Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Кыргызстан “Миң жылдыктын чакырыктары” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/364EA758-2F25-4082-AF1D-E3F7F0FF28C1.asp программасына кирүү тууралуу АКШ өкмөтү менен келишимге бүгүн кол койду. Программанын алкагында АКШ Кыргызстанга 16 миллион долларга жакын каражат бермекчи. Акча өлкөдөгү сот системасынын жана тартип коргоо органдарынын ишин жакшыртып, алардагы коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө жумшалаары айтылды.

“Миң жылдыктын чакырыктары” деген АКШдагы мамлекеттик корпорация дүйнөдө эми гана өнүгүү жолуна түшкөн бир топ мамлекеттерге бул өңдүү каржылык колдоосун көрсөтүп келатат. Ушу тапка карата бул корпорация аталган программа боюнча 16 мамлекет менен келишимге жетишкен. Алардын жалпы суммасы 340 миллионду түзөт.

Кыргызстанды аталган программага кирүүгө жарамдуу мамлекет катары 2005-жылы тандап алышты. Бир жылдан кийин кыргыз тарап программага кошулуу ынтызаарлыгын билдирип, коррупция менен натыйжалуу күрөшүү, сот, укук коргоо системасындагы реформаларды улантуу тууралуу өз сунуштарын жөнөтүп, ал АКШ тарабынан жактырылган эле.

Өкмөт үйүндө аталган келишимге кол коюу учурунда президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын негизинде Кыргызстанда кандай иштер аткарылаарына токтолду:

- Бул программага АКШнын өкмөтү 15 миллион 900 миң доллар короткону жатат. Программа негизги үч бөлүктөн турат. Булар - тартип коргоо органдарынын ишинде ачыктыкты күчөтүү, соттордун ишин жакшыртуу жана коррупцияга каршы күрөшүү.



АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчисинин орунбасары Памела Спратлен (Pamela Spratlen) программага Кыргызстанды мүчөлүккө алуу алдынан болгон саясий окуялар бир топ тынчсызданууларды жаратканын айтты:

- Программанын ийгиликтүү аткарылышы Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөрдү жаратмак. Бирок ал жалгыз өзү эки жылдын ичинде эч кандай деле өзгөрүүлөргө алып келе албайт. Ошондуктан Мамлекеттик департамент да, “Миң жылдыктын чакырыктары” корпорациясы да конституциялык реформанын жүрүшү жана өткөн парламенттик шайлоо өлкөнү бул программа үчүн тандоо учурунда терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн деп кыжаалат болуп жатышкан. Эми программа алкагында ийгиликке жетиш үчүн өлкө мында айтылган милдеттенмелерге бекем карманып, андан сырткары, эркин басма сөз каражаттарын колдоо, добуш берүү жараянын жакшыртуу, бийликти децентрализациялоону жана жалпы демократиялаштырууну күчөтүүсү зарыл, - деди Спратлен айым.

Жакында бир топ укук коргоочулар кыргыз бийлиги соңку мезгилдерде адам укугун коргоо жаатында артка чегингенин айтып, белгилүү укук коргоо уюмдарына атайын кат жиберишкен. Анда алар Кыргызстанда бийлик кетирилген каталарын жоймоюнча, өлкөнү “Миң жылдыктын чакырыктары” программасына кошпой турууга чакырышкан болчу. Ошол укук коргоочулардын арасында “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да бар.

- Памела Спратлен айым бүгүн Кыргызстандагы алдыңкы укук коргоочулар менен да жолугушту. Ага Чолпон Жакупова, Төлөйкан Исмаилова, Самарал Майчиев жана мен болуп катыштык. Ошол жерде да Памела айым “Программа жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу болбосо, эч кандай ийгиликке жетпейт” деп баса белгиледи.



Азиза Абдрасулованын айтымында, укук коргоочулар мындан ары ишке кирип жаткан “Богосо программанын” аткарылышына такай көз салып турушмакчы.

- Келишимге эки мамлекеттин өкмөттөрү кол коюшкандан кийин биз анын алкагында иштебейбиз деп, андан такыр баш тартпайбыз. Биз анын аткарылышына көзөмөл да жүргүзөбүз, ага колдон келишинче өзүбүз да катышабыз. Ошол программанын алкагында келген каражат пайдалуу жумшалышына жакшылап көз салып турабыз, - деди укук коргоочу Азиза Абдрасулова.

АКШнын Мамдепартаментинин башчысынын орунбасары Памела Спратлен өлкөдө 18-мартка чейин АКШ жана Кыргызстан ортосунда дагы башка тармактарда кызматташуу боюнча бир топ жолугушууларды өткөрөөрү кабарланды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG