Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Бозгундагы Тибет өкмөтү БУУну Кытайдагы зомбулукту иликтөөгө чакырды


Дхарамсала(Кангра өрөөнү, Индия). Бозгундагы Тибет өкмөтү бүгүн Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Тибет аймагындагы одоно укук бузууларды тез арада иликтөөгө чакырды. Тибет 1950-жылы Коммунисттик Кытай тарабынан басылып алынып, анын бир автономиялык аймагына айланган. Тибеттин борбору Лхаса шаарында жума күнү ири нааразылык жыйыны улантылып, Кытай бийлиги аны күч менен таркатты. Полиция жаш агызчу газ колдонду. Өкмөттүк Синхуа кабар агенттигинин маалымдашынча, кагылышуу маалында он киши мерт болду. Бозгундагы Тибет өкмөтү болсо Лхасада бери дегенде жүз киши өлгөнү тууралуу такталбаган маалымат келгенин билдирүүдө.
Кытай бийлиги тополоң кылып, мектеп, оорукана, дүкөндөрдү өрттөгөндөр айоосуз жазаланаарын эскертти. Далай Лама, бозгундагы тибеттик рухий жолбашчы, расмий Бээжиндин бул соңку ири тополоңду уюштурган тарап катары өзүнө карата айыптоосун четке какты. Батыш өлкөлөрү расмий Бээжинди сабырдуулукка,карапайым калайыкка каршы күч колдонбоого чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG