Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Аба ырайы: 17-мартта тоолорго кар түшөт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 17-мартта Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк жерлеринде ал эми калган аймактардын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 5-10 метре жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16 градус болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +1…+6 градус.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус болот.

Күндүн узактыгы: 12 саат.

XS
SM
MD
LG