Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

07:21 М. Ниязов: 24-март – ыңкылап эмес, элди ойготуу күнү болду


Мындай пикирин «Азаттыкка» коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязов парламенттин 24-мартты майрам күнү катары белгилөө чечимине карата билдирди. Ал депутаттардын 24-мартты ыңкылап күнү деп белгилөө чечимин колдобостугун айтты:

-24-мартта чыккан эл азыркыдай абал болот деп күткөн эмес. Учурда мурдагыдан да эки эсе оор күндөрдү көрүп жатабыз. Революциядан кийин өлкө таптакыр башка жол менен кетиш керек эле, бирок андай болгон жок. Ошондуктан 24-марттын авторлору жоопкерчиликке тартылышы керек. Бийликке ачкөз адамдар келди. Ач адамды тойгузса болот, ачкөз адамды тойгузуу мүмкүн эмес, - дейт М.Ниязов.

24-мартты майрам деп жарыялоо үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүүнү адилет министри Марат Кайыпов сунуштап, бул долбоор кечээ Жогорку Кеңеште каралып, аны 67 депутат колдоду. (MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG