Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Ушул күндөрү Европа парламентине 50 жыл толууда. 1958-жылы жаңы түзүлгөндө бул уюм ал кезде 6 гана өлкө кирген Европа Биримдигинин кеңеш берүүчү чакан органы болгон. Азыр анда 27 өлкөдөн демократиялык шайлоолордо шайланган 785 депутат бар. Европарламент 342 миллион кишилүү дүйнөдөгү эң ири улуттар аралык демократиялык шайлоочулар биримдиги болуп саналат. Ошол эле убакта Европарламент чыгарган мыйзамдарынан мурда, башка парламенттерге окшобогон жактары менен көбүрөөк белгилүү.

Европа парламенти биринчи кезекте туруктуу бир жерде эмес, үч башка жерде иш жүргүзгөнү менен таанымал.

Анын пленардык жыйындары Страссбургдагы Куис Вайс деп аталган заңгыраган айнек-метал имаратында өтөт. Мунарага окшош бул имарат 16-кылымда жашап өткөн Петер Брейгелдин сүрөтүндөгү Вавилон мунарасына окшоштуруп салынган. Вавилон мунарасы сыңарында, анын төбөсү атайылап чала бүткөн бойдон калтырылган. Бул Суук согуштун мезгилинде Европанын калган бөлүгүнөн 40 жылдан ашык убакыт обочодо калган Чыгыш Европанын кайрадан катарга кошулушун эске салат.

Парламенттин экинчи кеңсеси Брюсселдеги Эспейс Леаполд имаратында жайгашкан. Бул да айнек менен металдан жасалган жай. Анда чакан жыйындар жана комитеттин чогулуштары өтөт. Ал эми парламенттин администрациясы Люксембургдагы Улуу Герцог ак сарайында.

Парламенттин 785 депутаты өздөрүнүн жардамчылары менен мына ушул үч жайдын ортосунда "көчүп" жүрүшөт. Европалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен иштеген парламентти көпчүлүк артык-баш чыгым келтирген орган деп санаганы таң калыштуу эмес.

Иш жүзүндө Европарламент 2937 мүчөсү бар Кытайдын Элдик конгрессинен кийинки эле дүйнөдөгү экинчи ири мыйзам чыгаруу органы. Бирок евро-депутаттар бир партиянын кол баласы саналган кытайлык парламент менен башка окшоштугубуз жок деп эсептээрин элестетүү кыйын эмес.

Мындан жарым кылым мурда түзүлгөндө, Европарламент мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрү менен Еврокомиссиясынын ортосундагы таасири жок орган болгон. Бирок ага алгачкы депутаттар 1979-жылы түз шайлоодо шайлангандан тартып, парламенттин аброю да акырындык менен өсө баштаган. Бүгүнкү күндө анын эң күчтүү мандаты деп Евросоюздун көп миллиард доллардык бюджетине вето кое ала тургандыгын атоого болот.

Брюсселдеги Европа саясатын изилдеген борбордун баяндамачысы Сара Хагмандын айтымында, азыр 27 өлкө кирген Евробиримдиктин мүчөлөрү учурда ратификациялап жаткан жаңы Лиссабон келишиминде Европарламенттин туруму дагы бекемделет:

- Лиссабон келишими боюнча, айрыкча жаңы чечимдерди кабыл алууга байланыштуу парламенттин мандаты бекемделет.

Мурда парламент бул чечимдер боюнча макулдугун гана бериши керек болчу. Башкача айтканда, ал мындан ары бийликтеги Министрлер кеңеши менен катар, айыл чарбасы, биримдиктин структуралык каражаттары сыяктуу маанилүү тармактарда да мыйзамдарды өзгөртүүгө укук алат.

Ошол эле убакта Европарламент мүчө мамлекеттердин кадыресе мыйзам чыгаруу жараяндарына байланышкан чөйрөлөрдө бардык мандатка ээ болбойт.

Дагы айта кетчү жагдай, Евросоюздун бардык эле атуулдары парламенттин иши алардын күнүмдүк турмушуна кандай таасир этээрин анчейин биле беришпейт. Мисалы, банктардын дебиттик карталарын өз өлкөсүнөн сырткары жактарда колдонуунун чыгымдардын же чөнтөк телефонунан коңшу өлкөгө чалганда баалардын кыйла төмөндөшүндө Европарламент чечүүчү роль ойногонунан көпчүлүктүн кабары жок.
XS
SM
MD
LG