Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан 2009-жылдан тарта көгүлтүр оттун баасын дүйнөлүк баага теңөөнү көздөп жатышкандыгы белгилүү болду. Аталган өлкөлөрдүн газ ишканаларынын жетекчилери бул тууралуу 11-март күнү орусиялык “Газпромдун” --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/02/AAA6A440-DA71-4DB4-BAE7-EAA81916D960.asp жетекчиси Алексей Миллер менен сүйлөшүү учурунда билдиришти. Кыргызстан газ европалык баа менен сатыла турган болсо, көгүлтүр отту жагууга чектөө киргизүүгө аргасыздыгын билдирүүдө.

Борбор Азия экспорттолчу газдын баасын көтөрүүнү көздөөдө, деген маалымат ириде кыргызстандык адистердин тынчын алды. Анткени өткөн жылдын аягында миң кубометр газды 145 доллардан сатууга өзбек өкмөтүн көндүрүү – кыргызстандын газ ишкерлеринин чоң жетишкендиги катары саналган эле. Ошол тапта да Өзбекстан 2008-жыл үчүн көгүлтүр оттун миң кубун 180-200 доллардан сатууну көздөгөн.

2009-жылдан тартып газды европалык баада сатууну максаттап жаткан Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мындай чечимин улуттук экономикасынын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана мунай затты жеткирүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу зарылчылыгы менен түшүндүрүп жатышат.

Баа кымбаттаса Кыргызстанда акыбал чындап оорлойт, деген божомолдор бар. Бүгүнкү күндө деле Өзбекстандан апкелинип жаткан газдын 13-14% уурдоолорго туш болуп, жок болууда. Мындан тышкары жаккан газы үчүн өз учурунда төлөй албаган пайдалануучулардын саны да баа кымбаттаган сайын өсүп жатат.

“КыргызГаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев көгүлтүр отту алмаштыруучу электр энергиясынын абалы да оор болуп жаткандыгын белгилеп, газ пайдалануучуларга көмүргө өтүүгө кеңеш берди:

-Көбүнчө газдын акысын карапайым калк төлөй албай кыйналат. Ошондуктан, алар газ пайдаланарда биринчи ойлонуп көрүүлөрү тийиш. Баа кымбаттап атат, төлөй алабы же жокпу? Биз өзүбүздүн абоненттерибизге көмүргө өтүүгө кеңеш берип жатабыз.

Саламат Айтикеев Кыргызстан электр энергиясынын баасын бир аз көтөрүп, кымбатыраак баа менен сатышы керек, деп эсептейт.

Кыргызстанга жыл сайын 750-800 млн кубометр газ апкелинет. Мунун ичинен эң көбүн Бишкек ТЭЦи жейт, шаардыктарды жылуулук, ысык суу менен камсыз кылуу үчүн 300 млн кубометр газ керектелет. Андан кийинки орунда түштүк облустар турат. Жакында Орусиянын “Газпром” ишканасына Жалалабаттагы газ кендерин чалгындоого уруксат берилген. Эгерде бул жактагы газ кендери ишке кирип, көгүлтүр от чыгып калса, маселе бир топ жеңилдемек.

Мындан тышкары Кыргызстан газ жаатында жалгыз Өзбекстанга көз каранды болуп кала бербей, Казакстанга кошулууга аракет кылууга тийиш, деген да пикирлер бар. Мурдагы вице-премьер-министр, Кыргызстандын “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов Чүй боорундагы газ түйүндөрүн казактардын КазГазТранс компаниясына өткөрүп берүүбүз керек дейт:

-Эмнеге дегенде ал компанияга биздин карызыбыз 20 млн доллардан ашып кетти. Аларды берип, казактар менен сүйлөшүп, алар менен Казакстандын батышынан алып келе жаткан арзан газды биздин Кыргызстандын түндүгүнө -Чүй бооруна, Бишкекке берип турасыңар, деген келишимге жетүүгө аракет кылышыбыз керек.

Ушул тапта көгүлтүр оттун Европадагы орточо баасы 350 доллардын айланасында болууда. Айрым адистер кырдаалдан чыгуу үчүн “КыргызГаз” мамлекеттик ишканасын менчикке чыгаруу зарыл, деген бүтүмдөрүн айтышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG