Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

ИНТЕРНАТ ЖАКШЫБЫ ЖЕ АЛЬТЕРНАТИВДИК МЕКЕМЕЛЕРБИ?


Аида Касымалиева, Бишкек Мектеп-интернаттарынан жана балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккандардын 80 пайызы кайрадан мамлекеттик мекемелерге кайтып келишет. Бирок бул мамлекеттик мекемелер - түрмөлөр. Мындай сандар ЮНИСЕФ бир катар мамлекеттик балдар мекемелерин иликтеп чыккандан кийин белгилүү болгон. 2004-жылы жасалган иликтөөгө таянсак, интернаттарда балдарга катаал мамиле кылуу, аларды уруп-согуу, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү күч. Мына ошондуктан бир катар балдар уюмдары альтернативдик мекемелерди түзүү демилгесин көтөрүшүүдө. Биринчилерден болуп мындай борборлор Ысыката районунда ачыла баштаган. Альтернативдик мекемелер чынында эле интернаттардан айырмаланабы?

“Алтын уянын” балапандары

-Ата-энем 4 жашымда каза болгон.

14 жаштагы Эрлан Искендер уулу бул балдар үйүнө жакында эле келген. Анын окуясы башка миңдеген жетим балдардыкынан айырмаланбайт. Бир гана өзгөчөлүк, ал интернатка кабылбастан, мына ушул 9 орундуу “Алтын уя” үйбүлөлүк типтеги балдар үйүндө жашайт:

-Бул жакка келгенге чейин таятамдардыкында жашагам, бирок ал жактан мектепти көп калтырчумун. Интернатка баргым келбейт, себеби ал жакта сенин көңүлүңө эч ким карабайт.

Эрлан менен дагы түрдүү улуттагы 8 бала жашайт. Мектепке барышат, кээде өздөрү тамак жасашат, тарбиячысы Людмила Терентьевна менен тапшырмаларын даярдашат. Иши кылып, бардыгы үйбүлөдөгүдөй.

Көптөгөн жылдар бою билим берүү тармагында иштеген Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Ирина Карамушкина мамлекеттик интернат менен балдар үйүн салыштырып болбойт деген ойго келди:

-Айырмасы асман менен жердей. Бул жерде тазалык, көзгө жагымдуу буюмдар жана үйдүн жыты бар экен .

Ар бир бала үйбүлөдө чоңоюшу керек

Альтернативдик балдар мекемелерине жогорудагыдай үйбүлө тибиндеги балдар үйлөрү, убактылуу баш калкалоочу жайлар жана патронаттык-адаптациялоо борборлору кирет. Ысыката районундагы бул альтернативдик мекемелер райондун үйбүлөлөрдү жана балдарды коргоо кызматы тарабынан уюштурулууда.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Тим Шафтердин пикиринде ушундай кызмат түзүү менен гана үйбүлөлөрдүн жана балдардын проблемаларынын алдын алса болот. Себеби бул кызматтын алдында ар бир айыл өкмөттө участкалык социалдык-психологиялык комиссиялар иштейт. Комиссиянын мүчөлөрү айылдарды үймө-үй кыдырышып, кризиске учураган же жакыр үйбүлөнү көзөмөлгө алышат, алар менен келечекте иш алып барышат жана жардам берүү жолдорун издешет.


“Сюзен” патронаттык-адаптациялоо борборундагы бөбөк

Үйбүлөнүн жана балдардын проблемаларын жамааттардын ичинде чечүү, иш-чараларды айыл өкмөттөрдүн негизинде жүргүзүү алда канча эффективдүү дейт Тим Шафтер:

-Бул альтернативдик мекемелер мамлекеттин “Жаңы муун” программасынын негизинде түзүлгөн. Мамлекет тарабынан каржыланат. Ал эми социалдык кызматкерлерди дяардоого биз жардам бердик. Негизи, үйбүлөнү социалдык кызматтар аркылуу каржылоо интернаттарды каржылоодон бир канча арзан. Ошондуктан мамлекетке да бул ыңгайлуу. ЮНИСЕФ ар дайым ар бир бала үйбүлөдө чоңоюшу керек деген принципти колдойт. Же энесин же атасын көрбөй интернаттарда өсүп–жетилүү балага өтө жаман таасир берерин ар бир ата-эне билсе, алар балдарын беришпейт болчу.

Тим Шафтердин айтымында, альтернативдик мекемелерди ачууга Кыргызстанда бөгөттөр көп. Алардын эң чоңу – мамлекеттик балдар мекемелерине сарпталган акча каражаттарын кайра башка нукка буруу. Учурда балдар тарбияланган бардык мамлекеттик мекемелер Билим берүү жана илим министрлигине карайт. Аталган министрлик бул акчалардан айрылганга даярбы – чоң суроо.

Эң кызыктуусу, интернаттагы ар бир балага ай сайын 7000 сомдой каралган, ал эми ошол эле балага үйбүлөдө 2000 сомго жетпеген акча сарпталат.

Ысыката районундагы “Сюзен” патронаттык-адаптациялоо борборунун тажрыйбасы да кызыктуу. Аталган борбордо азыр 30 бала бар. Бул балдарды алардын ата-энелери карай албай калышкан. Кээ бирөөлөрү жакыр, кээ бирөөлөрү ичип кеткен. Кантта жашаган ата-энелер балдарын күнүгө алып кетип турушат, райондун борборунан алыс жашагандар болсо бир жумада бир жолу алып кетүүгө тийиш. Каржылоо толугу менен мамлекеттин мойнунда. Мүмкүнчүлүгү барлар 50 пайызын төлөп бере алышат. Жылына шаардык казынадан 1 миллион 800 миң сом каралат. Бала-бакчанын бул формасы жакыр ата-энелердин бутуна туруп кетүүсүнө көмөктөшүү жана бала менен байланышты үзбөө максатында түзүлгөн.

-Азыр жумушсуз да, күйөөсүз да калган энелер көп. Баласын бакчага берейин десе акчасы жок, иштейин десе, баласын таштаарга жер жок. Жакырчылыктан чыгуунун дагы бир жакшы жолу ушул, - дейт Ысыката районунун акиминин орунбасары Заря Сардарбекова.


Кабарчыбыз “Сюзен” патронаттык-адаптациялоо борборундагы бөбөктөрдү кепке тартууда

Балдарды мамлекеттик мекемелерге бербөөнүн дагы бир жолу - асыроочу же фостердик камкордук көрсөткөн үйбүлөлөрдү түзүү. Балдарды асырап алган ата-энеге мамлекет 2000 сом айлык төлөп берет. Албетте, фостердик үйбүлө түзүүгө чейин ата-энелердин баланын тарбиясына, өмүрүнө жана денсоолугуна жоопкерчилиги тестирленет дейт Балдарды коргоо боюнча департаменттин башчысы Толкун Бекбулатова:

-Бул баланын физиологиясы, психологиясы, бул биринчи медициналык жардамды көрсөтө билүү, себеби фостерди биз опурталдуу топтогу, мумкүнчүлүгү чектелген балдарды асырап алууну түшүнүшүбүз керек. .

Толкун Бекбулатова жакында департаментте балдарды альтернативдик мекемелерде кароо боюнча норма иштелип чыгышын айтты.

Ошентсе да бардык интернаттарды жаап, алардын ордуна жогоруда айтылган борборлорду түзүү демилгесине каршы чыккандар да бар.

-Интернаттарды азыр эле жаап койсок, миңдеген балдар кайда барышат? Альтернативдик институттар калыптана элек. Буга жок эле дегенде 10-15 жыл керек.

“Апакай” коомдук фондусунун жетекчиси Гүлзат Шамсутдин мына ушундай ойдо.

Талашуу мамлекеттик же альтернативдик мекемелер тууралуу болуп жаткандай туюлат. Бирок кеп ал жердеги балдарда. Белгилүү орус педагогу Сухомлинский айткандай, балдар сулуулуктун, оюндун, жомоктун, музыканын, сүрөттүн, кыялдын, жаратмандыктын дүйнөсүндө жашаш керек.

XS
SM
MD
LG