Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

8-мартта Прагадагы “Каштан” театрынын сахнасында борборазиялыктардын “Жагалмай” фольклордук тобунун концерти өттү. Концертти утурлай топтун негиздөөчүсү Жаңыл Жусубжан менен Жаннат Токтосунова маектешкен эле.



-“Жагалмай” тобу акыркы бир нече жылдан бери Европанын ар түрдүү сахналарында чыгармачылыгын тартуулап жүрөт, бул жолку концерт эмнеси менен айрымаланат?








-8-март майрамын Коммунисттик доордон көңүлү калган чехтер таштандыга таштап салышкан. Ал эми биз, борборазиялыктар, кыргызстандыктар үчүн аялдар маселеси өтө маанилүү деп эсептейм. Мен өзүм чет жакада жүргөндөн кийин чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздар менен көп жолугушам. Ар түрдүү маалыматтар боюнча алардын дээрлик 70 пайызы – аялдар.

Жакында мен мисалы Италияга барып келдим, ал жерде жаңы жыл астында кыргыздар чогулушкан экен. Алардын көпчүлүгү кыз-келиндер, анын ичинен 99 пайызы жашыруун жүргөнүн көрдүм. Акыркы беш жылдан бери 24 сааттан эс алуусуз иштеп жаткан психолог эжебиз бар экен. Ушундай тагдырда жашап жаткан эжелерибиз, сиңдилерибиз көп. Аларга ушундай жол менен таазим этип коелу дедик.


«Жагалмай» тобу темир комузда «Селкинчек» чыгармасын аткарууда

-Демек бүгүнкү концертке көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрүнөн Прагага келип иштеп жаткан мигранттар келет экен да…

-Концертке биз албетте жердештерибизди чакырдык. Кыргыздар такай келишет. Ошол эле учурда чехтердин арасында да биздин маданиятыбызга, тарыхыбызга кызыккан досторубуз, тааныштарыбыз бар, алар да сөзсүз келет. Биздин ыр-күүлөрүбүз такыр бөлөкчө болгондуктан алар биздин чыгармачылыкка өтө кызыгуу менен карашат. Буйрук болуп, Кыргызстандан Прагага “Бир дүйнө” документалдык фильмдер фестивалына катышуу үчүн акыйкатчы Турсунбек Акун жана укук коргоочу Төлөйкан Исмаиловалар келишкен. Аларды да чакырдык.


Лайли Жиенбай домбра сырын ачууда

-Жаңыл, “Жагалмай” тобунун мүчөлөрү тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? Эмне болуп чогулуп калдыңар эле?

-Топ негизинен төрт кыздан турат. Алар: Эльвира Жумаева, Гүлсара Токтосун, Карамат Токтобаева жана мен. Ар бирибиздин өзүнчө бир талантыбыз бар. Мисалы, Гүлсара Токтосун Кыргызстанда “Ак марал” бий тобунда, башка этнографиялык топторунда бийлеген. Карамат Токтобаева болсо бир кезде “Асаба” гезитинде иштеген. Ал биринчи кесиби боюнча музыка мугалими болгондуктан, баарыбызды темир комузда ойногонду үйрөттү, мен болсо комузда ойнойм. Ошентип баарыбыз биригип келгенде эле ар бир жолу жаңыча бир ойлор, идеялар чыгат.



Маселен, жакында Карамат “Акийнектин” сөздөрүн жазды эле. Аны биз жаңыдан үйрөнүп, эми алгачкы жолу сахнада Чехияда жүргөн кыргыздарга сунуш этели деп жатабыз:





- Ай кыз!
- Ай эмне??!
- Сумсаясың тимеле
Суук күндөй мелтиреп,
Кабагыңа кар тоңуп,
Кайдан келдиң тентиреп?

- Сын такпачы кур бекер,
Сынагандай үнүң бар.
Сыдыковдун катындар,
Сыйрып алчу түрүң бар!
Акыя, акыя, акы-акы-акыя!

- Менин атам сурасаң,
Берене жаздык жазданган.
Пейли жакшы ак бейим,
Бектин уулу атанган.

- Сенин атаң бек болсо,
Анда мында не келдиң?
Карындашы окшойсуң,
Качып кеткен неменин.
Акыя, акыя, акы-акы-акыя!

- Кой баксаң да өйдөсүң,
Күнүң өтмөк Кочкордон.
Кыш куйганга ылайды,
Таппадыңбы Токмоктон?

- Кайдагыны сүйлөбө,
Кандан үмүт үзүлгөн.
Акаевдин калганын
Азыркысы бүтүргөн.
Акыя, акыя, акы-акы-акыя!

- Таңда окуган балдарга,
Пряник бери жатпайбы?
Жок дегенде ошого
Жарап берип жатпайбы?

- Жараганы курусун,
Жамы журтум чачылды.
Эли көчүп түштүктүн,
Этек-башы ачылды.
Акыя, акыя, акы-акы-акыя!

Чогуу: Жаагы тынбай урушкан
Жакыр заман белгиси.
Калпы-чыны билинбес,
Качыр заман белгиси.

Өсөр жагын барктайлы,
Өлөөр жагын баспайлы.
Өлкөбүздүн тагдырын,
Өзүбүздөн баштайлы.
Акыя, акыя, акы-акы-акыя!


Ушинтип биз турмуштун ачуу чындыгын тамаша-чынга аралаштырып, унутулуп бара жаткан акийнек деген өнөрүбүз аркылуу билдиргенге аракет кылдык.


“Койчунун ырын” аккордеон менен Чехияда белгилүү джаз ырчы Весна Кацерос коштоодо

-Менин байкашымча, сиздердин аткарган ыр-күүлөр Кыргызстандын өзүндө унутулуп бара жаткан элдик чыгармалар экен. Эмне себептен сиздер оор, көпчүлүк адамдарга түшүнүксүз элдик, фольклордук жанрды тандап алдыңыздар?

-Себеби жөнөкөй эле. Кыргыздар өзүнүн тилин унутуп, тарыхын унутуп жатат. Мисалы, кыргыздын санжырасын алалы. Чехтердин көпчүлүгү 19-кылымда өзүнүн тарыхын билген эмес. Ал эми ар бир кыргыз өзүнүн тарыхын өтө жакшы билген. А биз болсо санжыраны унутуп калдык. Биз өзүбүздүн тарыхыбызга байланышкан же маданий байлыгыбызды билбейбиз. Баарын коюп, “Манас” эпосу эмне жөнүндө деп сурасаң, көп киши билбейт. Булардын баары жок болуп кетсе, жалпы адамзаттын жүрөгүнүн бир чети үзүлүп калгандай болот да. Ошол кандай оорчулук экенин сезгендиктен, биз колубуздан келишинче маданиятты сактоого жардам берип жатабыз.


Кичинекей бийчи Саяра

Экинчи чети, биз өзүбүзгө да жардам берүүдөбүз, себеби алыста жүрүп, Ата мекенибизди сагынабыз. Кошумчалай кетүүчү нерсе, биздин топко казак, түркмөн кесиптештерибиз да кошулуп калат. Биз азербайжан ырларын ырдайбыз. Маселен репертуарыбызда “Сус котун” деген ислам дооруна чейинки жаанды тилеген ыр бар. Ушул сыяктуу чыгармаларды көп аткарабыз. Алар көпчүлүккө анчейин түшүнүктүү болбогон, бирок биздин түпкүлүктүү маданиятыбызды чагылдырган ыр-күүлөр болуп эсептелинет.



Ал эми биздин мындан аркы чыгармачылыгыбыз кандай кетет, кайсы жерге барып аткарабыз, азыр белгисиз. (Күлүп) Мүмкүн бир күнү концерт менен Кыргызстанга да барып калабыз, күтүп алсаңар эле болду.

-Маегиңизге рахмат!

Тектеш

XS
SM
MD
LG