Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ДАЯРДАНУУДА


Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга даярдыктын, камылганын начардыгы спорт коомчулугунда сынга алынууда. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндар спорттун 28 түрү боюнча өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 203 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышмакчы.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат.

Олимпиадалык күч сынашуулар Кытайдын баш калаасы Бээжинден сырткары дагы 6 шаарында болмокчу. Алар Гонг-Конг, Шанхай, Гуанжо, Танжин, Гунхунгдо жана Шенианд шаарларында спорттун айрым түрлөрүнөн мөрөй талашуулар белгиленген. Бээжинден 550 чакырым алыстагы Гуанжо шаарында парус, яхта спорту боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү. Ал эми Бээжинден 1 миң 988 чакырым алыстагы Гонк-Конг шаарында ат спортунун олимпиадалык күч сынашуулар белгиленген. Калган 4 шаарда футбол боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештери болмокчу.

Спорттун 28 түрү боюнча жеңүүчүлөргө 302 комплект медалдар ыйгарылат. Анын ичинен 302 спортчу олимпиаданын чемпиондук алтын медалын тагынат. Олимпиадалык оюндардын жүрүшүн, мөрөй талашууларды дүйнөлүк маалымат каражаттарынын 5 миңден ашуун журналисти чагылдырып, ааламга жар салып турушат.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Бээжин олимпиадасын уюштуруу комитетинин жетекчилеринин кенебестигинен ар кандай көйгөйлөр пайда болууда:

-Жайкы олимпиада оюндарын коноктой турган Бээжинде даярдык иштери кызуу уланууда. Спорт жайлары катар-катар түшүп, турак-жайларды да бүт актап, сырдап жатышат. Бирок спорт дүйнөсүнөн тышкары, оюндардын коопсуздугун камсыздоо маселесине да көңүл буруу зарыл. Ушуга байланыштуу, Кытай бийликтерине эл аралык коомчулук менен алакасын бекемдеп, ошол эле мезгилде өз өлкөсүндөгү саясий оппоненттерин катуу көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк түзүүсү керек. Даярдык тууралуу документтер, иш кагаздары өз мөөнөтүндө жиберилбей, учурунда жооп келбей жатат. Кытайда бюрократия күчтүү экен. Ал түгүл Катар өлкөсүндөгү Дохада өткөн 15-Азия оюндары Бээжинге үлгү болоорлук тажрыйбасы бар эле.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Бектур Асанов маалымдаганына караганда учурда кыргызстандык 9 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Март айынан баштап дагы олимпиадага жолдомо берүүчү бир нече мелдеш, Азия чемпионаттары болмокчу. Бектур Асанов кыргыз спорт жетекчилери баш аягы 20-25 жолдомо алууга июнга чейин аракет кылышаарын кошумчалады.

Кыргызстандык спортчулардан Бээжин олимпиадасына алгачкы жолдомону былтыр күзүндө Бакы шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Базар Базаргуриев жеңип алган. Ал бул дүйнөлүк таймашууда жарым финалга чейин жетип коло байгелүү болуу менен Бээжинге жолу ачылган. 21 жаштагы бурят жигити 3 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат.

Ошондой эле Бакыдагы дүйнө чемпионатында 10 жылдан бери Кыргызстандын атынан күрөшүп мөрөй алып жүргөн Азия чемпиону Алексей Крупняков дагы Бээжин олимпиадасына жолдомо алган. Алексей да мурдагы жылы дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынып, 14-Азия оюндарында жана 15-Азия оюндарында күмүш жана коло байгенин ээси болгон.

Былтыр кыргызстандык суучулдар ийгилик жарата алышты. Өлкөнүн тарыхында бишкектик Юрий Захаров Азия чемпиону аталса, Василий Данилов Макаодо имарат ичиндеги 2-Азия оюндарында күмүш жана коло байге утуп келген. Экөө тең Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, учурда даярдык көрүп жатышат.

Кыргыз спорт тарыхында төрт ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккер былтыр да Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган. Бээжин олимпиадасына жолдомо алган Евгенийдин мындай ийгиликтерге жетүүсүнө Германияда жашап, чет өлкөлүк клубдарда машыкканы өбөлгө болууда дешет спорт адистери.

14-Азия оюндарында чемпион, Азиянын көп жолку чемпиону бийиктикке секирүүчү Татьяна Ефименко мурдагы жылы Дохада күмүш медаль тагынса, былтыр да Азия чемпиону аталуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алган. Ошондой эле эл аралык марафондук жарышта кыргызстандык жөө күлүк Юлия Архипова да Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алган.

Сегизинчи жолдомонун ээси - кыргызстандык таэквондочу Расул Абдураим. Ал Вьетнамда өткөн эл аралык мелдеште мөрөй алуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга жетишкен.

Кыргызстандык мергендерден жаш болсо да үмүт жандырганы мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов. Ал да Азиядагы биринчиликте Бээжин олимпиадасына тогузунчу жолдомону утуп алган.

Эми Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, бокс, жеңил жана оор атлетикадан, спорттун азыркы беш түрүнөн дзюдо жана башка спорт түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап көрүшмөкчү.

Астанада жекшембиде башталган бокс боюнча Казакстандын президентинин кубогуна кыргызстандык 9 мушкер катышууда. Бул турнир бокс боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо ыйгаруучу акыркы мелдеш. Ошондой эле Алматыда да дзюдо күрөшүнөн жеңүүчүлөргө Бээжинге жолдомо берүүчү эл аралык мелдеш өтүүдө.

Жыл аягында Дене тарбия жана спортту координациялоо боюнча улуттук кеңеш тузүлүп, төрагалык тизгинди президент Курманбек Бакиев өзү колго алып, Бээжин олимпиадасына даярдык көрүүнү көзөмөлгө алууга убада берген. Кыргыз спортунун чыныгы жүзүн, чама-чаркы быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндар таразалап койгону турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG