Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Бүгүн Аксыда алты жыл мурунку кан төгүүгө байланыштуу Элдик сот --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/55D622B3-822E-4DA3-B2B4-57488335C2C3.asp болот. Ага Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү катары 40тан ашуун, күбө катары 50дөн ашуун адам чакырылган. Аксылык жабырлануучулар алты адамдын өмүрүн алып кеткен ок атууга азыркы бийлик тарабынан да акыйкат баа берилбейт, деген бүтүм менен Аксы окуясына Элдик сот аркылуу баа берүүнү чечишкен. Ошол эле учурда Элдик сот – демократиянын жоболоруна каршы келет деген пикирлер да айтылууда.

Азыркы бийлик тушунда Аксы окуясына адилет чекит коюлбайт, деген бүтүмгө келген аксылык жабырлануучулар Элдик сот өткөрүп, алты жыл мурунку кан төгүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоону элдин таразасына коюшкандыгы тууралуу 29-февраль күнү жалпы элге жарыялашкан.

Андан бери Аксы окуясынын негизги себепкери деп эсептелген Азимбек Бекназаров жетектеген Революциялык комитет 2002-жылкы Коомдук комиссия тарабынан жана өткөн жылы күзүндө экс-депутат Дооронбек Садырбаев жетектеген парламенттик комиссиянын бүтүмүнө таянып, Аксы окуясына айыбы бар деп эсептелген 41 кишиге Элдик сотко чакыруу берген. Алардын ичинде мурдагы президент Аскар Акаевден тартып, ошол тушта жооптуу кызматтарда отурган бардык аткаминерлер, анын ичинде азыркы президент Курманбек Бакиев, жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын жетекчилери жана журналисттер да бар.

Аксылыктар булардын ичинен ким өзүн күнөөлүү эмесмин деп сезсе, келип актанышсын, “менин күнөөм жок” деп далилдеп берсин, деп талап кылышууда. Бирок булардын ичинен Элдик сотко барууга макулдугун бергендер азырынча бирин-экин гана.

Ал эми Элдик айыптоочулар катары Аксы окуясын жакшы билген жарандар, укук коргоочулар тартылган. Элдик соттун башына турууга Кыргызстандын жети облусунан аттуу-баштуу, элге кадыры сиңген аксакалдар чакырылгандыгын билдирген адвокат Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча Элдик соттун негизги максаты – Аксы окуясынын күнөлүүлөрүн элдин таразасына салып аныктоо.

Аксы окуясынын тушунда өкмөт башчы болуп турган азыркы президент Курманбек Бакиев 2002-жылдын 17-март күнү “Тайфун” операциясын ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койгону белгилүү. Курманбек Бакиев бийлик башына келгенде Аксы окуясына чекит коюуга сөз бергени менен, буга байланыштуу болгон соттук чечимдер аксылык жабырлануучуларды канааттандырбай, Аксы окуясындагы кан төгүүгө президент Бакиевдин да тиешеси бар деген күнөм саноолор жыл өткөн сайын күчөп келет.

Бүгүн боло турган соттун айыптоочуларынын бири, 2002-жылкы Коомдук комиссиянын башында турган “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мурдагы бийликтин тушунда болгон окуяга азыркы бийлик чекит кое албагандан кийин, Аксы окуясына мамлекеттик сот органдары аягына чыгара албайт, деп эсептейт:

-Элдин арасында ушул күнгө чейин нааразылык көп да. Мамлекеттик сотко окшоп, Элдик сот түрмөгө сала албаса да, коомдук пикирди жаратат. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес деген чечим болушу мүмкүн.

Аксы окуясына Элдик сот аркылуу чекит коюу укуктук жактан туура эмес, бул-байыркы тарыхка, жапайычылык доорго кайрылуу деген пикирлер да жок эмес. “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” биримдигинин төрайымы Токтайым Үмөталиеванын ою боюнча Элдик сотто териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктайбыз, деген – барып турган сандырактык:

-Бул демократиянын жоболоруна туура келбейт, андай болсо шарияттын сотун да ишке киргизүү керек.

Ал эми Адилет министри Марат Кайыпов Элдик сот мыйзамдан тыш экендигин белгилеп, кылмыш иши боюнча мындай сот жүргүзүү туура эмес, деп билдирди:

-Мамлекет болгон соң, мамлекеттик сот органдары бар. Андан башка сот менен соттоого эч кимдин укугу жок. Адилет чечим болбой калса, аны кайра буздурууга болот. Сотто сөзсүз бир тарап канаттанбайт, сот чечимине.

Ал эми Революциялык комитеттин жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтуусунда аксылык жабырлануучулар Элдик сот аркылуу алты жыл мурдагы өз элине ок аткан бийлик ээлерин аныктап, тарыхка калтырууну көздөп жатышат, деп билдирди:

-Эмне үчүн Элдик сот болуп атат? Алты жылдан бери 17-марттын алдында кылмыш иштери жанданат, бийлик убада берет. Кайра эле апрелде жабылып калат. Ошондуктан, чарчаган жабырлануучулар Элдик сот кылып, Аксыдагы кан төгүүгө кимдер күнөөлүү экендигин тарыхка калтырып коелу, деп атышат да.

Аксылык жабырлануучулар Элдик сот өткөрүү тууралуу 29-февралдагы кайрылуусунда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевден жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Светлана Алиевадан мындан ары Аксы окуясы боюнча бардык кылмыш иштерди кароону токтотууну суранышкан.

Белгилүү болгондой 13-март күнү Башкы прокуратура 2002-жылдын 18-мартындагы ок атууларга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөөнү жандандырды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG