Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Бишкекте “Борбор Азиядагы ВИЧ эпидемиясы, илдетти көзөмөлдөө жана аны алдын алуудагы проблемалар” деген жыйын өтүп жатат. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев жооп берди.

- Мадамин мырза, жыйында Ош шаарындагы балдардын ВИЧ илдетин жуктуруп алгандыгы тууралуу маселе козголдубу?

-Бул жерде өтүп аткан конференциянын максаты бул жалаң эле Кыргызстанда эмес, негизинен эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча, Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан өкүлдөр катышып атат. Алардын ар биринин өзүнүн маалыматы бар. Ушул боюнча биз кандай чараларды толук бир багытта туура колдонолу, бул проблемаларды чечүү үчүн кандай бири-бирибизге айта турган кеңештер бар деген маселелерди талкууладык.

Негизинен биздин Орто Азиядагы проблемалар көбүнчө окшош. Ошону бир жолго, нукка салып туруп, жаңы велосипед ойлоп таппай эле, бири-бирибиздин болгон мүмкүнчүлүгүбүздү, тажрыйбабызды, кеңешибизди туура пайдаланып, ошол боюнча аракеттерди бирге жасайлы деген мааниде болуп атат.

Дүйнөдө, Казакстанда, Чимкентте, Ноокатта массалык түрдө бул оору чыкты. Бирок ушуну дагы кандай жолго коелу, эпидемияны көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча кандай чараларды коррекциялап ишке ашыралы деген мааниде болуп атат.

-ВИЧ илдетин бир айдын ичинде 30га чукул адам жуктуруп алганы айтылууда, байкоочулар бул көрсөткүч коркунуч туудураарын да белгилешүүдө. Кылымдын бул чумасына каршы Кыргызстанда конкреттүү кандай иш аракеттер көрүлүүдө?

-Кыргызстанда конкреттүү иш аракеттер биринчиден биз ушуну жуктуруу булагын токтотуу боюнча аракет кылып атабыз. Биз жалаң эле жыйынтыгы менен эмес, аны профилактика, анын кайра жайылбашы үчүн иш жүргүзүп атабыз. Экинчиден, өзүңүздөр билесиздер, бул жерде 70-76 пайызы баңгилер бар. Баңгилер кайра башка элдерге, башка гражандык секторго аны көбөйтүп, жыйылтпоо боюнча маселе болуп атат.

Үчүнчүдөн, биз ооруканаларда бул оору жукпасын деп бир жолу колдонулуучу ийнелерди, башка нерселерди бир жолу иштетели деп, бул инструкцияны катуу даярдайлы деген маселе болуп атат. Андан тышкары кан алууда жана кан куюуда өткөндө министрликтин буйругу менен материалдык-техникалык базасы туура келбеген аймактык ооруканалардагы бөлүмдөрдү жаап салдык. Аз болсун, бирок сапаттуу болсун. Биз диагностиканы канды текшерүүдө кандан кайра жукпайт дегендей толук кепилдик алышыбыз керек. Жалаң эле ВИЧ СПИД эмес, вирусный гепатит В, азыр дагы өтө оор вирусный гепатит С чыгып атат, ошолорду токтотуу үчүн министрлик катуу чараларды кабыл алып атат.

-Кечээ жакында мен Жетиөгүз районунан келген дарыгерлер менен кезиктим, алардын айтымында, мыкты догдурлар Казакстанга кетишип, райондо адистер жетишпестигин айтышууда. Өлкөдө дарыгерлер дефицитти башталдыбы?

-Ооба, бул маселе жалаң эле быйыл эмес, бул маселе акыркы 3-4 жылда курч болуууда. Айлык акынын, маянанын аздыгынан Россияга, Казакстанга кетип атат. Мен өткөндө айткандай, 614 врач биздин системадан былтыр кетип калды.

Казакстанга Түп, Жетиөгүз жакын, жалаң эле ал жактан эмес, түштүк региондордон дагы Казакстанга, Россияга кетип атат. Ушул курч маселени токтотуу боюнча өнүккөн мамлекеттен, өкмөттөн, министрликтен чараларды көрүп, бул депозитти киргизип атабыз. Бүгүнкү күндө депозит кармап калууга кандайдыр бир кичине мүмкүнчүлүк берди, бирок толук механизм иштеди деп айта албайм.

Экинчиден, биз айлык акыны былтыр 50 пайызга, быйыл 1-январдан баштап 30 пайызга дагы көбөйттүк. Кудайга шүгүр орто айлык 3 жарым миң сомдун тегерегинде болуп атат. Бул чек эмес, муну дагы көбөйтүшүбүз керек. Себеби Кыргызстандагы орто айлыктын, мисалы врачтардын айлыгы 80 пайызга чейин, орто персонал 50 пайызды түзүп атат. Муну көтөрүү боюнча аракеттер болуп атат.

Үчүнчүдөн, жер-жерлерде жетпеген врачтарды жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен кошо жалаң эле айлык эмес, ал жерде жашоо шартын, башка шарттарды түзүү маселеси боюнча дагы аракеттер болуп атат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG