Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

13:49 Аксы окуясы боюнча элдик сот 17-мартта Каражыгач айылында өтөт


Бул тууралуу бүгүн жабырлануучулардын бири Айжигит Бейшебаев билдирди. Анын айтымында, иш-чарага Аксы окуясына кайдыгер карабаган кыргызстандык бардык расмий жана бейрасмий атуулдар чакырылган. Бир күн мурда таратылган маалыматка караганда, экс-депутат Азимбек Бекназаров жетектеген Революциялык комитет элдик сотту алып бара турган соттордун курамын, айыптоочуларды, жактоочуларды жана айыпка шектелгендерди аныктады. Ревком саясатчылар Топчубек Тургуналиевди, Дооронбек Садырбаевди, укук коргоочулар Төлөкан Исмаилованы, Азиза Абдырасулованы айыптоочулукка сунуштады. Айыпталуучулардын тизмесинде мурдагы жана азыркы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов, мурдагы мамкатчы Осмонакун Ибраимов, мурдагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев, анын орунбасары Калмурат Садиев, мурдагы баш прокурор Чубак Абышкаев баштаган 42 киши бар. Мындай тизмени мурдагы Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия да жарыялаган болчу. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG