Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Ирандагы шайлоонун азырга чейинки жыйынтыгы ашкере консерватор президент Махмуд Ахмединежаддын ымалаштары алга озуп чыккандыгын көрсөтүүдө. 14-марттагы парламенттик шайлоодогу добуштардын 65 пайызы саналгандан кийин белгилүү болгондой, Ахмединежадды колдогон катаң консерваторлор 67 орунду, ал эми Ахмединежадды сындаган консерваторлор 46 орунду алышты. Мындан тышкары, реформист саналгандар 30 орунга, ал эми саясий туруму анык болбогон көз карандысыздар 42 орунга ээ болушту.

Радио Фарданын билдиришинче, Ирандын динчил жетекчилери шайлоонун мындай алдын ала жыйынтыгына өтө кубанычта болуп жатышат, себеби алар 2004-жылдан берки парламенттеги үстөмдүгүн сактап калышууда.

Добуш берүүгө 44 миллионго чукул шайлоочунун 60 пайызы катышканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Ирандын эң жогорку жол башчысы Аятолла Али Хаменеи "ичи көңдөй иш-чара" деп бул шайлоону АКШнын жаманатты кылуу аракетин жокко чыгарганы шайлоочуларга үчүн ыраазылык билдирди.

Тегеранда бүгүн тышкы иштер министринин маалымат катчысы Мохамад Али Хосейини Хамеинини бул сөздөрүн кубаттап сүйлөдү:

– Америкалык жана Батыш маалымат каражаттарынын биздин элди шайлоодон үмүтүн үздүрүү жана башка кутумчулугунан, адаттагыдай эле, майнап чыккан жок. Шайлоо бекеттерине эл котолоп келип жатканына өзүбүз күбө болдук.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандын эли ар кыл талапкерлерге добуш бере албагандыктан, шайлоонун жыйынтыгы алдын ала аныкталган деп айткан.

Шайланбаган молдолор менен юристтерден турган Көзөмөл кеңеши 1700 чакты көбүнесе сабырдуу турумдаргы талапкерлерди шайлоого өткөргөн эмес. Aларга Исламга жана Ирандын кине коюлган. Ушуга байланыштуу реформачыл саясатчылар жана көз карандысыз байкоочулар да шайлоону акыйкат эмес деп сынга алышты.

Шайлоонун жүрүшүндө эреже бузуулар болгондугу кабарланды.
XS
SM
MD
LG