Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

13-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Москва өкмөтү жер которгон энесайлык кыргыздарды жайгаштырыш үчүн 1692-жылдын 13-мартында Красноярск воеводасына көрсөтмө берген. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны, 2004-жылдын бу күнү Бишкек шаарында ишин баштады.

Жунгарлардын энесайлык кыргыздарга болгон кысымы 1690-жылдары күч алып, кыргыздар жана аларга баш ийген кыштымдар топ-тобу менен орус ээликтерине жер которо баштаган. Красноярскилик воевода П. Мусин-Пушкиндин кабарлоосуна караганда жунгар контайшиси Галдан кыргыздарды ыксыз эзип, кааалаганын жасагандыктан, алар орустарга ыкташып, жер которуп көчө баштаган.

Кыргыз бектери болсо, уруксатсыз көчкөндөрдү кайра кайтаруу максатында, орус бийликтерине кайрылып турушкан. Москва өкмөтү жер которгон кыргыздарды жайгаштырып, аларды эч кимге берилбешин жана эч жакка көчүрүлбөшүн талап кылып, 1692-жылдын 13-мартында Красноярск воеводасына көрсөтмө берген.

Сталиндик кандуу террор мурдатан даярдалып, кремлдик философ, экономист жана тарыхчылар партия менен пикири келишпеген элементтерди кырып, канга бөлөө зарылчылыгын аныктоого аракет жасашкан. Сталиндик репрессия ийгиликтүү жүзөгө ашырылгандан кийин академик болгон П. Поспелов «Правда» гезитинин 1937-жылдын 13-март күнкү санына «Бухарин менен Рыковдун Ленинге каршы күрөшү» аттуу макаласын жарыялаган. Макала кийин кыргызстандык гезиттерге басылып, республикада «ою бузук» адамдарга каршы куугунтук башталган.

Кыргыз Илимдер Академиясынын геология институту 1969-жылдын 13-мартында Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны, 2004-жылдын бу күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Чегара маселеси боюнча эки тараптын эки башка мамилеси бар экендиги белгилүү болду.

Тажикстан делегациясы кыргыз-тажик чегарасын 1924-жылы аныкталган чегара документинин негизинде аныктоону сунуш кылса, кыргызстандык тарап 1989-жылы эки тараптуу комиссия тарабынан аныкталган документке таянып белгилөөнү сунуштаган.

Кыргыз жазуучусу, драматург Мар Байжиев 1935-жылдын 13-мартында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин 1960-жылы бүтүрүп, Москвадагы Жогорку сценаристтердин курсунда окуган. Жазуучулук шыгы студенттик куракта башталып, кыргыз тилиндеги биринчи сатиралык «Кара курт» ангемелер жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн. Жазуучунун чыгармалары чет тилдерге которулуп, айрым пьесалары башка мамлекеттердин теле жана театр сценаларында коюлуп келет.

Бу күнү, 1949-жылы таанымал акын Светлана Суслова жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG