Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү жана кыргыз-казак чек арасына байланыштуу маселе тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңеште “Ак Жол” партиясынын депутаты Алишер Мамасалиев жооп берди.

-Алишер мырза, кечээ күнү “Ак Жол” фракциясынын отурумунда Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга берүү маселеси катуу талкууланбадыбы. Бир пикирге келише алган жоксуздар. Андагы талаштуу маселенин чоо-жайына кененирээк токтоло кетсеңиз.

-Мен биринчиден айтып коеюн, бул проблема 1992-жылы башталган. Ошол маалда биздин мамлекетибиз эгемендүүлүктү алганда биз бир топ башка мамлекеттер менен, ошонун арасында казактар менен бир келишимге келгенбиз. Ошол пансионат боюнча 1993-жылдын Ысыккөлдө жайгашкан пансионаттар, үй, эс алуу жана башка санаторийлер биздин баланска өтүш керек эле. Ошол маалда биздин Жогорку совет биздин аткаруу бийликке өзүнчө постановление чыгарган. Алты айдын ичинде бизге өтүш керек эле, ошол процесстерди башташ керек эле. Бирок тилекке каршы мына бүгүнкү күнгө чейин биз аны аткарган жокпуз. Ошондуктан бүгүнкү күндө проблема болуп жатат.

Ошол 4 пансионат юридикалык тараптан статусу кандай? Бүгүнкү күндө казактар өзүнүн Жогорку парламентте бул ратификациядан өткөн, андан сырткары 2005-жылда биздин вице-премьер-министр Данияр Үсөнов протокол боюнча аны өткөрүп койгон экен. Ошондуктан бүгүнкү күндө проблема болуп жатат.

-Төрт пансионатты казактарга өткөрүү боюнча протоколго кол коюп коюшуптурбу?

-Ооба, кол коюп койгон экен. Бирок ал бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештен ратификация процедурасын өтүш керек. Бул юридикалык процедура. Ошондуктан кечээ биз бардыгыбыз бир пикирге келген жокпуз. Андан сырткары мына бардыгыбыз билебиз, оппозиция деле, эл деле өзүнүн ой-пикирин айтып жатат. Бул Кыргызстандын жери, биз берсек туура эмес болот деп. Ошондуктан аткаруу бийликке кайрылдык, бардык документтерди бизге берсин деп.

-Алишер мырза эгер ал пасионаттар казактарга берилсе, Өзбекстан дагы Ысыккөлдөгү пансионаттарды талашып чыгышы мүмкүнбү?

-Туура айтасыз, мына ушундай коркунучтуу маселе бүгүнкү күндө биздин арабызда деле пайда болуп калды. Бүгүнкү күндө үч пансионат бар Өзбекстанга караган. Биз эгерде казак туугандарга берип калсак, мен ойлойм өзбек туугандардын сураганга укугу болот, бул болушу мүмкүн.

-Мына жакында кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу Каркыра жайлоосундагы жана Таластагы жерлерди казактар менен алмашуу керектигин Өкмөт алдындагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясынын башчысы Саламат Аламанов айтып чыкпадыбы. Анын сунушун депутат катары сиз колдойсузбу?

-Биринчиден биз өзүбүз чечпей эле, ошол чек аранын жанында жашаган элдин пиикирин угуп, анан бир топ документтерди жакшы карасак. Тилекке каршы азырынча казактар өзүнүн документтери менен бизге кайрылып жатат. Бирок биз архивтен документтерди таптык. Ошол Совет убагында 1962-жылда Верховный Совет СССР чек араны өзүнчө чечкен да. Бүгүн казактар өзүнчө дамба куруп, суу биздин аймакка кирип жатат. Ошондуктан бул саясий проблема.

Андан сырткары бул экономикалык проблема. Биз эгерде каражат боюнча шартыбыз болсо эле, дамбаны курсак болот эле. Биз жакында Токмокко барып келдик. Эл менен сүйлөшсөк, алар айтат 20 жыл мурун бул чек ара башка жерде өткөн, азыр суу бир жака кирип калды. Ошондуктан биз 2 жылдын ичинде ошол чек арада дамба курушубуз керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG