Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

16:11 Бишкекте кыргыз-америкалык кызматташтык боюнча кеңешме өткөнү жатат


Дүйшөмбү күнгө белгиленген бул жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Памела Спрайтленд катышмакчы. Ушул эле күнү Памела Спрайтленд тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушканы жатат. Ал эми дүйшөмбүдө журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. АКШнын расмий өкүлү Кыргызстанга сапар менен кечээ келген. Ушул эле күнү өкмөт үйүндө Памела Спрайтленд менен президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов «Миң жылдыктын чакырыктары» программасына Кыргызстанды кабыл алуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Программанын алкагында АКШ Кыргызстанга 15,9 млн. доллар каражат берет. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG