Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Быйылкы жылы 1150,7 миң гектар жерди айдап-себүү иштери жүргүзүлмөкчү. Анын ичинен 56% дан эгиндери, 6,4% картошка, 3,2% пахта айдалмакчы. Өкмөт жазгы талаа --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/DCFA490A-AB9A-4883-8C6E-D016C3D3CFE2.asp иштерине даярдык жакшы деп белгилөөдө. Ошол эле учурда дыйкандар буудай себүү үчүн сапаттуу үрөндү кайдан алууну билбей баш катырышууда. “Азаттык” үналгысынын “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул маселеге арналды.

Ушул тапта Кыргызстандын бардык аймактарында жазгы талаа иштерине кызуу даярдык жүрүүдө. Быйылкы жылы жалпы Кыргызстан боюнча 1150 миң гектардан ашуун жер иштетилмекчи. Анын ичинен 56% дан эгиндери, 6,4% картошка, 3,2% пахта айдалмакчы. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча дан эгиндери 644,5 миң гектарга айдоо максатталган, анын ичинен буудай 400 миң гектарга себилет, бул өткөн жылга караганда 45 миң гектарга көп. Мунун ичинен 240 миң гектар жерге күздүк буудай себилген. Адистердин айтуусунда күздүк буудай үчүн бул көрсөткүч аздык кылат.

Мурдагы жылдарга салыштырмалуу Баткен, Жалалабат, Талас жана Ош облустарында күздүк арбын себилгени менен, Ысыккөл жана Чүй облустарында күздүк аз айдалган. Дыйкандар учурунда буга түрдүү себептерди келтиришкен: сапаттуу үрөндүн жоктугу, кыска убакыттын ичинде жер айдоого жетишүүчү техниканын жетишсиздиги, абанын кургакчылдыгы жана башкалар.

Эми жаздык эгин айдоого даярдык кандай? Алгач айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматына кайрылалы: Быйылкы жаздык айдап себүү үчүн 40 миң тоннага жакын буудай үрөнү жана 23 миң тоннадан ашуун арпанын уругу керек. Бирок ушул тапта колдо 27 миң тоннага жакын буудай үрөнү, 18 миң тоннага арпанын уругу бар.

Жалпы өлкө боюнча 5 миң тоннадан ашуун буудай үрөнү жана 1,5 миң тоннага жакын арпа уругу жетишпейт, деп маалымдайт министрлик. Бул Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин расмий маалыматы. Ал эми чыныгы иш жүзүндө акыбал кандай?



Жер тырмагандан көрө, туристтерди тейлеген кирешелүү.

Ысыккөлдө быйыл айыл чарбасына керектүү техниканын 60% даяр болгону айтылууда. Өткөн жылы буудайдын кымбатташы элдин жерге болгон мамилесин өзгөрткөн. Облустук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Байсеитов быйылкы жылы 100 миң гектар жерге дан эгиндери айдаларын облустагы кабарчыбызга маалымдаган:

-9985 гектар күздүк айдалган. Райондордун шартына жараша жаздык буудай 65 миң гектар жерге себилет.

Дыйкандар болсо сугат суу маселеси, техника, күйүүчү майдын кымбаттыгынан эгин айдоодон чыгымга учурап калуу коркунучун ойлоп, кылчактап турушат. Көл жээгине жакын жашагандар жер айдоого караганда эс алуучуларды тейлөө менен киреше табууну туура көрүшөт. Ал эми көл жээгинен алыс турган аймактардын дыйкандары жери жок болсо да башка айылдардан жер ижарага алып иштетишет. Аксуу районунун Шахтер айлынын жашоочусу Айнагүл Жакишева Бозучук айлына келип, 50 сотыхтан 1 гектарга чейин жер ижарага алып, эгин эгет:

-Бирок мындан да пайда табуу аз, айла жок. Жер салыгын төлөйбүз, андан тышкары ижарасын беребиз. Өзүбүздө аба-ырайы катаал, эгин өспөйт.

Тоңдуктар сугат суу маселеси жүрөк өйүйт, дешет. Алабаш айлынын тургуну Азамат Эсенгуловдун айтуусунда, айыл тоо этегинде, мөңгүнүн түбүндө турганы менен суу кеч келет. Бул айылда буудайды 10-майга чейин айдалбаса, түшүм бербейт, үшүккө калат.

Ысыккөлдүк дыйкандар буудай айдоо үчүн сапаттуу үрөн жок болуп жаткандыгын айтышууда. Облуска өкмөттөн бөлүнгөн 220 тонна үрөндүн 60 тоннасы гана апкелинген. Мындан тышкары убада кылынган 1600 тонна күйүүчү май да кечигип атат, ал 10-мартта эле дыйкандарга 20 сом 50 тыйындан таратылууга тийиш болчу.



Нарында да үрөн көйгөйү

Тоолуу Нарында дан эгиндерин айдоо акыркы жылдары кескин азайып кеткени менен, былтыркы буудайдын кымбатчылыгы дыйкандарды кайрадан дан эгиндерин айдоого мажбурлоодо. Бирок Нарында да буудайдын сапаттуу үрөнү жоктугу фермерлердин кабыргасын кайыштырууда. Нарын районундагы Ортонура айлынын тургуну Советбек Байчериков мүшөктөп үрөн чогултуп жатканын кабарчыбызга айтып берген:

-Акыбал оор эле, былтыр кургакчылык болуп түшүм жакшы болбой калган. Үрөн менен май маселе болуп атат. Акимдер келгенде жардам сурасак, жок деп алакан жайышат. Мамлекеттик резервде да жок дешет. Жалдырап турабыз анан. Колдо бар тыйынга бир-эки мүшөктөп, ар кайсы сорттогу үрөн кылып чогултуп атам. Эми кандай түшүм болот, аны жыл көрсөтөт да.

Дыйкандар литрин 22 сом 50 тыйындан убада кылып, күйүүчү май апкелүүгө сөз берген жергиликтүү бийликти сөзүн качан ишке ашырат, деп күтүп атышкан учур. Бирок быйылкы жылы 48260 гектар жер айдоону, анын ичинен 34 миң гектарына дан эгиндерин себүүнү максат кылган облустук бийлик үрөн менен күйүүчү май аймакта маселе эмес экендигин белгилөөдө. Облустун айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Нарынбек Карыбеков жер айдоону чындап көздөгөн дыйкан үрөн сатып алууга каражат табат, деп эсептейт:

-Сатыкта үрөн бар. Кымбат болуп атат, кыйынчылыктар бар. 1000 тоннадай үрөн жетпей атат. Бирок жер айдайм, эгин кылам деген дыйкандар малын сатып деле, үрөн сатып алып жатат. Аракет кылып, сатып алса, сатыкта бар.



Берекелүү Ошто да көйгөй көп

Жазгы талаа жумуштарына түштүктө да кызуу даярдык жүрүүдө. Оштук дыйкандар айыл чарба иштерин жүргүзүүгө техника, күйүүчү май жана минералдык жер семирткичтер жетишсиз болуп жатышкандыгын белгилешет.

Каракулжа районундагы «Алайкуу» дыйкан чарбасынын башчысы Чолпон Табалдиева тоолорго жаз эми баш бакканына, күйүүчү май издеп шаарга келгендигине, солярка 20, жер семирткич 8 сомдон түшпөй койгондугуна токтолуп, кымбатчылыкка кыйла кейиди. Карасуулук пахтакер Аман Калдыбаев жер-жерлерде банк аркылуу жеңилдетилген кредит таратууну өкмөт мурдатан ойлобогондугуна кабатырланды. Ошол эле учурда элетте техника, айрыкча каз тамандуу тракторлор тартыштыгына, химикаттар жана үрөндөр наркы асмандаганына нааразы:

-Бизге банк аркылуу берилсе жакшы болмок. Үрөн, күйүүчү май, минералдык жер семирткичтер өз учурунда берилбей атпайбы, -дейт Аман Калдыбаев.

«Ак алтын» талаааларында иштетүүчү үч дөңгөлөктүү тракторлор чындап эле Ош облусунда тартыш. Былтыр августта өлкө башчысы К. Бакиев Ошко келгенде бул маселени аравандык пахтакерлер кабыргасынан коюшкан. Жакында мындай 100 техника Ташкенден аталган аймакка алып келинээрин Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Бөрүбай Жураев «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Ахмаджан Махаммадов Ош аймагында жазгы талаа жумуштарына даярдык дурус экендигин белгилеп, бирок, айыл чарба шаймандары, жер семирткич олуттуу көйгөйгө айлангандыгын жашырган жок.



Айыл чарбасын бутуна тургузуу - өкмөттүн негизги тапшырмасы

Жогоруда айтылгандай ушул тапта дыйкандардын кабыргасын кайыштырган негизги маселе – үрөндүн жетишсиздиги. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча сапаттуу үрөндү сатып алуу үчүн 20 млн. сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнү арпа менен буудайдын 308 тонна суперэлита үрөнү, 636 тонна жаздык буудайдын үрөнү сатылып алынган. 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча үрөндү жетиштирүүгө убакыт керек, өкмөт бул маселенин үстүндө иш алып барып жатат:

-Айыл чарба министрлиги бул багытта иштеп атат, бирок колдогу бар үрөн бардык дыйкандарга жетпейт. Ошондуктан, биз үрөнчүлүк чарбаларын күчөтүп, сапаттуу үрөндөрдүн сортун жаңыртуу, көбөйтүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Буга биз аз убакытта жетише албайбыз, кеминде эки-үч жыл керек.

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн мамлекет тарабынан 30 млн сом бөлүнгөн. Бирок бул өтө эле аз, деп белгиледи 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев:

-Минералдык жер семирткичтердин баарын сатып алып, түштүк облустарды камсыздадык. Жакында мен өзүм кыдырган учурда анын баарын өз көзүм менен көрүп келдим. Бүгүнкү күндө күйүүчү май да, жер семирткичти да өзүбүз көзөмөлгө алып жатабыз.

Искендер Айдаралиев ушул тапта күйүүчү майдын таңсыктыгы тууралуу сөз болуусу мүмкүн эмес, деп эсептейт. Анын айтуусунда жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн даярдалган күйүүчү майдын литри 20 сом 50 тыйындан дыйкандарга таратылып берилет.

Жазгы талаа жумуштарына даярдык, дан эгиндерин айдоодон башка пахта, картошка, тамеки жана башка эгиндер тууралуу өзүнчө сөз кылабыз. Бул жаатта да көйгөйлөр аз эмес.

Замира Кожобаева, Бишкек
Алишер Токсонбаев, Ош
Күмөндөр Усупов, Нарын
XS
SM
MD
LG