Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:11

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин саясаты, 2005-жылы 24-мартта болгон окуялар, “Кыргызстан элдик кыймылынын” март ыңкылабына кошккон салымы, башкы прокурор болуп турган кезиндеги иш-аракеттери тууралуу “Азаттык” үналгысына “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров маек куруп берди.

- Азимбек мырза, ыңкылап дейбизби, же төңкөрүш дейбизби, ошонун болгонуна үч жыл болуп калды. “Элдик бийлик болсун, акыйкат орносун” деген максат менен ишке ашырган бул ыңкылап өз максатына жеттиби?

-Ачык эле айтып коелу ыңкылап өз максатына жеткен жок. Акаевди Бакиевге эле алмаштырбасак башка эмне максатка жеттик деген ачуу чындык коомчулукта ачык эле айтылып жатат.

-Эмне себептен ишке ашпай калды?

-2000-жылдан тарта Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу Кыргызстанда ачыктан-ачык көрүнө баштаган. Негизги максат ошол үй-бүлөлүк башкаруудан арылып, элдик бийлик орносо деген ниет менен ошол күрөштү баштаганбыз. Бирок ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин, премьер-министрдин жана парламенттин укук-милдеттердин так бөлүштүрүү керек эле. Себеби парламентти, өкмөттү үйбүлө башкарып калган эле. Ошто бир топ саясатчылар баш болуп Акаев 2010-жылга чейин президент болсун деген сунуш менен кол топтошкон. Анан 2005-жылы 22-мартта Бермет парламентти башкарып, атасы келип, ачыктан-ачык эле бир үй-бүлөлүк башкарууну биротоло орнотуп алабыз дешкен. Биздин күрөштүн негизги максаты ушуга каршы болчу.

Экинчи максат элдин байлыгын тоноп, бир үйбүлө каалагандай калчап, белек кылып, сатып, керек болсо ата-бабабыз сактап келген Кыргызстандын жерлерин беришин токтотуу болчу. Оппозиция буга каршы өз дооматтарын Акаевге ачык айтып, токтотуңуз деди. Бирок ага болбой өз саясатын уланта бергенден кийин Акаевди кетирип, эл үчүн реформа кылыш керек деген ойго келип, “Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа!” деген кыймылды түзгөн революционерлер ушул ой менен 3-4 жыл жашады. Мына ушул максаттардын бири да 24-марттан кийин ишке ашкан жок.

Биз Акаев кетсе эле ушул маселелердин баарын ор-ордуна коебуз деп ойлогон элек. Жеп-ичкендердин баарын кустуртабыз, кадр маселесин үйбүлө чечпей Конституцияга ылайык чечилет деген аруу тилектер бар эле. Бирок тилекке каршы анын бири да ишке ашкан жок.



-Мунун башкы себеби эмнеде?

-Башкы себеби - ушул үй-бүлөлүк башкаруу системасы Кыргызстанга түп-тамырынан бери катуу орногон экен. Керек болсо жер-жерлердеги кичинекей кызматкерлер да мамлекетке эмес бир гана үй-бүлөгө кызмат кылгандай болуп калган экен.

24-мартта Акаев кетээри менен эле ошол кызматкерлердин баары ким президент болсо ошого өтүп алышты дагы, анын ыңгайына карап өсө башташты. Экинчи дагы бир чоң себеби - революционерлерде Акаевди кетирсек эле баары жакшы болот деген өзүбүздү алдоо сезими күчтүү болгон экен. Акаев кеткенден кийин мамлекет кандай өнүгөт, эл менен кандай максатты ишке ашырабыз деген бир команданын так программасын даярдай келсек болмок экен. Президентти ошол программага байлап, ушундай жол менен гана өнүгөбүз десек болмок экен. Бизде андай программа жок эле элден мурун Акаевди кетирели андан кийин көрө жатарбыз деген экенбиз. Мына ушул дагы чоң бир себеп болуп калды.

Бакиев мурда премьер-министр, губернатор болуп жүргөндө Акаев менен чырмалышып, Акаевдин үйбүлөлүк башкаруу системасынын бир тамыры болчу. Бирок биз ал үйбүлөдөн таптакыр кетти го деп ойлогонбуз. Көрсө ал Акаевден кеткен менен тамырлаш, табакташ, чөнтөктөштөрүнөн алыс кете албаптыр. Бизге караганда алар жакын болуп кетти.



-Сиздер ага чейин эле 9 саясий партиянын башын кошкон “Кыргызстан элдик кыймылын” түзүп, башына Бакиевди койбодуңуздар беле. Эмне себептен Бакиевди кыймылды жетектеп кете алат деп койдуңуздар эле? Кандай сапаттары үчүн бааладыңыздар эле?

-Бул өтө татаал мезгил болгон. 2001-жылы Акаевге каршы “Акаевден жабырлануучулардын кыймылы” деген кыймыл түзүлгөндө анын башына Адахан Мадумаровду койгонбуз. Бирок ал жакшы иштебей койгондон кийин аны генерал Исмаил Исаковго алмаштырганбыз. 2002-жылы ал кыймыл Рамазан Дырылдаевдин кеңсесинде өткөн жыйында “Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа!” деген кыймылга айланды.

Акаевдин айланасындагы саясатчылар да жөн жаткан жок. Кыймылдагылардын ыркын кетирип, 2005-жылдын 1-январына чейин ошол кыймылдан бир топ саясатчылар кетти. Мисалы, Кадырбеков чыгып кетти. Исаков болсо “мага “Жаңы Кыргызстан” партиясы жетекчи болбо деп жатат, катардагы эле мүчө болоюн”, - деп кетти. Ал кыймылды иш жүзүндө мен жетектеп калдым. Анан арабыздан кетип жаткандардын ордуна Акаевдин бийлигинен кеткендерди тартып, кайрадан биригүү зарыл болду.



Ошол учурда Үсөн Сыдыков пайда болду. Анан ал кишинин идеясы менен Курманбек Салиевичти тартып көрбөйлүбү деген сөз болду. Сүйлөшүп көрөлү, каалаган кишилердин баарына эшик ачык дедик. Ошол учурда 8 партиянын Замира Сыдыкова, Дооронбек Садырбаев сыяктуу бир топ жетекчилери “Эл бийлиги үчүн” деген блок түзгөнбүз. Ошол саясий партиялардын жетекчилери блоктун төрагасы катары Акаевден кеткен адамдар менен сүйлөшүү боюнча мага тапшырма беришти.

Ошол убакта биз Акаевди жеңиш үчүн ынтымакка келип, бир талапкер менен шайлоого баралы деген максатты көздөп калганбыз. Биздин кендирибизди кесип жаткан маселе акча каражаты болчу. Анткени пикет, митинг болгондо эле элдин курсагын тойгуза албай аябай кыйналып жүрчүбүз. Ушул акча каражатын чечкен кишинин талапкерлигине деле токтойбуз деген чечимге да келип калганбыз.

Ошондо Үсөн Сыдыков, Досбол Нур уулу “Курманбек Бакиевди карап көрөлү” дешти. Бакиев менен сүйлөшсөм ал “Эгерде президенттик шайлоодо мени колдосоңор мен каржы маселеңерди чечип берем, жолугууга даярмын” деди. Анан мен 6 саясий партиянын жетекчилери жана мен жетинчиси болуп “Кегети” кафесине барып, биринчи жолку жолугушуу ошол жерде болду. Жолугушуудан кийин Дооронбек Садырбаевден башкасы Замира Сыдыкова, Топчубек Тургуналиев жана башкалар Курманбек Бакиевди башчы кылып алабыз деп талапкерлигин колдошту. Бирок мен жана Исмаил Исаков макул болгон жокпуз. “Биз адегенде Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрөлү, Бакиевди лидер кылып алсак, анан парламенттик шайлоодо депутаттыкка өтпөй калса эмне болот?”, - деп макул болгон жокпуз. Бирок бир топ саясий партиялардын жетекчилери макул болушуп, 2004-жылдын 5-ноябрында “Кегети” кафесинде Үсөн Сыдыков уюштурган жыйында Бакиев кыймылдын төрагасы, мен орун басары болуп калдык.



Анын кандай сапаттарына көңүл бурдук? Премьер-министрликке чейин жетип, аким, губернатор болду, элдин көйгөйүн жакшы билет, эң башкысы аялы орус кызы, Майрам Дүйшөновнадай болуп президенттин ишине кийлигишпейт го деп макул болгон элек. Бирок биз анда президенттикке жалгыз талапкер деп шайлаган эмеспиз, болгону “КЭКтин” башчысы кылып гана шайлаганбыз. А президенттикке талапкер маселесин 2005-жылдын февраль айындагы Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин сүйлөшөбүз деген чечим кабыл алганбыз.

Маркум Апсамат Масалиев каза болордун алдында Исмаил Исаков экөөбүз барып, “Бирдиктүү талапкер кылалыбы же токтой туралыбы?” деп сураганыбызда Апсамат Масалиев “Курманбек Салиевичке токтойбуз десеңер жаңылышасыңар, ал чийки. Анын Акаевден айырмасы жок. Өткөндө жер көчкү жүргөн Алайга барганда көрбөдүңөрбү, ал биз менен жүргөндөн али коркот ”, - деп ачык айткан. Эми Апсамат Масалиевдин көзү жоктугунан пайдаланып бир топ саясатчылар Масалиев алып келген, колдогон деген сөздөрдү айтып жатышпайбы. Жок, бул калп. Апсамат Масалиев көзү өтөөрдөн 15-20 күн мурда эле бул киши тууралуу абдан терс мүнөздөмөлөрдү айткандыгын уккан күбөлөр бар. Алар Орозбек Дүйшеев, Николай Байло, Бектур Асанов.



-Демек “Кыргызстан элдик кыймылынын” башына Курманбек Бакиев акча каражат жагынан колдоо көрсөткөнү үчүн эле келди беле?

-Ооба, негизинен ушул үчүн эле келди. Бирок ал ошол милдетти так аткарды. Тарых жана акыйкаттык үчүн ачык айтып коюш керек, акча каражат таппай, Акаевдин режимине каршы күрөшөм деген элдин башын бириктире албай кыйналып жүргөн мезгилде тарыхый чоң роль ойноду. Мисалы, Жалалабат облусундагы элди 4-марттан 24-мартка чейин Бакиев менен анын бир туугандарынын кошкон салымынын негизинде кармап турдук.



- Эми өзүңүз эл арасында нааразылык көп болуп жатат деп айтып жатпайсызбы. Эң башкы нааразылыкты президент Бакиевдин кайсы саясаты жаратып жатат деген ойдосуз?

-Эң башкы нааразылык мындай. Революция болгондон кийин эле 25-мартта президенттин үйбүлө мүчөлөрү мамлекеттик бийликке аралашпасын деген максат менен Курманбек Бакиевди Борбордук аянтка алып келип инилеримди, үйбүлө мүчөлөрүмдү, бала-чакамды бийликке аралаштырбайм деп убада бериңиз деп, убадасын алганбыз. Анткени биздин эң катуу корккон маселе ушул болчу. Мына андан бери 3 жыл өттү. Негизги себеп мына ушул болуп жатат. Анткени бүгүн президенттин үкаларын президенттен артык күтүп алмай ачык эле болуп калбадыбы. Анысы аз келгенсип инилери жергиликтүү маселелерге чейин кийлигишип кетишпедиби. Мына элдин кыжырын келтирген ушул болуп жатат.

Экинчи маселе - элдин байлыгы болгон мамлекеттик менчик кайрадан бөлүнө баштады. Акаевдин баласынын менчиги мунун баласына, Акаевдин балдыздары жана башка туугандарына тиешелүү менчик мунун инилерине өтүп жатат. Ушуга окшогон көрүнүштөр элдин кыжырын келтирип жатат.



- Элдик ыңкылап 2002-жылы болгон Аксы окуясынан башталбады беле. Анан Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү эмдигиче аныктала элек. Сиз Башкы прокурор болуп турганда ушул окуянын аягына чыгам дегенсиз, бирок эмдигиче жыйынтык чыга элек. Буга башкы эмне себеп деген ойдосуз, эмне себептен чуунун аягы аныкталбай жатат?

-Мен башында Акаев кеткени менен анын тамырлары калып калган деп айтып кетпедимби, бүгүн Бакиевдин айланасында жүрүп, мамлекеттик бүткүл саясатты жүргүзүп жаткан адамдардын баары Акаевдин кадрлары. Аксы окуясынын чыгышына күнөөкөрлөрдүн көбү Бакиевдин айланасында отурушат. Курманбек Салиевич реалдуу жыйынтык чыгарайын дегенде да анын айланасындагы адамдар таасирин тийгизип жатат. Эмне үчүн? Себеби алар эгерде Садиевди, Абышкаевди, Карыпкуловду жана башка чоң мамлекеттик деңгээлдеги адамдарды соттотуп жибере турган болсоңуз, анда алар сизди кошо ала жатат деп күнүгө кулагына куюп жатат. “Андан көрө аксылыктар нааразы болуп отура беришсин, эгер күнөөкөрлөрдү сотко тартып жиберсек туугандары ызы-чуу болуп, бизге оор болуп калат”, - деп жатышат. Муну мага Курманбек Салиевич өзү да айткан. Мен “ушу кишилерди жоопко тартып жатабыз” десем, “Азимбек карап көрбөйлүбү, булар нааразы болуп кетпейби” деген. Биринчи себеби ушул.

Эмне үчүн коркушат? Себеби мисалы, Садиев “мен болгону министрдин орун басары болчумун. Сиздин “Тайфун” деген операцияны өткөрүү боюнча премьер-министр катары койгон колуңуз бар. Мен ошону аткаруу үчүн 17-мартта түн ичинде Кербенге келип, 18-мартта сиздин тазала деген буйругуңуз менен Кербенди тазаладым. Тазалоо операциясын жүргүзүп жаткан кезде дагы бир кишини милиция атып коюптур, дагы 10-15 киши ок жептир” деп айтат да. Анын ушинтип “Мен өкмөттүн чечимин аткарып бардым” деп берген көрсөтмөсү сурак протоколунда бар.

Мен ошондон кийин Курманбек Салиевичке бир нече жолу “Садиевди кызматтан алыңыз, Карыпкуловду элчиликтен, Акматалиевди күтүүсүз кырдаалдар министрликтен, Абышкаевди Чүй облустук сот төрагасынан бошотуңуз” деп кайрылдым. Жок, кеңешип отурушуп, үчүнчү-төртүнчү катардагы күнөөкөрлөрдү соттомуш болуп тыналы деген саясат жүргүзүп келатышат.



Мени Башкы прокурорлуктан бошотуунун башкы себеби дагы Аксы окуясын бүтүрүп, күнөөкөрлөрдү жоопко тартып салбасын деп, жоопко тартуу чегинде жетейин дегенде бошотуп салбадыбы. Мына, андан бери 3 жыл өттү, дагы эле кармап келатышат. Атүгүл эл алдында жүргөн Аксы районунун акимдерин республикалык ветеринардык кызматты башкарууга дайындабадыбы. Бул эмнени билдирет? Бул Аксы окуясы боюнча күнөөкөрлөрдүн бири менмин андан көрө чогуубуз менен каршы туруп, буларды алдап, акча, жер берели деген саясат жүргүзүп жатышат.

Былтыр Аксы окуясынын 5 жылдыгында Аксынын Каражыгачында Бакиев бир айда бүтүрөм деп убада берген. Ошондо Камкайым эне “эгерде бүтүрө албасаң, мобул таяк менен Акаевди чапкам, сени да чабам” деген. Бир ай эмес бир жыл өттү. Туура, Конгантиевди алды дагы Аксыга барарда ишти жандантымыш болуп коюп, келгенден кийин кайра жаптыртып койду.

Бүгүн таң кала турган нерсе Аксы окуясы эмес, революция болгондон кийин элдин байлыгын уурдаган, Аксы окуясынын чыгышына күнөөкөр болгон бир топ адамдар бүгүн өкмөттө отурат. Революциядан кийин алты министрге кылмыш иши козголгон.



- Сиз Башкы прокурор болуп турган мезгилде ушул Аксы окуясы боюнча Акаевди, Бакиевди, Танаевди эмне үчүн суракка чакыра алган жоксуз, эмне үчүн алыңыз жетпей калды?

-2003-жылы президентке гана эмес, кызматтан түшкөн экс-президентке да кол тийбестик деген норманы Конституцияга 2003-жылы февралдагы референдум менен киргизип койгонбуз. Эл түшүнбөй ага добуш берип салган. Конституцияга президенттин үйбүлө мүчөлөрү да кол тийбестик укугуна ээ деген норма кирип калган. Мындайча айтканда, алар өлөр-өлгүчө кол тийбестик укугуна ээ болуп, сурак алууга болбой калган. Биз ага каршы болгонбуз. Бирок аны карабай бир топ депутаттар Абдыганы Эркебаев, Кубат Байболов, Марат Султанов, Ишенбай Кадырбеков колдоп өткөрүп салышкан. Мына ошондуктан Акаев экс-президент болуп Москвада отурса да аны эч убакта сурак кыла алган жокпуз. Мен “күбө катары да сурак берсин” деп эки жолу тергөө тобун Москвага жибердим. Эки жолу тең сурак жүргүзө албай, ал элчиликке келбей коюп кайра келишти.

Андан кийин Бакиев президент болуп, кол тийбестик укугуна ээ болуп калды. Мен Бакиевге кирип, бирок сиз күбө катары сурак берип коюңуз деп айттым. “Себеби токтомго кол коюп койгон экенсиз. Сизди биз айыптабайбыз, бирок тергөөнүн акыйкаттыгы үчүн көрсөтмө берип коюңуз” дедим. Эртең эле Акматалиев менен Садиев “эмне үчүн Бакиевди сурабайсың?” дебесин, токтомго кеч кол койсоңуз дагы эмне себептен койгонуңуз тууралуу, өкмөткө тиешеси жок адамдар кеңешмеде эмне үчүн катышты эле, эмне үчүн аны Карыпкулов башкарды эле деген суроолор боюнча маалымат бериңиз, деп биринчи жолу киргенде ал “сурак бербейм” деп катуу каршы болду.

Бирок мен Клинтонду мисалга тартып, тескерисинче демократ экениңизди далилдейсиз десем “ойлонуп көрөйүн, Москвага барып келейин” деди. Москвага барып келгенден кийин сурасам “суроолоруңду даярдай бер, Америкага барып келгенден кийин сурак берейин” деди. Америкадан келгенден кийин мени Башкы прокурорлуктан алып коюп, сурак бербей койду.

Танаевди сурап жатасыз, аны суракка алмак түгүл үй камагына чейин алганбыз төрт кылмыш иши менен.



- Бирок качырып жибербедиңиздерби...

-Мен башкы прокурор кезде качты, бирок биз аны чек арадан кармап, камакка алдык. Камакка алган кезде анын чөнтөгүнөн “Инвестиция тартуу боюнча президенттин өкүлү” деп Бакиев берген күбөлүк чыгып жатпайбы! Мен ага “Николай Тимофеевич, сиз премьер-министр болгон адамсыз, качканыңыз уят эмеспи?” десем, ал мага “мына күбөлүгүм. Курманбек Салиевич инвестиция тартуу боюнча Казакстан менен сүйлөшүп кел” дегенинен кетип жаткам деп айтты.

Мен ага чейин “ушул, ушул адамдар качышы мүмкүн” деп чек арачыларга жашыруун кат жөнөтүп койгон болчумун, ошонун негизинде ал кармалып калып жатпайбы. Анан 22 депутат кепил болуп, качырбайбыз, кайтарабыз дегенден кийин мен да ойлонуп, кайра үй камагына алганбыз. Мен башкы прокурор кезде качкан жок, үйүндө отурду. Кийин эки депутат ооруп жатыптыр, Москвага алып барып дарылатып келебиз деп туруп Конгантиевдин убагында качырып жиберишти. А бирок тергөө ишинде жок дегенде медпункттун ооруду же чүчкүрүп калыптыр деген кагазы жок. Ошондуктан аны качырышты десек болот.

Ушундан улам азыркы Башкы прокуратура же укук коргоо органдары революциядан кийин ачылган кылмыш иштерин же мен ачкан 102 кылмыш ишине тиешелүү адамдарды жаап-жашырып, коргоп, тескерисинче астында бөйпөңдөп жүрүшпөйбү. Экинчиден, бир топ адамдар, мисалы Акаев, Топоев, Нанаев, Носов, Сарыгулов баш-аягы Интерпол издеп жүргөн 20дан ашык адам азыр Москвада жашап жүрүшөт. Эмне үчүн аларды Интерпол көрбөйт? Эмне үчүн бул жакка алынып келинбейт?

Адил Тойгонбаевдер эл аралык издөөдө, санкция берилген. Менин оюмча, ушул маселеге келгенде Орусиянын расмий бийлиги биздин коррупционерлерди колдой тургандыгын далилдеп жатат. Анткени мен Орусиянын башкы прокурору Устиновго, Казакстандын президенти Назарбаевге чейин кат жаздым. “Алар биздин жарандар, бербейм” деп жатпайбы! Көрсө, биздин Кыргызстан жалпы үй турбайбы.

Мисалы, азыр орус улутундагы мамлекеттик кызматкерлердин баарынын чөнтөгүндө Орусиянын паспорту бар. Бир нерсе болсо эле баса беришет.
Туура, эки президент гана суралган жок, башкалардын баары Абышкаев, Садиев, Акматалиевдер суралышты. Алар ыйлай башташкан. Бир күнү Курманбек Салиевич чакырды. Барсам Абышкаев отуруптур, анан “буга эмне үчүн иш козгоп жатасыңар? Баарын Карыпкулов менен Кудайбергенов кылган да, Абышкаевдин күнөөсү жок да, жөн эле койбойсуңарбы” деди. Мен “Курманбек Салиевич, сиз адвокат болбоңуз, эгер күнөөсү жок болсо аны сотко барып, далилдеп алсын” деп, Абышкаевдин көзүнчө да катуу сүйлөшкөн элек. Ошондуктан, президент экөөбүздүн ортобуздагы карама-каршылык бийлик талашуудан чыккан жок. Ошол революциянын максаттарынын ишке ашпай жаткандыгынан чыкты.



-Жогоруда сиз Танаев чек арада кармалганда чөнтөгүнөн күбөлүк чыкты деп айтып кетпедиңизби, бул эмнени билдирет?

-Ошол күбөлүктү алып, мен Курманбек Салиевичке барып, “мен коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп, жаман көрүнүп жатсам, сиз аларды жаап-жашырып, күбөлүк берип, мага каршы иштеп жатасыз, мен муну кандай түшүнөм?” деп айттым. Ал “эми ал Казакстанга барып инвестицияга тартам дегенинен бердим эле” деп, олуттуу маани бербей, “аны койчу” дегендей мамиле жасады. Ушуну менен маанилүү маселеге жакшы көңүл бурбагандыгын жана Акаев, Танаевдер менен эч убакта ажырашып кете албастыгын далилдеп жатат. Анан мен кантип жанагы иштердин аягына чыгара алат элем? Мен өзүмдүн саясатымды так жүргүздүм, бирок президент экөөбүздүн көз карашыбыз эки ачакей кетти.

- Эми сиз кайрадан революциялык комитет түзүп, 2005-жылга чейинки максаттарды алдыга коюп жаткандай болуп турасыз. Ал ишке ашат деген ишеним барбы? Эл ушундай саясий чуулгандардан жадаган жокпу?

-Эл жадаган жок. Эл кимге ишенээрин билбей турат. Эл мага да ишенбей, Бакиевге да ишенбей турат. Башка оппозиционерлер менен саясатчыларга да ишенген жери жок. Себеби эл эптеп бийликке жеткиче эле бизди пайдалана берет турбайбы деп түшүнүп калды. Биз, 2005-жылы революция жасагандар элге ушундай түшүнүк берип салдык. Бийликке келгенден кийин эле баарын унутуп, алмай, жемей, туугандарын көтөрмөй, бир нерсе деп каршы болгондорду жамандамай, коркутмай, жок кылмай, кыскасы баягы эле Акаевдин убагындагы саясат.

Азыр деле Революциялык комитетке ишенбеген эл көп. Бекназаров Бакиевдин ордуна келгиси келип жатса керек деген көз караш бар. Мен ошондуктан президент өз убагында, же мөөнөтүнөн мурда шайланабы, жокпу эч качан президенттикке барбайм. Бакиевдин убагында эч качан бир кызматка да барбайм. Анткени кайсы бетибиз менен барабыз? Биз тарыхый миссиябызды гана аткарган жатабыз.

“Үч жыл мурда силерди ээрчитип, ишенимиңерге кирип алып, жеп-ичмейлерди кустуруп, элдик бийликти орнотобуз деген элек, ошонубуз ишке ашпай калды” деп, жаңылганыбызды элге түшүндүрүп, өзүбүз алып келген бийликти өзүбүз кичине ооздуктап, “ушундайды күттүк эле” дегендей мамлекетти курсакпы деген эле тилек. Бирок бул бийлик менен күрөшпөй, унчукпай жатып алгандан ашкан кылмыш жок. Эмне үчүн дегенде Акаев Үзөңгү-Куушту, Какшаалды, Хантеңирди, Сары-Жазды берип салды.

Эми ошол эле саясатты Бакиев улантып, кыргыздардын хандары бириккен, Көкөтайдын ашы өткөн, кыргыздардын тарыхы менен байланыштуу Каркыра жайлоосун казактарга берген жатат. Ал аз келгенсип, Маймакты, Токмоктун жанындагы жерлердин баарын казактарга өткөрүүгө “Ак жол” партиясын мажбурлап жатат. Анткени жакында Казакстанга барам, ушуларды дасторкон кылып алып барайын деп жатат. Мына ушулардын баарын көрүп туруп, унчукпай коюу чоң кылмыш!



-А сиздин артыңызда тилегиңизди колдоочулар көппү?

-Муну революциянын экинчи баскычы деп койсок болот. Анткени үч жылдан бери мурдагы аракеттен майнап чыкпагандыгын көрдүк. Биздин максат мурдагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруудан арылуу. Менин оюмча, бүткүл Кыргызстандагы оппозициячыл маанайдагы саясий күчтөр эле эмес ортодо турган көп интеллигенттер бизди колдоду. Ошондуктан биз Ревком, Коомдук парламент же баланча кыймыл дебей эле 29-мартта бүткүл кыргыз элинин курултайын өткөрөлүк дагы, Кыргызстанда болуп жаткан көрүнүштөргө өлкөнүн булуң-бурчунан келген элдер өздөрү баа берип, чечим кабыл алсын деген чечимге келдик. Бул ынтымакка келүүнүн бир кадамы. Муну менен элдин колдоосу, саясатчылардын колдоосу бар экенин далилденди. Андан кийинки кадамды эл кандай чечим кабыл алса ошого жараша жасайлы, ага чейин пикет, митинг өткөрүп, Акүйдү басып алалы дегенди токтотолу, эл эмне десе ошону жасайлы деген пикирге келдик.

-Азыр сиз кайрадан Революциялык комитет түзүп коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшөм деп жатасыз. Бирок эл арасында “башкы прокурор кезинде топтоп алган байлыгы бар. Бийлик ошол байлыгынан ажыратып, аксатып коет” деген пикирлер айтылып жатат. Ошонун чындыгы барбы?

-Мен Башкы прокурорлуктан түшкөндөн тартып эле Курманбек Бакиев өзү да “мунун Баяман менен байланышы бар. Ошон үчүн кызматтан алдык, ага далилдер бар” деп айтып жиберген жери бар. Мындай саясат 3 жылдан бери мени каралоо үчүн атайын жүргүзүлүп келатат. Эгер ошондой фактылар болсо бийлик менин көзүмдү эбак эле тазаламак. Эмне үчүн ушундай саясат жүргүзүлүп жатат? Себеби прокуратура, укук коргоо, сот системасы эң катуу коррупциялашкан тармак. Бекназаров бул жерде 6 ай иштеп калды, демек ал дагы коррупционерге айланды, ушинтип айтсак эл ишенет деп жасап жатышат. Мени ушинтип каралоого Кыргызстанда чоң күч бар. Себеби, мен 102 кылмыш ишин ачып, 102 акчалуу чоң чиновник менен коррупционердин куйругун бастым да! Алар бүгүн мага жабыла каршы иштеп жатат. Андан башка мен 32 кишиге каршы санкция бергем. Бизнесмен, мафияга кирген адамдар толтура. Алардын көбү мен башкы прокурор кезимде качып кетип калышкан. Анан ошол адамдар мени жөн коет дейсизби?

-Алардан коркпойсузбу?

-Алар мага каралоодон башка эмне кылышат? Эң башкысы Кудай алдында, элимдин алдында, өзүмдүн абийиримдин алдында таптазамын. Жок нерсе эч качан аягына чыкпайт. Мен булардын кекиртегине чыккан чыйканмын.

-Азимбек мырза, бизге куруп берген маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG