Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

ЖАЛАЛАБАТ: КАЛЕМИ КУРЧ, КЫРААКЫ ЖУРНАЛИСТТЕР ЖОККО ЭСЕ


12-мартта Жалалабатта саясий жана экономикалык маселелерди маалымат каражаттарында чагылдыруунун көйгөйлөрүнө арналган талкуу болуп өттү. Ага Ош жана Жалалабат облустарындагы журналисттер катышты.Талкууда белгиленгендей, жергиликтүү маалымат каражаттарында бийликтин ишин сындаган жана экономикалык талдоо жүргүзгөн макалалар жокко эсе. Ага элеттик калемгерлердин кыраакылыгы менен кесиптик адистиги жетишпей жатат.

Коңшу облустун калемгерлер чөйрөсүндө саясий –экономикалык мүнөздөгү макалаларды чагылдыруу маселеси кеңири талкууга алынды. Талкуу “Сорос Кыргызстан” кору каржылаган долбоордун алкагында өттү.

Оштук көз каранды эмес журналист Бакыт Ибраимовдун байкоосу боюнча ар тараптуу саясий макала жазууга элеттик калемгерлерге адистик чеберчилик жетишсиз. Март ыңкылабынан кийин бийликти сындаган макалалар чыкпай калган. Ага журналисттердин коркоктугу менен мамлекеттик басылмалардын андай жазмалардан баш тартканы себеп болгон. Анткен менен ушу тапта деле Ош-Жалалабаттын маалымат каражаттарынан саясий сын макалаларды учуратуу кыйын:

- Көптөгөн маалымат каражаттары менен журналисттер саясий маселелерди чагылдырууда кыраакы болалбай атышат. Себеби аларга 2005-жылдын март ыңкылабында жана андан кийин катуу кысым жасалган. Ошондуктан журналисттер коркуп калышты.

Журналист Жалил Сапаровдун изилдөөсүнө ылайык жалалабаттык маалымат каражаттарында терең талданган экономикалык макала жок. Басылмалар көбүнэсе ишкана-мекемелердин, бийликтердин статистикалык көрсөткүчтөрү менен ийгиликтерин саноо менен чектелишет. Ошондуктан ал маалымат каражаттарын колдоо борборлорунда атайын мектеп ачууну сунуш кылды:

- Экономика деген рубриканын астында кеткен анча-мынча макалалалар экономика деген сөздү ачык көрсөтө албайт экен. Гезиттерде экономикалык тема деп туруп ишканалардын отчетун берип коюп атышат. Жалалабат облусу боюнча жылдык, же кварталдык, же жарым жылдык жыйынтыкты беришет.

Оштон чыкчу “Кабар” (Ахборот) гезитинин баш редактору Барно Исакова Карасуу базарына келип иштеген өзбекстандыктардын бажыдан өткөндөгү көйгөйлөрү тууралуy жазаарда эксперт табалбай койгон. Башка журналисттер теманы изилдөөдө тажрыйбаларынын аздыгын, материалдык кызыкчылык жокко эсе экендигин ортого салышты.

Жалалабат телерадиокомпаниясынын төрайымы Бактыкан Ажымаматованын белгилешинче аталган темаларды чагылдырууга гезит-телеканалдардын каражаты чакталуу, демөөрчүлөр көнө беришпейт. Аталган маселени сынактарды уюштуруп, окуу жайларда тармактык журналисттерди даярдоо менен чечүү жагын сунуштады ал:

- Экономикалык темага толук кире албай атканыбыздын бир себеби, бул келип эле акчага такалып атат. Маселен, гезит беттеринде туруктуу рубриканы ачайын десе, ошол нерсеге акча төлөнүш керек. Анүчүн жазып аткан журналист ошол полосага демөөрчү табышы керек такай ошол теманы алып турам деп. Мисалы КТРде деле экономикалык бир блок бар, анын демөөрчүсү бар, такай каржылайт.

”Акыйкат” аттуу облустук гезит саясий макалага муктаж. Бирок гезиттин редактору Самидин Станбековдун айтымында, саясий баяндамачы түгүл, айлыктын аздыгынан катардагы кабарчыларды табуу, аларды редакцияда кармап калуу кыйын болууда:

- Президенттин, өкмөттүн жүргүзүп аткан саясатын кескин сынга алган сын макалалар түшкөн жок. Жер-жерлердеги түрдүү кемчиликтерди, башка нерселерди сындаган макалалар түшүп атат. Саясий багытта жазган макалалар абдан эле аз. Саясий эмес, жөн эле макала жазган журналисттер дагы кийинки кезде абдан азайып баратат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG