Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

16:52 Кумбел айыл өкмөтүнүн айрым тургундары нааразылык акциясына чыгууга кам көрүүдө


Ысыккөлдүн Кумбел айыл өкмөтүнүн мурунку башчысынын муунуп өлгөнү киши колдуу болгонун белгилеген айылдаштары менен жакындары, ал иликтенмейинче нааразылыкка чыгат. Жер сатуу боюнча суракта жүргөн кезинде Догдурбек Алсеитов Кумбел айыл өкмөттүгүнөн бошогон 8 күндөн кийин 19-февралда муунуп өлгөн эле. Ал киши колдуу болгонун белгилеген маркумдун жубайы Кенже Райымкулова муунтулган жип чоочун десе, кызы Элвира чөнтөгүндөгү “өлсөм доом жок” деген катты бөлөк кишиники, койгон колу гана өзүнүкү экенин ырастады. Ошондой эле сөөк жууган айылдаштары дагы өзү муунганга коошпогон далилдерди айтышууда. Бирок медициналык экспертиза 22 күндөн бери аныктама бербей атат. Догдурбек Алсеитовдун өлүмүнө Ысыккөл райондун прокурору Данияр Эркинбаевдин ысымы аталууда. Анткени окуя болоордон эки саат мурун анын 07 үлгүсүндөгү 25-05 номерлүү кызматтык автоунаасы маркумдун үйүндө токтоп турган. Ошондой эле Алсеитовдун кылмыш ишин жабуу үчүн андан 30 миң доллар сураган. Ошондон шек санаган жакындары менен айылдаштары нааразылыкка чыккан атат. Бирок прокурор Эркинбаев кинелерди четке кагууда. Бул боюнча 11-мартта Башкы прокуратурадан Бакыт Исмаилов айылга келип тескеп кетти. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG