Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

17-март Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин уюшулган күнү. Бул күнү айтылуу окумуштуу жана адабиятчы Салижан Жигитов жарык дүйнөгө келген.

17-март Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин уюшулган күнү. СССР Верховный Совети 1944-жылдын февраль айында союздук республикалардын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүшү үчүн атайын кызмат уюштурууга жол ачкан мыйзам кабыл алган.

Мыйзамда союздук республикалардын чет элдик мамлекеттер менен эл аралык байланыш куруп, консулдук өкүлчүлүк ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин VII сессиясы аталган мыйзам алкагында 1944-жылдын 17-март күнү Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын жана Коргоо комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам кабыл алды. Аталган мыйзамда Кыргыз Советтик социалисттик республикасы чет элдик мамлекеттер менен мамиле кура ала тургандыгы белгиленген.

Бул күнү айтылуу адабиятчы, таанымал окумуштуу, көп кырдуу талант ээси Салижан Жигитов 72 жашка чыкмак. Салижан Жигитов 1936-жылдын 17-март айында Ош областынын Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. 1951-ж. туулган айлындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5-орто мектепке келип, 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган.

1962-1965-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият Институтунун аспирантурасында окуп, 1956-жылы кандидаттык диссертацияны, 1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим Академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-түрк «Манас» университети менен байланышкан. Кези келгенде ал-Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. Салижан Жигитов 300 чамалуу илимий, илимий-популярдуу жана популярдуу макалалардын автору болчу.

СССРди сактап калууга арналган Бүткүл союздук референдум 1991-жылдын 17-март күнү өткөрүлгөн. Эгемен Кыргызстандын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы 2002-жылдын 17-март күнү болгон. Камакка алынган А. Бекназаровдун жактоочулары буга чейин Кербен, Жаңыжол, Карасуу жана Сарычелек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү чегине жеткен. Тартипти көзөмөлдөөгө алган ОМОН 17-март күнү Бозпиек айлында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 5 киши өлүп, 80 чамалуу адам жаракат алган.

17-март Ирландиянын коруучусу Ыйык Патриктин күнү катары белгиленет. Уламыштарга ылайык, ыйык Патрик Кайырдин аралга христиан динин алып келип, мындагы жылаандарды жоготкон адам катары бааланат. Бу күнү пиво суудай агып, ыр, күлкү адамдын жан дүйнөсүн ээлейт. Ыйык Патрик майрамы жалаң эле Ирландияда эмес, ирланддар жашаган өлкөлөрдө белгиленет.
XS
SM
MD
LG