Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

11:15 Нарында «Де-факто» гезитин коргоо комитети түзүлдү


Анын түзүлүшүнө аталган гезиттин үстүнөн сот иштери жүрүп жатышы себеп болууда. Комитетке азыр Акталаа, Атбашы райондорунан жана Нарын шаарынан аталган гезиттин күйөрмандары киришти. Комитет жетекчилигине болсо Бекчайым Молдокулова шайланды. Гезит күйөрмандары эми «Де-факто» гезитинин окурмандарынын ассоциациясын түзүү аракетин көрүүдө. Президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев өзү тууралуу гезитке чыккан бир макалага байланыштуу “кадыр баркыма шек келтирди” деп, макала авторунан 500 миң сом редакциядан 1 млн. сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган эле. Гезит жамааты жана айрым саясий ишмерлер муну саясий кысым катары балоодо. Мындай комитет буга чейин Ошто да түзүлгөн.(SM)

XS
SM
MD
LG