Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

24-мартты элдик ыңкылап күнү --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/6F8638A0-0284-4804-9C11-23689D4D2068.asp деп жарыялоо өтүп бараткан аптадагы негизги окуя болду. Майрам күндү тастыктаган мындай жобону Эмгек Кодексине киргизүү жөнүндөгү Юстиция министрлигинин сунушун «Ак Жол» партиясы көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш 13-мартта көпчүлүк добуш менен колдоп берди. Бирок коомдук-саясий чөйрөнүн бир бөлүгү 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын ыңкылап же төңкөрүш экенин аныктоо үчүн убакыт керектигин эскертүүдө.

Жалпыга маалым 2005-жылдын жазында башталган бийликке нааразы жалпы элдик толкундоолор 24-мартта өкмөт үйүн алуу менен аяктаган. Аскар Акаевдин ордуна мамлекет башчылыкка келген Курманбек Бакиев алгачкы ирет 24-мартты элдик майрам деп 2006-жылы өз жардыгы менен жарыялаган. Жаңы бийликтин саясатына каршы оппозициянын таасири күчтүү мурдагы парламент кезинде мындай демилгени колдобой койгон. Ыңкылапчы депутаттар Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаевдин 24-мартка байланышкан мыйзам долбоорун кызыл чеке талаштан кийин депутаттар тарыхтын таразасына калтырышкан болчу.



Бул ирет президенттин «Ак Жол» партиясы негизин түзгөн жаңы парламент Адилет министрлигинин сунушун илгиртпей, көпчүлүк добуш менен кабыл алып берди. 67 добушка ээ болгон мыйзам төрага Адахан Мадумаровдун куттуктоосу жана депутаттардын кол чабуусу менен коштолду:

- Ушул күн куттуу болсун! Кыргызстандын асманы дайым ачык болсун! Эли бүтүн болсун, жери бүтүн болсун. Ар дайым кармаган колубуз ажырабасын, келечегибиз кең болсун. Бардык мамлекеттер менен теңата болуп жашаганды кудай бизге буюрган болсун. Чоң рахмат, урматтуу кесиптештер. Майрамыңыздар менен!



Анткен менен бул күнгө карата, өңгөнү албаганда да, 2005-жылкы элдик толкундоолордун алдыңкы сабында болгон саясатчылар арасында бирдиктүү көз караш жок. Мурдагы президент Аскар Акаев «ыңкылаптын локомотиви» деп сындаган дипломат , азыркы депутат Роза Отунбаева 24-мартты ыңкылап күн деп тааныганы менен, азыркы тапта майрамдоого каршы чыккандардын бири болду:

-Бизде эки-үч жылда мыйзамга негизделген таза шайлоого жетерибизге кепилдик жок. Шайлоо кандай жасаларын 2005-жылдан кийин да көрдүк. Менин пикиримде революция уланып жатат. Биз демократиялык өлкө жасамайынча бул бийликти, саясатты тазарта беребиз. Майрамдоого азыр эрте.



Конструктивдүү оппозициядагы СДП фракциясынын төрагасы, депутат Бакыт Бешимов коомчулукта шек туудурган көптөгөн суроолор жоопсуз калып жаткандыгын, майрамдаардын алдында ошолорго баа берүү зарылдыгын эскертти:

-Эл көтөрүлгөн ошол революцияны наркомандардын революциясы, төңкөрүшү болду деп, ар кандай бир жаман сөздөр менен айтылып атат. Эмне үчүн ошондой нерселерге расмий түрүндө терең түшүндүрмө берилбей жатат? Ушул жагын да кароо керек. Анткени азыркы учурда эски режимди реанимация кылып аткан аракеттер күчүндө. Ошол жөнүндө ойлонуш керек.

Акаевдин бийликтен кетишин каалаган элдин башында турган Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылардын катарында жүргөн Жусупжан Жээнбеков 24-мартка келгенде өз партиялаштарынын оюн жактабайт:

-Бүгүнкү күндө кандай болуп атат көрүп турасыздар. Кандай болгондо да карапайым элдин мүдөөсүн аткарышыбыз керек. Ошол революциянын негизинде бийликке кайсы адам келсе да карапайым эл менен эсептешип калды. Мурунку бойдон калганда эч ким эсептешпейт болчу. Мындан кийин бийликти конституциялык жол менен алмаштырууга жетише тургандыгыбыз үчүн бүгүнкү күндү белгилеп, Кыргызстанда түбөлүк калышын каалап кетет элем.



2005-жылы бийликтин күч менен алмашышына сынчыл көз караштагы коомдук-саясий чөйрө бул күндү ириде массалык талап-тоноолор, жер басып алуулар, менчикке кол салуулар, карапайым элдин кыйла бөлүгүнө олуттуу материалдык жана моралдык чыгымдарды алып келген күн катары белгилеп келет. Кылмыш дүйнөсүнүн көчөгө ачык чыгышы, буюртма киши өлтүрүүлөр, зөөкүрчүлүк өңдүү көрүнүштөрдөн жабыркагандарга 24-мартты майрам деп жарыялоо кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо да өткөн парламенттин трибунасында кабыргасынан коюлганы бар. Анткен менен, 24-марттын майрам экендигине терең ишенгендер ыңкылап дүйнө тарыхында эч качан ыгым-чыгымсыз өтпөгөндүгүн эске салышат. Алардын бири Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Николай Байло:

-Ыңкылап ак мээлей кийип алып жасалбайт. Ыңкылапта жактоочулар да, каршылар да болот. Демократия үчүн күрөштүн тарыхый баскычтарында кандай гана революция болбосун анын чыгымдары болот. Революцияны төңкөрүш деп айтып жаткандарга төңкөрүш деген эмне экенин билүүнү сунуш кылат элем. Бул деген элди катыштырбай эле топ адамдардын жогорку жакты алмаштыруусу болот.



Жаңы оппозиция болсо 24-март болгону бир президентти гана экинчисине алмаштырып койду деп, элдин мүдөөсү ишке ашпай калгандыгын далилдөө аракетинде. Мурдагы парламент төрагасы, «Акыйкат үчүн» кыймылынын мүчөсү Мукар Чолпонбаев ыңкылаптын бир да шарты аткарылган жок дейт:

-Эч нерсе өзгөргөн жок . Болгону мамлекеттин эки башчысы алмашты дагы, калган бийлик структурасы дагы, элдин жашоо шарты дагы бүт баары ошол бойдон калып калды. Ушуларды эске алганда эч кандай революция болгон жок. Бийлик кулатылган жок. Болгону бир адамдын бийлиги ошол көлөмүндө экинчи адамга өтүп кетти.



Оппозиция атүгүл 24-марттагы бийликти күч менен тартып алуу Кыргызстанда кайталоо ыктымалдыгын шарттаган өнөкөттү пайда кылды деп эсептейт. Бул адатта, эки жарым айдан кийин кайталанган Акүйдү басып алуу аракеттери менен негизделип келет. Азыркы бийликти мындай доодон арылтуунун жалгыз шартын президент Курманбек Бакиевге биринчилерден болуп ачык оппозицияга чыккан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаев 24-мартка дагы, 17-июнга дагы мунапыс жарыялоодон көрөт. Мындай сунушту президент Бакиевдин өзүнө жолугуп айтканын Текебаев жакында «Азаттыкка» берген маегинде билдирди:

-Ошондо президент Бакиев менен жолукканда айткам, “Курманбек ака, март менен 17-июндун ортосунда айырма эки эле ай. Бул бүгүн бизге айырмасы укмуш көрүнүп жатат. “Марттагылардыкы жакшы, Барктабасовдуку жаман” деп. 3 жыл, 5 жыл, 10 жыл өткөндөн кийин экөөнүн айырмасы болбой калат. Экөө бир окуянын эле уландысы болуп калат. Сизге Кудай берди. 25-марттан кийин өзүңүзгө-өзүңүз амнистия жарыяласаңыз, анда эл туура түшүнбөйт эле. Мына азыр Барыктабасов басып алды, эми мындай кылыңыз: 24-март дагы туура эмес болгон, Барктабасовдун жасаганы дагы туура эмес болгон. Экөөнү тең биз мыйзамсыз деп жарыялашыбыз керек. Бирок муну биз атайын жасаганыбыз жок. Бул өзүнөн-өзү тарыхый ушундай болуп калды. Мында бирөөнүн ою болгон эмес. Ошону биз экөөнө тең мыйзамсыз деп мунапыс жарыялайлы, 24-марттагыларга дагы, 17-марттагыларга дагы. Ошентип биз чоң саясий утушка ээ болобуз. Ошол 24-мартта болгондой жол менен бийликке келүү мыйзамсыз деп жарыялайбыз. Мунапыс беребиз бардыгына. Анан андай жасаган болбойт деп ачык айтып чыксак болот. Өзүбүзгө-өзүбүз баа бердик”, - десем, “сен Өмүрбек амнистиянын долбоорун даярда” деп макул болгон. Бирок кийин айнып калды.

Курманбек Бакиев кезинде президенттикка талапкер Урмат Барктабасовдун тарапкерлеринин 17-июнда Акүйгө кирип барышын бийликти тартып алуу аракети катары баалап, мурдакы бийликтен айырмаланып, өз бийлигин курал менен коргойм деп билдирген. «Бул имаратты жана бүгүнкү бийликти зарылчылык болсо курал алып өзүм коргойм» деген кырдаалга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнөн чукул кайтып келген ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу Бакиев.



Бакиев баштаган азыркы мамлекеттик жетекчилер өз бийлигин ар кандай жолдор менен бекемдөө аракетин жасап жатат деген Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов 24-мартты эл майрам катары таанырына көзү жетпейт:

-Таптакыр колдобойм. Мен ойлойм, эл дагы колдобойт муну. 24-март өтө чоң ойго түшүрө турган күн болду да. Бирок бул майрам эмес.



Талдоочулар арасында деле 24-мартта ыңкылап болду беле же төңкөрүш болду беле деген талаш аягына чыга элек. Өткөн 3 жылда бирин-экин китептер жарыяланып, тегерек үстөлдө талкуу өткөнүн эске албаганда аны таразалоо жаатында дымактуу аракеттер байкала элек. Токтогул Какчекеев 24-мартты ыңкылап күнү катары тааныбаган саясат таануучулардын бири. Буга негиз катары чет өлкөлүк байкоочулардын талдоолорун келтирип жүрөт:

-Тегеректеги ошол эле кошуналар же болбосо илимий мекемелер, тарыхчылар, саясат таануучулар биздегини революция деген жок да. Булар мыскылдаган өңдүү бир айтып келатышпайбы: «саргылт ыңкылап», «кызгылтым революциясы», «мандалак революциясы» деген өңдүү…



Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов тескерисинче, 24-мартты Кыргызстандын тарыхындагы эл мүдөөсүнө жеткен алгачкы ыңкылап болду деп, улуттук майрам деп жарыялоого толук татыктуу дейт:

-Латын сөзүнөн революция деген төңкөрүш деп которулат экен. Ошондуктан, революциябы, төңкөрүшпү кеп анда эмес. Бийлик алмашты. Жаңы саясат башталды. Англиялык революция эмне үчүн революция деп аталды эле? Анткени соңунан саясий система өзгөрүп кеткен. Монархия кулап, Конституциялык монархия орноп, республика түзүлгөн. Буржуазия өнүккөн. Орто Азияда болсо Грузия менен Украинадан кийин Кыргызстанда төңкөрүш болду. Аны саясат таануучулар демократиянын экинчи баскычынын башы деп атаган. Кудай буюрса үчүнчү баскыч да болушу мүмкүн. Ошондуктан, мына бул 24-марттагы окуя көп мамлекеттерге, бийликте турган адамдарга сабак болду. Кыргызстанда 16-жылкы, Анжиян көтөрүлүшү сыяктууларды санасак бардыгы жыйырмага жакын көтөрүлүш болгон. Ал эми революция биринчи жолу болуп атат.

Ошентип, президент Курманбек Бакиев парламент кабыл алган «Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койсо 24-март элдик ыңкылап күнү катары Эгемендик күнүнөн кийинки экинчи улуттук чоң майрам катары белгиленип калат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG