кылмыштуу топтун ичинен жалгыз калган Э.Мамбеталиев баарына эми жалгыз жооп берерин жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG