Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

2005-жылы болгон март ыңкылабына 3 жыл болуп калды. Кыргыз бийлиги ал күндү элдик ыңкылап күнү деп жыл сайын майрамдоо чечимине келди. Бирок ыңкылаптын максаты, Кыргызстандын азыркы бийлиги жана анын башкаруу саясаты тууралуу коомдо карама-каршы пикирлер өтө арбын. “Азаттык” үналгысынын “Коом жана турмуш” аттуу маалымат-талдоо түрмөгү мына ушул маселеге арналды.

Мурдагы совет мамлекеттеринин ичинен бийликтин башкаруусун жерип, роза, сары-кызгылт түстөгү революцияларды баштан кечирген Грузия менен Украинадан кийин Кыргызстандагы бийлик алмашуу тарыхта “жоогазын революциясы” деген ат менен калды. Бирок ал ыңкылап болдубу же төңкөрүш болдубу жана ал өз максатына жеттиби деген собол кыргыз коомунда азырка чейин талаш.


Дүйнөлүк саясий окуяларга баа берген классиктердин аныктамасы боюнча илгерки латын тилинен келип чыккан “революция” же кыргызча которгондо “ыңкылап” деген сөз коомдо, аң-сезимде, мамлекетте же кайсы бир тармакта болгон чукул бурулуш же тири укмуш өзгөрүүнү билдирет жана ал нечен жылдап көксөгөн максаттардан же чукул кырдаалдан улам ишке ашат.

2005-жылдын 24-мартында болгон Кыргызстандагы окуя бийлик башындагыларды өзгөрткөнү анык, ал эми башкы максаты эмне эле жана ал орундалдыбы деген маселе катуу талашта. Саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоевдин айтымында, аны ыңкылап деп баалоого болбойт. Себеби:

- Революция, ыңкылап деген бул сапаттык өзгөртүүлөрдү билдирет. Тилекке каршы андай болгон жок. Биринчиден, саясий бийликте мурдагыдай эле авторитардык система, үйбүлөлүк башкаруу сакталып калды. Президенттин ыйгарым укуктары мурдагыдан да кыйла күчөтүлдү. Коррупция, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болгон жок. Мамлекеттик аппарат мурдагыдан дагы күчөбөсө азайган жок. Демократия өнүкмөк тургай кайра артка кетти. Акыркы мезгилдеги эң башкы жетишкендик деп эсептеп келген жарандык коомдун абалы абдан начарлады. Массалык маалымдоо каражаттарынын оозу бекиди.



Март ыңкылабынын болушуна чоң күч үрөгөн саясатчылардын бири, экс-депутат Азимбек Бекназаровдун баамында, ыңкылаптын максатына жетпей калышынын башкы себеби революция алдына кыска максат коюлуп, келечекке стратегиясы так бирдиктүү программанын даярдалбагандыгы болду:

- Негизги максат үйбүлөлүк башкаруудан арылып, элдик бийлик орносо деген ниет менен ошол күрөштү баштаганбыз. Бирок ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин, премьер-министрдин жана парламенттин укук-милдеттерин так бөлүштүрүү керек эле. Себеби парламентти, өкмөттү үйбүлө башкарып калган эле. Биз Акаев кетсе эле ушул маселелердин баарын ор-ордуна коебуз деп ойлогон элек. Бирок тилекке каршы анын бири да ишке ашкан жок. Башкы себеби - революционерлерде Акаевди кетирсек эле баары жакшы болот деген өзүбүздү алдоо сезими күчтүү болгон экен. Акаев кеткенден кийин мамлекет кандай өнүгөт, эл менен кандай максатты ишке ашырабыз деген бир команданын так программасын даярдай келсек болмок экен.



Өлкөдө демократ атыккан саясатчы Топчубек Тургуналиев болсо “Кыргызстанда программа же Конституцияны өзгөртүүнүн зарылдыгы жок экен, себеби бардыгы мамлекет башына келген адамдын абийири, эрки жана нысабына гана байланыштуу болот” деген бүтүмгө келгенин жашырган жок:

-Биздин Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун чордону Конституцияда эмес экен. 1993-жылы Конституция эң бир сонун жазылган. Бирок эртеси эле Акаевдер аны текчеге коюп, теңирден тескери тенденциялар башталган. Албетте, программа кабыл алуу абдан олуттуу маселе, бирок андан да мурун революция жеңсе Кыргызстанды ким башкарат деп ыймандуу жол менен кете турган, чыныгы адилеттүүлүктү көздөгөн адамды президенттикке тандашыбыз керек экен да! Мен акыркы 17 жылдын ичинде саясатта эки жолу абдан катуу жаңылдым. 1990-жылы бийликке келген Акаевди үч жыл бою колдоп жүрдүм. Мына үч жылдан бери Бакиев революциянын бир да талабын аткарган жок.



“Ата Мекен” партиясынын азыркыдай эле Кыргызстандын мурдагы бийлигине да оппозиция болуп жүргөн төрагасы Өмүрбек Текебаев Тургуналиевдин бул оюна макул эмес. Анын айтымында, өзү жетектеген партия андай программаны ыңкылаптан бир нече жыл мурун эле даярдап, аны 24-марттан кийин деле жаңы бийликке сунуш кылып, колдоо тапкан эмес:

- Бизде программа болгон. Ал программаны 10-15 жылдан бери сунуштап келатабыз. Март революциясынан кийин деле көп өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, жүргүзүлүп жаткан саясат туура эмес экендигин митинг, пикеттерге чейин уюштуруп айтып жатабыз. Программасы жок, өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын коргогон топ бийликке келди.

Кыргызстан гана эмес чет мамлекеттердеги саясат талдоочулар да “демократиянын аралчасы” аталган кичинекей өлкөдө чын эле ыңкылап болдубу же төңкөрүш болдубу деп, азыркыга чейин талашта.



2005-жылы 24-марттан кийин өлкөдө эмне болуп кетти деген суроого жооп табуу үчүн жыйын курган кыргыз саясат талдоочулары да талашып-тартышып жатып, көбү эл өзү каалаган ыңкылап болду дешсе, азы төңкөрүш болду деген оюнда бекем калышкан. Алардын бири, саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун көз карашын да уга кетсек:

- Март ыңкылабы өз максатына жеттиби же жокпу деген суроонун өзү туура эмес. Себеби бул революцияда так пландар болгон эмес. Болгону шайлоо туура эмес өттү, ал кайра өткөрүлсүн, анан Акаевди кетиребиз деген эле пландар болгон. Ошол максаттарынын баарына жетишти. Акаевди качып кетип калат деп кыргыз эли да, революционерлер да, ал эмес Бакиевдин өзү да күткөн эмес. Акаев кетип калгандан кийин баардыгынын көксөөсү сууду. Ошону менен максатыбызга жеттик деп тынып калышкан эле. Эми эле революциядан мындайды күткөн эмес элек, андан кийин биз жыргайт элек деп айтып жатат. Эч качан андай болбойт. Бакиевдин колунда тим эле сыйкырдуу таягы болгондо да митинг, пикеттерге жык толгон эки жылдын ичинде мындан ашыкча эч нерсе кыла алмак эмес. Себеби мамлекеттик машинаны башкаруу деген эң оор жана көп кыйынчылык менен ишке аша турган нерсе. Мисалы, Казакстандын эли президент Назарбаевди башындагы 5-7 жылга чейин жакшы кабыл ала албай жүрүшкөн. Мына азыр бийликте турганына 20 жыл болду. Азыр гана казактын интеллигенциясы, карапайым калкы, саясий элитасы болобу аны “казактардын атасы” деп тааный баштады. Анткени, элинин жашоосу жакшы. Бизде, албетте, элдин жашоосу начар. Аны жакшыртуу үчүн көптөгөн комплекстүү иштер керек. Азыр акырындап жасалып жатат.

“Азаттык”: -Демек, сиздин оюңузча Кыргызстандын келечегин так элестеткен стратегиялуу программаны даярдап туруп, анан келиш керек беле?

-Албетте, программа минимум, программа максимум жана биринчи кезекте буларды ишке ашырабыз деген программалар болуш керек болчу. Андай болгон жок. Бул көтөрүлүш гана болду.

“Азаттык”: -Бирок азыркы президент Курманбек Бакиев 2002-жылы Каракулжадагы шайлоочуларына президент болом деп убада кылган. Президент болом деген адам өзүнүн президенттик план, саясатын тактоого 3 жылдык мезгил аздык кылабы?

-2002-жылы ушинтип айтканы бар. Албетте, анда өзүнүн пландары болсо керек жана ошол пландарын программасында көрсөткөн. Ал эми революциянын өнүгүшүндө Бакиев көптөгөн уюштуруучулардын бири катары гана катышкан .



Илимпоздордун мындай пикирине карабастан кыргыз бийлиги 24-мартты элдик ыңкылап күнү деп майрамдай турган болду. Ошондуктан ыңкылап өз максатына жеттиби деген суроого карапайым элдин пикирин билүүгө да кызыктык. Бул суроо менен ыңкылап тутанган Жалалабат облусунун тургундарына кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов кайрылган эле:

- Мен Өскөнбаева Зарипа болом, Кызыл-Үңкүрдөн. Секин-секин аткарылып жатат. Тигиндей-мындай деген сөздөрдү Бакиевдин мойнуна коюп жатышат. Көп жерде мектептер салынып, көп жерде жардам берилип жатат. Трактор келип атат, айыл өкмөттөрү иштесин деп, кайкалатып машиналарды мингизип койду. Аким менен өкмөттүн өкүлдөрү анын айтканын укпай, кайкалап машина минип, койдун жилигин кемирип жүрө берген болсо иштин баары токтойт да, жаманаты Бакиевге жүктөлө берет. Иштетпей эми дагы асылып жатышат.

-Мен Сооронкулов Гамал, “Эркиндик” партиясынын түштүк аймагы боюнча координатормун. Кадр, коррупция маселесинде чечилбей жаткан көйгөйлөр көп.

-Жаныш Курбанов, Жалалабат облусунун губернаторунун биринчи орун басары. Ошол кездеги негизги талаптардын бири - Аксы окуясы аягына чыгыш керек деген маселе болчу. Ошону аягына чыгарып коюшса болмок. Азыр эң негизги күнөөлүүлөр Садиев, Карыпкулов, Акматалиевдерди жазага тартуу боюнча эч кандай иш болгон жери жок.

-Мен Мураталы Үчкемпиров, Жалалабат шаарында турам. Акаев кызматтан кетсин, парламенттик шайлоо өтсүн деген талаптар аткарылды. Бирок мыйзамсыз менчиктештирилген ишканалар азыркыга чейин мамлекеттин менчигине алынган жери жок.

Мен Текебаев Асылбек, Базаркоргон айылынын тургуну болом. Ошол окуяга түздөн-түз тиешеси бар жана азыр мамлекеттин башында турган адамдар айткан сөздөрү менен убадаларына турбай, аткарган иши менен айткан сөздөрү эки башка болуп жатат. Бул мамлекеттин туруктуулугу менен коопсуздугуна терс таасир тийгизе турган нерсе.

-Мен Жакыпов Кадырбек. 24-марттан кийин адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту сактоо жана экономикада эч кандай алга жылыштар байкалган жери жок. Тескерисинче, мыйзам бузуулар көбөйүп, айрыкча адамдарды куугунтуктоолор күчөп кетти. Бийлик башындагылар элдин айлыгын көтөрүп жатабыз деген инфляциянын темпи андан жогору болуп, тапкандын баары ошого кетип калып жатат.




Карапайым калктын пикири мына ушундай карама-каршы. Бирок ал өз максатына жетти деген пикир да басымдуу дейт, маселеге талдоо салган кесиптешим Кожогелди Култегин.

Кожогелди Култегин: - Маселен, академик Бектемир Мурзубраимов гендердик саясаттын жолго коюлушун элдик ыңкылаптан кийинки бийликтин изденүүсү катары баалайт:

-Мына азыр 25 жакын аял парламентте депутат болуп отурат. Башка бийлик бутактарында дагы мурдагыга салыштырмалуу көбөйдү.



Ал эми маданият министри Султан Раев эгемендүүлүктүн алгачкы 15 жыл ичинде кыйраган маданият тармагы элдик ыңкылапсыз азыркыдай бутуна турбайт болчу деп эсептейт:

- 15 жылдын ичиндеги мамиледен улам көп маданий көрөңгөбүздү жоготуп алдык. Маданият министрлигинин түзүлүшүн маданияттагы чоң аракеттердин башталышы катары баалайбыз. Мисалы, 2000-жылы эле республикалык бюджеттен маданият тармагына болгону 50 миллион сом бөлүнчү. Былтыр эле маданиятка жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 450 миллионго чейин каражат бөлүндү.

“Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаев акыркы үч ичинде төмөнкү үч багытта ургаалдуу ийгиликтер болуп жаткандыгын басым койду:

-Тактап айта турган болсок, өзүбүзгө байланыштуу тармакта сөз эркиндигин иш жүзүндө даана сезип жатабыз. Эч кандай цензура жок, жогору жактан эч кандай көрсөтмө же буйруктар болгон жери жок. Экинчиден, өнөр жай өнүгүп, Камбарата ГЭСи курула баштады. Үчүнчүдөн, чет өлкөлөрдөн техникалык жардамдар келип жатат. Кытайдан канча трактор келди. Эми Беларустан, Орусиядан техника келе турган болуп жатат. Жөө жүргөн жергиликтүү айыл өкмөт башчылары бирден машине миништи. Ошондой эле бюджеттен айлык алгандардын маянасы жогорулады.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин “Ош-Бишкек” автожолу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору баарыдан мурун өз тармагындагы өзгөрүүлөрдөн улам ыңкылапты жактайт:

- Үч жылдын ичинде жолго бюджеттен бөлүнгөн акчанын көлөмү үч эсеге чейин көбөйдү. Революцияга чейин биз министрлик боюнча болгону 198 миллион гана сом алчубуз. Былтыр 1 миллиард 100 миллион сом алдык. 2007-жылы биринчи жолу бюджеттен бөлунгөн акчага жол сала баштадык. Буга чейин жалаң эле сырттан чет мамлекеттик кредиттердин гана эсебинен жол салып келгенбиз.

Жамшитбек Калилов 25 жылдан бери долбоор боюнча калып, Сох дарыясына салынбай келаткан көпүрөнү куруу быйыл башташаарын канагаттануу менен белгиледи.



Бүбүкан Досалиева: Анткен менен үч жылдан бери Кыргызстандын саясатында гана эмес, коомдук турмушунда абал бир кылка эмес. Ыңкылаптан кийин ири өзгөрүүнү эңсеген ыңкылапчылар гана эмес, карапайым эл да мамлекет башчысын эмес башкаруу системасын өзгөртүү зарылдыгын сезип калды деген илимпоз саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин оюнда, бирок азыр мамлекеттик башкарууда системаны өзгөртүүгө бөгөт болчу жагдай түзүлүп калды:

- Азыр бийлик өтө татаалдашып кетти. Анткени, парламент чөнтөк парламент болуп калды. Акаевдин тушунда парламентте аздыр-көптүр оппозиция бар болчу. Азыр кандай маселе болбосун “Ак жол” партиясы аркылуу чечилип жаткандыгына байланыштуу чечимдер иш жүзүндө легитимсиз болуп калат. Конституция менен мыйзамга тууралап туруп эле кыргызча жасап койгон менен элдин алдындагы легитимдүүлүк деген маселе бар. Легитимдүүлүк болбой жатат, себеби чечимдерди эл кабыл албай коет.

Дагы бир саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоевдин баамында, коомдогу мындай иренжүү сезим эртеби-кечпи дагы бир өзгөрүүнү талап кылышы толук мүмкүн:

- Коом мындайга чыдай албайт. Акыры мындай маселерди кандайдыр бир ыкмалар менен чечүүгө жол издейт.

Эгер эл нааразылык билдире турган болсо анын кесепети мамлекетти зор көйгөйгө дуушар кылышы мүмкүн деген Орозбек Молдалиев ушундай кырдаалды бийлик алдын-алышы зарыл дейт:

- Азыр көп эл катышкан митингдер мурдагы жылдардагыдай узакка созулбайт. Азыр кыска убакта натыйжага тез жетүүгө аракет кылышат. Мына ушунун баарын бийлик эске алышы керек. Бийлик туура эмес кылып жатат. Туруктуулукту түзүп койдук деп жатышат, бул жалган туруктуулук. Оппозиция ушинтип тыя берсе, ал радикалдашып кетет.

Бүбүкан Досалиева, Бишкек
Ырысбай Абдраимов, Жалалабат
Кожогелди Кулуев, Бишкек
XS
SM
MD
LG