Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

А.АБДИРАСУЛОВА: КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖОЛДОН ТАЮУДА


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек АКШнын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/E2632B7C-190F-4946-AB29-8F09351D044C.ASP Мамлекеттик департаментинин дүйнөдө адам укуктарынын абалы боюнча жылдык отчету жарыяланды. Анда Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу дагы кеңири айтылат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жооп берди.

-Мына жылдык отчетто Кыргызстанда тынч жыйындарга чек коюлганы, пикетке чыккандарды камоо, убактылуу камоочу жайларда кыйноолордон айрым жарандардын өлүмү, адам укуктары багытындагы дагы башка көйгөйлүү маселелер жазылган экен. Сиздин пикириңизде жаңы бийлик келгенден кийин адам укуктары жаатында оң жагына өзгөрүүлөр болдубу, же терс жагынабы?

-Мен жаңы, же эски бийлик деп чек кое албайм. Бирок ушул жаңы бийлик келгенден кийин деле 2005-2006-жылдары адам укуктары боюнча оң көрсөткүчтөр болгон деп айтсак болот. Бирок 2006-жылдын акырында, 2007-жыл толугу менен адам укуктары жаатында демократиялык принциптерден чегинүү көрүнүшү болду. Бул жөнүндө эми өзүбүздүн пикирлерибизди бийликке дагы айтып келе жатабыз.

Мына, айтылып кеткендей эркин жыйындарга чек коюу бир гана Бишкекте эмес, бүт Кыргызстанга жайылтылып жатат. Сөз эркиндигине дагы, мына журналисттердин өлүмдөрү, ошол эле убакытта убактылуу кармоочу жайларда кармалып келегндерди уруп-сабоо жана ошолордун өлүмү менен аяктоо фактылары өтө көбөйүп кетти. Эми бул фактылар.

-Буга укук коргоо органдары тарабынан кандай реакция болуп жатат?

-Бүгүнкү күндө оң жылыш жок деп айтсак болот. Себеби Бишкек шаардык кеңеши кабыл алган токтом боюнча биз кимдерге гана кайрылбадык, эл аралык уюмдарга дагы, президентке дагы, бир нече акцияларды өткөрдүк, бирок ошол боюнча эле калып калды. Ал гана турсун бардык Кыргызстанга жайылтылмакчы болуп жатат.

Ал эми убактылуу кармоочу жайдагы уруп-сабоолор, мыйзамсыз кармоолор бүгүнкү күндө деле күч алып жатат. Мына, кечээ түнкү эле мисалды алсак. Аламүдүндө биз түн ичинде укук коргоочулар барып, жашы жетпеген төрт жаш балдарды түнкү саат 11де бошотуп алдык. Алар саат 4тө кармалып, түнкү саат 11ге чейин сурак берип отурушуптур. Ата-энесинин катышуусу жок, адвокатсыз.

-Мына, жылдык отчетто дагы жазылган экен, жашы жете элек балдарды кара жумушта иштетүү, ошондой эле Казакстандагы эмгек мигранттарынын абалы дагы камтылыптыр. Бул багытта кандай иштер болуп жатат деген ойдосуз?

-Жаш балдарды кара жумушка тартуу, базарларда, же болбосо чарба иштерине тартуу болуп жатат. Аны биздин бийлик социалдык абал менен байланыштырып келет. Бирок социалдык абалдан тышкары кайра эле ушул Бишкек Шаардык мэриянын демилгеси менен балдарды шаардык тазалоолорго, ишембиликтерге тартуу боюнча ушундай демилге көтөрүлүп жатат. Мунун өзү дагы балдардын Конвенциясына, адам укуктарына туура келбейт. Эгерде аларды ошондой кара жумуштарга тартуу болсо, алар менен сөзсүз түрдө келишимдер түзүлүп, алардын эмгеги төлөнүшү керек. Ал жөнүндө эч кандай сөз болбой жатат.

Ошол эле учурда приемник-распределитель боюнча айтып өтсөм. Биз аны эч кандай эл аралык стандарттарга туура келбейт, жабылыш керек деп айткан сайын, ал жерге тигүүчү машинелерди алып барып, кичине косметикалык ремонт жасап, ошол жерде адамдарды кармоону уланткылары келип турат. Бул адам укугунун одоно бузулушунун бир көрүнүшү.

-Бирок ошондо дагы Мамлекеттик департаменттин отчетунда адам укуктарындагы проблемалар айтылып жатканы менен, Кыргызстанда кандайдыр бир адам укуктарында бийлик тарабынан жакшы мамиле болуп жатат деген ойдо. Мисалы, өлүм жазасы алынып салынбадыбы, ушул сыяктуу кыргыз бийлиги дагы кандайдыр бир адам укуктарына карата жакшы кадамдарды жасап жаткан чыгаар. Ошого дагы токтолуп кетсеңиз.

-Ал боюнча биз колдой турган жакшы жылыштар бар. Мисалы, Кыргызстанда Конституциялык жол менен өлүм жазасы алынып салынды. Бул биздин Борбор Азия, КМШ өлкөлөрү боюнча дагы жакшы көрүнүш деп эсептейбиз. Ошол эле убакытта мына жакынкы күндөрү биздин Жогорку Кенеште адамдарды кыйноого каршы Конвенциянын протоколу ратификациядан өттү. Бул дагы абдан жакшы көрүнүш. Бул протоколдун негизинде бизде улуттук механизмдер иштей башташы керек. Бардык жабык жайлар, балдардын жабык жайлары, колониялар, СИЗОлор укук коргоочулар, журналисттер үчүн ачык болушу керек. Бул дагы биздеги жакшы көрүнүш катары албетте бийликтин бул кадамдарын колдойбуз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG