Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

17:20 Жоголду делген журналист менен аялын издөөнү ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды


Ички иштер министрлигинен билдиришкендей “Вечерний Бишкек” гезитинин өздүк кабарчысы Юрий Александров менен аялы Ангелинаны табуу үчүн азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлери толугу менен тартылды. “Вечерка” гезитинин маалымдашынча алар кабарчыны аялы менен акыркы жолу 7-мартта көрүшкөн. Жубайлар ошол күнү кечинде шаардагы “Пекинская утка” кафесинде кесиптештер кечесинде болуп, ал жерден жергиликтүү убакыт боюнча 21:30дар чамасында кетишкен. Айрым маалыматтарга караганда журналисттин жанында чоң суммадагы акча болгон. 59 жаштагы Юрий Александров көп жылдардан бери “Вечерний Бишкек” гезитинде өздүк кабарчы болуп иштеп келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG