Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Орусияда салттуу жана интернеттеги маалымат каражаттарынын ортосунда маазмун жагынан өтө деле чоң ажырым болбой калуусу мүмкүн. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көргөзгөндөй, телерадио жана басма сөздүн көпчүлүгү бийликтин сөзүн сүйлөп, аны сындабайт. Ал эми Интернеттеги маалымат каражаттар мындан айрымаланчу. Бирок эми алар да салттуу маалымат каражаттарынын кейпин кийип калчудай. Кремлдин соңку аракеттери мына ушуну каңкуулоодо.

Интернетке көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоорлору азыр өлкө парламентинин кароосунда жатат. Алардын бири күнүнө 1000 жолудан көп ачылган вебсайттардын баары өкмөттөн маалымат каражаты ирээтинде каттоодон өтүүсүн талап кылат. Экинчиси, калкка Интернет кызматын көрсөткөн компаниялар, же адистердин тили менен айтканда провайдерлердин акцияларынын контролдук пакетине чет элдиктердин ээлик кылуусуна тыюу салат. Мындай болгон шартта өкмөттөн атайы уруксат алуу керек.

Интернет боюнча орусиялык адис Александр Милитскинин көз карашында, жогорудагыдай мыйзамга тармактан катуу каршылык болчудай:

-Мен мындай мыйзамдын кабыл алынышын реалдуу деп эсептебейм. Анткени аны өткөрбөөнү көздөгөн лоббисттер кыйла көп. Бул чөйрөдө чет элдик капитал бар ишканалар азыр эле бир топ.

Ал эми күнүнө 1000 жолудан көп ачылган вебсайттардын маалымат каражаты катары каттоодон өтүүсүн талап кылган мыйзамдын авторлорунун бири, Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Владимир Слутскер жергиликтүү басма сөздө мындай кадамдын зарылдыгын "жоопкерсиз журналисттердин ушак–айың таратуусу жана анонимдүү вебсайттардын артына жашырынуусун токтотуу" деп түшүндүргөн.

Экстремалдуу журналистика боюнча Москвадагы борбордун башчысы Олег Панфиловдун пикиринде, Орусиянын шартында интернетти көзөмөлдөө деген болбогон кеп:

-Муну 10 жыл мурда жасоо керек болчу, анда эптеп көзөмөлдөө мүмкүн эле. Азыр көп болбосо да адамдар спутниктеги серверден кантип пайдаланууну, интернетке мобилдик байланыш аркылуу кантип чыгууну жана башка көп нерселерди билет. Андыктан Орусияны интернеттен изоляциялоо мүмкүн эмес.

Анткен менен өлкөдө азыр интернетти көзөмөлдөө аракеттери жүрүүдө. Орусиянын Маалымат технологиялар жана коммуникация министрлигинин коомчулукка өткөн айдын соңунда белгилүү болгон токтомуна ылайык, баардык телеком компаниялары, интернет кызматын көргөзгөн ишканалар Федералдык коопсуздук кызматы же ФСБ байланыштын баарына: телефон сүйлөшүүлөргө, СМС жана электрондук каттарга каалагандай мониторинг жүргүзүүсүнө жол бериши керек. Буга кошумча телеком жана интернет кызматын көргөзгөн компаниялар ФСБ мониторингди аларга жана кардарларга айтпастан эле жүргүзүүсүнө шарт түзгөн жабдууларды өз эсебинен орнотушу абзел.

Кезинде мурдагы "ЮКОС" мунай компаниясынын башчысы, азыр түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Михаил Ходорковскийдин адвокаты болгон Роберт Амстердамдын көз карашында, интернетти көзөмөлдөө Орусияда буга чейин эле көрүнгөн, маалымат каражаттарын башкаруу - өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоонун маанилүү бөлүгү деген саясаттын уландысы:

-Мунун баары бир багытта кетүүдө. Биздин баарыбыз жеткиликтүү түшүнбөгөн бир нерсе – кайсыл деңгээлге чейин орусиялыктар маалымат каражаттарын коопсуздандырууну алардын коопсуздугунун бир бөлүгү катары эсептээри. Менин көз карашымда, алар интернеттин оркестри салынган вагонго кечирээк түшүп калышты жана муну шайланган президент Дмитрий Медведевдин тушунда улантышчыдай.

Айтор эгер орус парламентинин кароосунда жаткан мыйзам колдоо таап кетсе, интернеттеги блогдор, жаңылыктар коюлуучу сайттардын баары лицензия алууга мажбур болот жана телерадио менен басма сөз иштеп келген тартипте аракетенүүгө туура келет. Бирок бул эреже мыйзамдык күчкө кире электе эле жабылып жаткандар да бар. Алсак былтыр жайда эле Сибирде "Новый фокус" деп аталган интернет басылма каттоодон өтпөгөнү үчүн жабылган.

Сүрөт versia.ru интернет баракчасынан алынды
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG