Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Соңку үч жылда Кыргызстанда демократиядан четтөө, сөз эркиндигине кысымдын күчөшү, адам укугунун арбын бузулушу байкалып жатканы эларалык уюмдар тарабынан белгиленип келатат. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин башталган мамлекет ээлигиндеги маалымат каражаттарына эркиндик берүү демилгеси колдоо таппай токтолуп калды. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы боюнча толгон-токой проблемалар бардыгын ырастап, өлкөдө демократиялык реформалар жайлап калганын белгиледи.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти жыл сайын жарыя кылчу адам укугунун, сөз эркиндигинин сакталышы, бийликтин демократиялык жолоюн сыпаттаган кенен баяндамасында Кыргызстан башта жетишкен деңгээлинен артка чегинип, айрыкча соңку парламенттик шайлоодо эларалык стандартка коошпогон иш-чараларды жасаганын маалымдады.

Өлкөнүн демократиялык кадыр-баркына көлөкө түшүргөн опуртал жагдай ушу тапта сөз эркиндигинин сакталышы жаатында түзүлүүдө. Электрондук маалымдоо каражаттарынын кыйласы азыркы өкмөттүн иш-аракетин жылуу-жумшак мактоого өтсө, азыноолок эркин басма сөзгө карата апачык кысым башталды. Аны “Де Факто” менен “Алиби” гезиттерине карата президент К.Бакиевдин инисинин уулунун сотко берген доо арыздары деле кашкайтып көрсөтүп турат. “Де Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова бийлик тарабынан жасалган кысым апачык эле жүрүүдө деген пикирде.

- Кыргызстанда азыр маалымат айдыңын толугу менен ээлеп алуу жүрүп жатат. Башкача айтканда, же ишиңди токтотушуң керек, же акцияларыңды берип кутулушуң керек. Анан соңку кездеги биздин гезитке карата Жаныш Бакиевдин уулу тарабынан берилген доо-арыз. Соттун өзү 17-мартта болгону жатат. Жаныш Бакиевдин уулунун сотко берген доо-арызын мен саясий кысым деп түшүнөм. Бул биздин гезитти муунтуу аракети гана.

Өкмөттүк “Эркинтоо” гезитинин башкы редактору Сакы Садыковдун айтуусунда, сөз эркиндигинин чектелишине жалаң эле бийлик эмес, журналисттердин өзүнүн да тиешеси бар.

- Эгерде басма сөздө эркиндик кандайдыр бир чектелип жаткан болсо, демек буга басма сөздүн, жалпы эле маалымат каражаттарынын өзүнүн да салымы көп. Себеби бизде буга чейин эркин басма сөз болгонбу-жокпу, ушул маселени коюш керек. Эмне үчүн бизде басма сөз эркин эмес? Анын себеби бизде журналисттердин кожоюндары көп. Aл менчик гезитпи, мамлекеттик гезитпи, айрыкча менчик гезиттердин кожоюндары көп.

Мурдагы, азыркы бийликке карата кыйла сынчыл маанайда чыгып келген “Кыргыз руху” гезити ушу тапта эки тарткын. Буга чейин чыгып келген эски “Кыргыз руху” гезитинин башкы редактору Айзада Авазова басма сөздүн коомдук таасири кыйла жоголгонун белгилеп, бийликтин кысымы аз-аздан күчөп баратканын кошумчалады.

- Анан баары бир барып-барып эле куугунтук башталат. Мына кетип атпайбы.

“Журналист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин пикиринде, сөз эркиндигине кысым дагы күчөшү ыктымал.

- Абал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз такыр билбеген, бизге маалымдалбаган телеберүү боюнча мыйзам долбоору, лицензиялоо боюнча мыйзам долбоору парламентте даярдалган дешет. Аларда кандай нормалар киргизилген? Аларда сөз эркиндигин чектейби же чектебейби, андай нормалар барбы-жокпу, биз билбейбиз. Коомдук телекөрсөтүү маселеси да такыр алдыга жылбай жатат.

2005-жылга чейин бийликке жакпай калган маалымдоо каражаттарын сот колу менен жазалоо, миллиондогон сомдук айыппулдарды моюнга илип коюу аракети жасалып келсе, кийинки жылдарда журналисттерди апачык коркутуулар күчөөдө. Өткөн жылы андай коркутуп-үркүтүүлөр, опуза кылуyнун жыйырмадан ашуун учурлары катталган. Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшү, чет жерден башпаанек сурап кетүүгө аргасыз болгон Кайрат Биримкулов менен Турат Бектеновду кимдер коркутканы, кимдер токмоктогону эмдигиче белгисиз калууда. “Де Факто” менен “Алиби” гезиттерине каршы соттук доо-арыздар бериле баштады.
XS
SM
MD
LG