Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

АКШ ИСЛАМ САММИТИНЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ МУСУЛМАН ЭЛЧИ ЖӨНӨТТҮ


Амирбек Усманов, Прага 12-мартта Сенегалда Ислам конференциясы уюмунун 11-жылдык чогулушу ачылды. Эки күндүк бул жыйынга АКШ биринчи жолу атайын чабарман жөнөттү. АКШ жетекчилигинде теги пакистандык ишкер Сада Кумбер мусулман дүйнөсүндө Кошмо Штаттарды туура түшүнүүгө жардамдашат деп ишенишет. Ал эми мусулман аалымы Умид Сафи болcо ислам өлкөлөрүндөгү АКШ жөнүндөгү пикирди оңдоо үчүн дипломатиялык аракет жетишсиз, Вашингтон тышкы саясатын өзгөртүүсү зарыл дейт.

Сада Кумбер 59 жашта. Пакистандын Карачи шаарында туулган жана АКШга 1978-жылы көчүп келип, 1986- жылы жарандык алган. Техас штатында технологиялшык 11 ири компаниясы бар. Жакынга чейин Soso Tek телекоммуникация компаниясын жетектеген.

Мамкатчы Кондолиза Райстын айтымында, Сада Кумбердин Ислам конференциясы уюму - ИКУнун жыйына баруусу ислам дүйнөсүнө АКШнын мусулман өлкөлөрүнө карата жүргүзгөн саясатын, анын баалуулуктарын тууура түшүнүүсүнө жардамдашуусу керек:

-Биз Кошмо Штаттарда дүйнөнүн 1 миллиарддан ашуун ислам дининдеги адамдары жөнүндө көбүрөөк билүүбүз керек экенин түшүнөбүз. ИКУдагы жаңы атайын чабарманыбыз ислам өлкөлөрүнүн жамаатын оң жана сый-урмат мамиле аркылуу түшүнүүбүзгө мүмкүндүк берет.

Сада Кумберди 56 мусулман өлкөсү катышкан жыйынга аттанаар алдында президент Жорж Буш өзү кабыл алып, саммитке «эркиндиктин жана тынчтыктын досу» ирети баратканын белгиледи:

- Сиз өтө маанилүү кызматтасыз. Американы туура эмес түшүнүү кеңири тараган. Сада биздин чындыкты түшүндүрүү аракетибиздин бир жышаанасы. Адамдар Америка жөнүндө укканда биздин өлкө боорукер адамдарга толтура экенин, биздин башка адамдардын көзкарашын сыйлаганыбызды билишет. Алар бизди акырындап, туура баалай башташат.

Сада Кумбер өзү болсо америкалык мусулмандардын, ошондой эле анын бизнестеги ийгилиги АКШны оң баалап-түшүнүү үчүн мыкты курал болот деп ишенет:

- Менде америкалык мусулман катары дүйнөнүн мусулмандары менен өз өлкөм арасындагы диалогду, өз ара урматташууну, ишенимди алга жылдыргандай мыкты көрөңгөм бар. Мен жаңы байланышты түзгөндө жана өз ара түшүнүүгө жардамдашууда өзүм сыяктуу миллиондогон жолдуу мусулмандардын тажрыйбасын үлгү катары пайдаланам деп ойлойм.

АКШнын мусулман дүйнөсү менен мамилени оңдоосу үчүн дипломатиялык аракет жетишсиз деп санайт мусулман аалымы Умид Сафи. Анын пикиринде, оболу АКШ тышкы саясатын өзгөртүүсү зарыл:

- Мусулман дүйнөсүн кыжырдаткан фундаменталдык проблемаларды өзгөртмөйүнчө, кулактандыруу, түшүнүктү контролдоо, зыянды контролдоо бетти упалап-майлап койгондой эле иш болот.

Түндүк Каролина университетинин профессору Умид Сафинин айтымында, мусулмандарды Ооганстандагы жана Ирандагы согуш, АКШнын палестин чатагында Израилдин таламын жактоосу аябай кыжырдантып, жаман пикир жараткан.

XS
SM
MD
LG