Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

ЗОРДУК ЖЕРГЕ КЕЛСЕ, КОРДУК ЭЛГЕ КЕЛЕТ


Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттеринин дээрлик баары пансионаттар менен Каркыра жайлоосу... Кыскасы Жогорку Кеңештин колу менен коңшуларга берилген жаткан, бирок ушу тапта талаш-тартыштын бутасына айланган Жер тагдыры жөнүндө жазып чыгышты.

Арсыз бийлик десек арданат эмеспи. Биздикилер эми Каркыранын калганын бергени турат. Казагың карышкыр экен. Мурун зордук менен Ийри-Сууга чейин кирип ээлеп алды эле, эми анын берки өйүзүнө чыгып биздин жерге тереңдеп барат. Ошол тарапта бир таш бар экен. Ал ташка: “Бул жерде Чокан Валиханов болгон” деп айкөл кыргызың жазып койбойбу. А казагың болсо “Мына биздин Чоканыбыз белгилеген биздин жер” деп ээлеп алып жатпайбы. Чокан Валиханов Ак Падышага чалгынчы болгонун айтмай жок деп жазды “Аалам” гезитине белгилүү журналист Баратбай Аракеев “Бакиевди эмес, Бокмурунду күтүп жатабыз” деген макаласында.

“Каркырадан 620 гектар жер, Ысыккөлдөн 4 пансионат казактарга кеткен жатат. Мындай темп Кыргызстандын келечегине доо кетирбейби?” деген суроо менен “Агым” гезити окурмандарына кайрылганда экс-депутат Тайырбек Сарпашев, муну тарыхый документтердин негизинде такташ керек десе, Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөр ассоцациясынын президенти Карыпбек Алымкулов, казактар Ысык-Көлдүн жээгине 60 пансионат куруп жибериптир деген сөздөр бар. Союз убагында курулган 4 пансионатты да берген жатабыз. Ага кошуп Каркырадагы 620 гектар жерибиз да кеткени жатат. Анын ордуна казактардан эмне алабыз? Эмне биздин жер ушунчалык эле көпбү, ар кимдерге таратып бере бергидей десе, “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев: "Биздин партия башынан буга каршы, Каркыра Манас жердеген ыйык жер. Президент улуттун кызыкчылыгын коргош керек. Орто Азиядагы эң чоң заводдордун бири болгон Кант цемент-шыйпыр заводун казактарга берип эмне таптык деп, Улуттук Билим берүү Академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев, биздин көп жерлерибиз Өзбекстан менен Казакстанга өтүп кеткен союз маалында эле. Жерди ушинтип четинен кертип бере берүү саясаты акыры мамлекетибиздин жоголушуна алып келет. Үзөңгү-Кууштан эбак айрылганбыз. Эми Каркыранын 620 гектарын казактарга, Ысыккөлдүн ичинен 800 гектардан ашык жерди Россияга бергени атабыз. Таластын Маймак тарабындагы жерлер казактарга өтүп кеткени качан. Мындан башка тажик, өзбектерге көмүскөсү көмө кытайларга, түрктөргө сатылып кеткен жерлерибиз канча. Кезинде тээ Иле дарыясынын боюна чейин биздин ата-бабалар жайлап келген. Эми ошолорду сурагандын ордуна биз кайрадан жерибизди берип жатабыз",- деп жооп берди.

Ушул эле гезит А.Атамбаев менен Б.Бешимовду сырткы күчтөр президенттикке тандап атат деген имиш бар экенин, Бакиев Германияга кетер алдында экс-депутат А.Келдибековго мамкатчылык кызматка жарлык берсе Акүйдүн айрым лөктөрү ажонун указын четке кагып жатканын, спикер А.Мадумаров менен Д.Үсөнов өткөн 7-мартта жубайларын Дубайга алып барып майрамдатып кайтышканын, Сыдыков “ичкиликмин” деп жүргөн Досбол Нур уулунун уруусун сүрүштүрүп, түбү саяк экенин ырастап чыгып, мунусун Үсөн аке Досболдун бетине айтса Досбол чебелектеп: ”Эми мунуңузду эчкимге айтпаңыз, бийликте турганда ичкилик эле боло турайын” деп тердеп-кургаганын, Бишкектин Ата Түрк паркына үй куруп алган 123 кишини эчтеке кылалбайбыз деп алакан жайган шаар башчысы Д.Үсөнов, бирок бул үй-жайсыз “бечералардын” аттарын атаганын, алар: Апас Жумагулов, Аманбек Карыпкулов, Болот Абилдаев, Турсунбай Бакир уулу, Курманбек Осмонов, Сооронбай Жээнбеков, Карыпбек Алымкулов, Леонид Калашников, Рашид Тагаев жана ИИМдин бардык министрлери, Жогорку Соттун мүчөлөрү, Улуттук Коопсуздук Кызматынын министри экендиктерин маалымдап, мындан да кызыгы мына ушул Ата Түрк паркынан алынган жердин мыйзамдуулугун текшерүү Атайын Прокуратуранын прокурору Галина Пугачевага тапшырылса, анын да ушул парктан алып койгон жери бар экен деп жазды.

Ундун, буудайдын, нандын баасы кайрадан өсүүдө. 2010-жылга чейин азык-түлүккө болгон баа кымбаттаганын токтотпойт. Акыркы 1 айдын ичинде эле Казакстандан ташылып келинген буудайдын 1 тоннасы 250-270 доллардан 400-450 долларга чейин өстү. Ал эми дүйнөлук биржада 1 тонна буудайдын баасы 800 долларга көтөрүлгөнүн айтышууда. Эгер Казакстандан буудай келбей, Орусия да буудайын сыртка чыгарбай, абал кыйындай берсе үмүт Кытайда калат. Кытай да 1-январдан тартып ундун баасын 10 пайызга кымбаттатты деп айтты бүгүн “Заман Кыргызстан” гезитинин суроолоруна берген жообунда “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков.

“Кыргыз туусу” гезити академик Жамин Акималиевдин дыйканчылыктын көйгөйлүү маселесин козгогон макаласын жарыялады. Акималиев мырза, азыр айыл чарбасына жарактуу 6,5 миллион гектар жер эрозияга, 100 миң гектарга жакын айдоолор сазга, 500 миң гектар жер каткалаңга айланууда, мындай абал айрыкча Чүй менен Баткенди каптады деп белгилеп, ошон үчүн биринчиден, жерди которуштуруп айдоону колго алуу зарылдыгын, экинчиден, жалпы айдоо аянттарынын 25 пайызына эспарцерт жана беде айдоо керектигин, анткени бул көп жылдык чөптөр жердин өмүрүн узартарын, үчүнчүдөн айдап-себүү, сугат иштеринде агротехникалык эрежелерди так сактоо, шор, туз, саз баскан жерлерди тазалап, аны пайдалануунун технологияларын ишке кийрүү керектигин айтып баалуу кеңештерин берген.

“Жаңы ордо” гезити “Министр Коңгантиевге кулак кагыш”, “Көлдөгү казак пансионаттары 15 миллион доллар турат” деген өзөктүү темалар менен гезиттин жаңы санын окурмандарына тартууласа, Москвадагы Фергана РУ маалымат агенттиги менен өнөктөшүп чыга баштаган “Репортер” аттуу гезит “Аксы коңгуроосу кимдер үчүн кагылууда” деген макала менен ачылды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG