Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Токтогул ГЭСиндеги --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/D42662B5-6039-43A4-A15B-1D194B429AC7.asp суунун азайышы жана аны алдын алуу чаралары боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык партиянын депутаты Осмон Артыкбаев жооп берди.

-Осмон мырза, учурда Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан электр кубаттуулугуна чек коюлууда. ГЭСтеги суунун аз топтолушу аба ырайынын кесепетиби, же кыргыз өкмөтүнүн сууну сарамжалдуу пайдаланбаганынанбы?

-Бул аба ырайына байланыштуу эмес. Себеби бизде циклдер бар да. Көп суу келген бир топ жылдар жана аз суу келген бир топ жылдар болот. Ошону илгертеден бери биздин мурдагы өкмөт туура жөнгө салып, дайыма ушундай маселелерден, кыйынчылыктардан чыгып келген. Ал эми былтыркы жылдан баштап, аз суу келе турганын билип туруп, өткөн жылдары электр кубатын ашыкча сарптап жибергенине байланыштуу суу көп короп, биз туура жөнгө сала албай ушундай катуу кризиске кабылып отурабыз.

-Осмон мырза, адисттердин айтымында, учурда Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 7 миллиард куб метрге түшүптүр. Эгерде сууну топтобой, чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, ГЭСте кризистик абал түзүлүшү мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда. Алардын коңгуроо кагып жатканы канчалык жүйөөлүү?

-Сөзсүз, бул адисттердин айткандары туура. 5 жарым миллиард көлөмгө чейин суу түшүп кетсе, биздин агрегаттардын бардыгы токтойт. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Азыр 7 миллиард деңгээлге түшүптүр. Бул биздин электр энергияны үнөмдөө маселеси боюнча өкмөт тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Экинчиден, кийинки келе жаткан кышты кандай кылып кыштап чыгабыз деген маселенин үстүндө өтө талыкпай, туура жол менен иш кылыш керек. Антпесе, биз үчүн өтө кыйын болуп калышы мүмкүн. Азыр дагы ошол маселелерди чече турган мүмкүнчүлүк бар.

-Осмон мырза, суу маселеси Өзбекстан, Казакстан менен 1992-жылдан бери чечилбей келе жатат. Бул маселени чечүүдө кыргыз бийлигинин саяссий эрки жетпей жатабы же башка дагы себептери барбы?

-Бул жерде ар тараптуу маселелер бар. Бир жагынан биздин кыргыз бийлигинин саясий эрки жетпей жатат. Экинчиден, регионалдык чоң маселелер бар. Бирок ушунун бардыгын өз жолу менен туура маселе коюп чечсе, болмок жана болот дагы. Мурунку убакттарда, кайсы бийликтин учурунда экенин айтыш кыйын, ушул маселелер кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына бир топ жогорку деңгээлде чечилип келген. Ошол убакттарда биз суунун эсебинен Өзбекстандан газ, Казакстандан көмүр алып турчубуз. Ошонун негизинде биз кышында жылытуу, энергия маселесин чечип келгенбиз.

-Осмон мырза, Токтогул ГЭСинде кырдаалды жөнгө салуу үчүн эмне кылуу керек? Кризистен чыгуунун кандай жолдору бар?

- Мисалы эми канча суу келиши мумкүн? Суунун аздыгына байланыштуу 7 миллиарддан 9 миллиардка чейин суу келиши мүмкүн. Бул 15-16 миллиард көлөмдөгү суу топтолушу мүмукүн. Ошону сөзсүз түрдө өзүбүздү энергия менен камсыз кылышыбыз керек. Калган сууну үнөмдөп туруп, жайдан баштап кышка кам көрүү зарыл. Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп туруп, газды жана көмүрдүн камын көрүшүбүз керек.

-Мына ушундай кырдаалда электр тармагын менчиктештирүүнүн канчалык зарылчылдыгы бар?

-Электр тармагын менчиктештирүүгө мен дайыма каршы болуп келгем.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG