Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын өткөн жылдын август айында кол койгон келишиминин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/95D4AABB-9318-4384-980B-CD2B5BF32908.asp парламенттен жактырылышы арасат бойдон калууда. Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин райондор ортолук сотуна кайрылган. Талаштуу маселенин чечилиши создуккандан-создугуп баратат. “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” түрмөгүндөгү талкууга парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков менен Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: -Бүгүн биз “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы талаштуу иштерге, атап айтканда, 2003-жылдын аягындагы өкмөттүн токтому, “Центерра Голд” компаниясынын түзүлүшү, өткөн жылкы кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы келишимдердин тегерегинде кеп кылсакпы деп турабыз. Кубанычбек мырза, өкмөттүн 2003-жылкы келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылдыңыз. Өкмөттүн 2007-жылкы эки келишими тууралуу да сын пикириңизди айтып келатасыз. Мындай позицияга, пикирге келишиңизге эмне себеп болду?

Кубанычбек Исабеков: -Мурун деле ушул эле маселени көтөрүп келгем. Компания менен 8 жолу соттошком. Жер салыгы, башка төлөмдөр боюнча. Бул пикирге келишиме үч негизги себеп болуeда. Биринчиден, мыйзам бузулган. Конституциянын 58-беренеси бузулду. Экинчиден, эларалык келишимдер боюнча да бизде мыйзам бар. Ошонун 11-беренеси бузулган. Тоо байлыктар, кен байлыктар парламенттен мыйзам катары ратификациядан өтүшү керек.

Ошол эле убакта Мыйзам чыгаруу палатасынын 3 токтому чыккан. 2003-жылы 10-июнда парламент мүчөлөрү бул келишимге кол койбоо тууралуу өкмөткө, президент А.Акаевге кайрылган. Андан тышкары 2004-жылы, 2005-жылы да парламенттин эки токтому чыккан. Бул элге, мамлекетке каршы экени айтылган. Анан эмне болду? 2003-жылдын 31-декабрында Н.Танаев өкмөт мүчөлөрүнөн эч кимди чогултпай, өкмөт деген коллегиалдуу орган, жалгыз өзү чечип токтомго кол коюп койгон.


Жакында мен өкмөткө барып ошол токтомду таппай кайттым. Демек, бул калп болуп келген. Анын үстүнө Нэля Бейшеналиева менен а кездеги юстиция министри Курманбек Осмоновдун “Жогорку Кеңешсиз эле кабыл алсаңар болот, андан мыйзам бузулбайт” деген маанидеги каттары бар экен.



Бекташ Шамшиев: -Орозбек мырза, сиз өткөн жылкы өкмөттүк комиссиянын ишине катышкансыз. Мына ушул келишимдерде Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгы кандай сакталганына токтоло кетсеңиз.

Орозбек Дүйшеев: - “Кумтөр” маселеси парламентте жыйырмадан ашуун каралган. Бирок анын баары аткарылбай келатат. Өткөн жылкы келишимдер биздин өлкө үчүн биртоп пайдалyу болду. Бирок ал келишимдердин парламенттен өтүшү кыйынга турууда. Жогорку Кеңеш муну колдобой жатат. Ошол комиссияда Кубанычбек мырза биз менен кошо жүргөн. Бул киши анда колдогон. Өткөн жылкы тарап кеткен парламент муну төрт ирет караган. Ошондо бизди колдоп жүрдү эле. Бирок кийин кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп кетти. Өткөндөгү каталыктарды баарыбыз билебиз.

Тарап кеткен парламент 30 томдон ашуун материал чогулткан. Каржы министрлигинде 10 том материал жатат. Башкы прокуратурада да биртоп томдор жатат. Булардын баарын карап олтурсак убакыт өтөт, биз андан Кыргызстанга эч кандай пайда алып келе албайбыз. Биз Кыргызстан үчүн пайда келтирчү маселелерди караганбыз. Эң алгач 2003-жылкы өкмөт токтому кантип кабыл алынганын иликтеп, биздин кендеги үлүшүбүз 51% кем болбошу керектигин далилдеп, акырында 52% келип токтодук. Биз далилдеп, кошумча 32 миллион акция алдык. Бул азыр жарым миллиард долларды түзөт. Ошентип биздин акцияларыбыз 66,2 миллионго жетти.

1 миллиарддан ашуун актив ачык компанияда турат. Чет жерде 1 миллиард долларыбыз бар десек болот. Экинчи чоң маселе алтындан алынчу салык, биз аны товардык продукциядан алмай болдук. Алтын баасы өскөн сайын акча да өсө берет. Мына быйыл 10%, казынага 50 миллион доллар түшөт. Келерки жылы 11%, алардын планы боюнча 70 миллион доллар түшөт. Кийинки жылы 80 миллион. Ошентип үч жыл ичинде биз салыктан эле 200 миллион доллар накталай акча алабыз.

Мурунку 11 жыл ичинде бар болгону 150 миллион доллар акча түшкөн. Ага караганда үч жыл ичинде 1,3 эсе көбүрөөк алган болобуз. Көл кылаасынын өнүгүшүнө товардык продукциянын 1% бөлүнөт. Мына быйыл Ысыккөлгө 5 миллион доллар, келерки жылы 6 миллион, 2010-жылы 7 миллион. Үч жылдын ичинде эле 18 миллион доллар түшөт.

Андан сырткары экологиялык зыян үчүн 310 миллион доллар төлөйт. Андан тышкары киреше нарк салыгы, социалдык төлөмдөргө 2- 3% кетет.



Бекташ Шамшиев: -Кубанычбек мырза, мына ушул алынчу кирешелердин садагасына деп өкмөт кийинки кен чыкчу жерлерди берип койду деген сөз болуп жатат. Сиз ушуга токтоло кетсеңиз.

Кубанычбек Исабеков: -Кечиресиздер, О.Дүйшеев мырза айткандан кийин эл К.Исабеков эл душманы экен деп ойлоп калышы мүмкүн. Мен ушуга жооп бере кетейин. Ысыккөлгө ансыз деле 1% төлөнүп келген, төлөшү да керек. Ал эми төлөмдөрдүн өсүп жатышы алтындын баасынын өсүшүнө жараша болуда. Анан жанагы 33% акциянын 18% сатып, бизде 15% эле акция калган.

Ал эми жанагы айтылып жаткан акциялар бизге келе элек. Бир да тыйын келе элек. Баасы бир унцийдики 260 болчу, азыр болсо 1000 долларга чыкты. Мен 13-февралда баарын эсептеп чыгып биздин өкмөттү сотко бергем. Ошондо биздин запас менен бүт чыгашаларды чыгарганда 7,5 миллиард доллар алсак болот. Азыр болсо алтын баасы миңге чыкты. Бир ай ичинде. Муну менен эсептесек 10 миллиард доллар түшкөнү турат.

Карызыбыз 2 миллиард доллар. Калганын энергетикага жумшайбызбы, завод-фабрикаларды курабызбы, мамлекетти оңдосок болот да. Өткөн жылы Алишер Сабиров экөөбүз “Кумтөрдү” мамлекеттештирүү боюнча мыйзам жазганбыз. Ошондон кийин комиссия түзүлгөн.

Алгач Д.Үсөнов, андан кийин А.Атамбаев жетектеген комиссия түзүлдү. Комиссияны жетишкендиктери бар, бирок өтө жакшы эмес. Мен дагы акцияларыбыз 15% көтөрүлөт экен деп кубаттап келгем. Бирок мен билбеген маселелер чыгып калды. Мисалы, Орозбек мырза айтып аткан акциялар бизге кандай түрдө берилет?

Канадалыктар менчигин берип жатабы же кошумча акциялар чыгарыштыбы. Бул белгисиз. Азыр беш келишим түзүлгөнүн айтып жатышат. А бизге экөө келген. Биз ошо кол коер маалда А.Атамбаев мырзага жок дегенде 51% акцияга кол коюңуз дегенбиз. А бизге 31% эле акция тийген жатпайбы?

Анан бизге алынбай калган акчаны – 280 миллион долларды кечиктирбей которуп бериши керек эле. Анын бир тыйыны келген жок. Парламенттик угууда В.Зубков мырза 3 лицензияны өкмөт берип койгонун айтты. Аны тендер өткөрүп, бизге жакшы сунуш кылган компанияга беришибиз керек болчу. Эмитен эле тигилерге шарт түзүп берип атышпайбы.

Жанагы үч келишимди жок кылсак, анда биз Башкы келишимге кайрылып келебиз. Ал боюнча 67% ээ болобуз. 31% эмес 67% алганы жатпайбызбы. Андан сырткары 2007-жылы 10-майда бул фабрика толугу менен Кыргызстан ээлигине өтмөк. 12 жыл бул “Кумтөрдү” салык менен бажыдан бошотуп келишкен.

191 тонна алтын казылып алынды. Январга чейин 181 тоннасы сатылды. Азыркы эсеп менен алганда, ал 2 миллиард 400 миллион долларга сатылды. Анын 173 эле миллионун алдык. Ондон бирин алалган жокпуз. Болгону эле дивиденд алдык. Бир тыйын пайда алганыбыз жок. Биз азыр кайра комиссия түздүрдүк. Барып Монголиядагы кенди көрөбүз. Анда да Кыргызстандын үлүшү бар. Америкадагы жок кенди кошуп туруп биздин 67%ды 33%га түшүрүшкөн. Кайра алышыбыз керек.



Бекташ Шамшиев: -Орозбек мырза, өткөн жылкы келишимдер, 2003-жылкы токтом сотто каралып жатат. Эгер ал сотто мыйзамсыз деп табылса, сиздин оюңузча, канадалыктар эларалык арбитраждык сотко кайрылабы? Кыргызстанды анда эмне күтөт?

Орозбек Дүйшеев: -Бул өзү опуртал иштер. Кубанычбек мырза жана айтып кеткен үч токтомду мен жазгам. Ал кезде ачык казылып алынчу алтындын 140 тоннасы бар болчу. Азыр 40 – 50 эле тоннасы калды. Эгер талаш-тартыш улана берсе канадалыктар ошол ачык казылып алынчу 40 – 50 тоннаны алат да кетип калат.

Андан кийин биз эмне кылышыбыз керек? Булар жер алдындагы алтынды казып алууга киришкени жатат. “Центерра Голд” компаниясы 270 миллион долларлык капиталдык салым кошуптур. Анын кыйласы “Кумтөргө” кен чалгындоого жумшалган.

Сот чечим чыгарса жалпы дүйнөлүк күлкүгө айланар токтом болот. Убакыт өтүп кетти. Булар чыгары менен эларалык сотко кайрылат. Эларалык сот узак болот. Азыр 2 миллиард карызыбыз болсо анан 4 миллиард карызыбыз болот.

Бекташ Шамшиев: -Кубанычбек мырза, сөз сизде.

Кубанычбек Исабеков: -3 миллиард дегендин 1 миллиарды биздики деген туура эмес. Бүгүн 15% акциябыз бар. Эларалык сот эң алгач ички улуттук мыйзамдарды карайт. Бизде болсо мыйзам бузулган. Жогорку Кеңеш токтомдору аткарылган эмес. Биз эч нерсе жоготпойбуз. Биринчи иретте “Кумтөрдүн” өзүн сотко беришибиз керек.

Бекташ Шамшиев: -Орозбек мырза, сиздин пикир, кыскача.

Орозбек Дүйшеев: -Мен өндүрүштүн адамымын. Өндүрүштү жоготуп коюш оңой эле. Талкалап коюш оңой. Сот башталат. Бул ишин токтотот. Андан кийин болбой калат. Тоокен өнөр жайын эң ири компания болбосо тургузуш кыйын. 19 жылдан бери “Жерүйдү” куралбай келатабыз. Эгер “Камеко” кетсе эмне болорун биз билбейбиз. Менин коркконум бул. Эгер ишкана улутташтырылса иш билбеген бирөө келип үч-төрт жылда талкалайт. Биз коррупцияланган өлкөбүз.

Бекташ Шамшиев: -Талкууга катышып бергениңиздерге ырахмат.
XS
SM
MD
LG