Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

НАНДЫН БААСЫН КАРМАГАНГА ӨКМӨТТҮН ШААСЫ ЖЕТЕБИ?


Кыргызстанда ун менен нандын баасы --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2007/07/666b2b4d-e636-4e94-ab62-1b1be59b9b29.asp өткөн жылдагыдай кескин кымбаттабайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча агенттиктин жетекчиси Файзулла Рахманов бүгүн журналисттерге билдирди. Кыргыз өкмөтү баалардын кызыл кулактык менен көтөрүлүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн катуу аракеттерди жасоодо. Өткөн аптада Кыргызстандын базарларындагы нандын баасы 1-2 сомго кымбаттаган.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча агенттиктин жетекчиси Файзулла Рахмановдун бекемдегени боюнча элди ун менен камсыз кылуу үчүн бардык аракеттер көрүлдү. Ушул тапта матрезервде үч айга жете турган өлчөмдөгү ун бар, дагы 30 миң тонна сатып алууга өкмөт каражат бөлгөн:

-Айтып коеюн, баа кескин түрдө көтөрүлбөйт. 50 миң тонна алып келесиңер деп биздин агенттикке буйрук берилген, 30 миң тоннага акча бөлүнгөн. 1-мартка чейин 30 миң тонна буудай келген.

Файзулла Рахмановдун айтуусунда, азырынча матрезервдеги данды базарга чыгарууга зарылчылык жок. Бүгүнкү күндө бир да облустан кошумча ун, дан керек деген суроо-талап түшө элек.

Казак бийлигинин буудайды сатыкка чыгарууга март айынан тарта чек киргизүү тууралуу чечими дан баасынын кымбатташына алып келгени белгилүү. Бирок материалдык резерв агенттигинин жетекчиси Файзулла Рахмановдун айтуусунда Кыргызстанга буудай эч кандай чексиз эле кирип жатат:

-Биздин республикага эч кандай чек жок. Баа боюнча да, пошлина боюнча да, вагондорду бөлүү боюнча да чек жок. Биз суроо-талапты беребиз, бир жуманын ичинде вагондорду коюп берип жатышат,-
-дейт Файзулла Рахманов.

Март айынын башында буудайдын баасы эл аралык биржада 25% кымбаттаган. Казакстандан дан сатып алып жаткан ишкерлер буудайдын тоннасы бул жумада 450 долларга чыккандыгын белгилешүүдө.

Кыргызстандагы ун чыгарган ири ишканалардын бири “Акун” фирмасынын уну март айынын башынан бери 2 сомго кымбаттады. “Акундун” жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча ишкана бааны өзүнө да чыгаша болбой, элге да оорчулук түшпөгөндөй кылып, эң төмөнкү көрсөткүч менен көтөрүүдө:

-Бизге керектүү өлчөмдө буудай сатып алуу үчүн арга жок, колубуздагы унга бааны көтөрүүгө туура келет. Анткени ушул тапта бизге буудайдын тоннасы 450 доллардан 490 долларга чейин сунушталып жатат.

Кыргыз өкмөтү матрезервдеги дан үзүкчүлүк убагында буудайдын дүйнөлүк баасы катуу көтөрүлүп кетсе Кыргызстандын базарларында бааны кармап турууга, бышыкчылыкка чейин элдин жакыр катмарын камсыздап турууга жетет, деп ынандырууда. Ошентсе да келерки үч айда азык-түлүк жаатында кырдаал оор болот деген божомолдор бар.

“Акыйкаттык үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Темир Сариев өкмөттүн алысты көрө албаган саясаты мына ушуга алып келүүдө, деп эсептейт:

-Өкмөттүн эч кандай бирдиктүү программасы жок. Былтыр иш-чараларды көрүү керек эле, бирок биздин өкмөт ал учурду кое берип ийишкен. Мурдагы парламент атайын токтом кабыл алып, сентябрь айында өкмөткө айтканбыз: күз келип калды, эгиндер бар, баасы арзан, азыр алып койгула, деп айтканбыз. Бирок алар акчаны, ал акчанын үстүнөн берилчү шапкесин чече албай, мамлекеттик комиссия албай калган. Биздин өкмөттү эң бир коррупциялашкан өкмөт деген сөздөргө мен кошулам.

Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча агенттик келерки жылы матрезервге буудайды жергиликтүү дыйкандардан кабыл алууну көздөөдө. Аталган агенттиктин жетекчиси Файзулла Рахмановдун айтуусунда буудай базар баасында алынат:

-Эгер базарда буудайдын баасы 16 сом болсо, андан бир тыйын да кемитилбей алынат. Антпесе дыйкандар бизге өткөрүшпөйт.

Файзулла Рахмановдун айтуусунда ушул тапта матрезервге дандан тышкары өсүмдүк майын сатып алууга да каражат бөлүнгөн, ал эми кант керектөө нормадан ашык өлчөмдө сакталып турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG